“Ипотекага алып, кайра ижарага берген батирлерди биз Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кайтарып алабыз”, — деп билдирди президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.
Буга чейин айрым ЖМКларда Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилген батирлер ижарага бериле турганы тууралуу жарыялар тараганын жазып чыгышкан.
“2024-жылы 1059 батир тапшырылды. Алардын бирөөсүнүн да батирди башка адамга ижарага берүүгө укугу жок. Андай кылганы такталса, дароо батирди мамлекетке кайтарып алып, кезекте турган кийинки адамга беребиз. Батирдин ээси ипотеканы толугу менен төлөп бүтүп, документтерин колуна алгандан кийин каалаганын жасаса болот”,-дейт Туманбаев.
“Мамлекеттик ипотекалык компания батирлерди ипотека аркылуу берүүдө негизги принциптерди карманат, жана аларды жалаң гана өз үй-жайы жок жарандарга сунуштайбыз. Үлүштүк салым менен катышуу механизми колдонулат, анда батирдин наркынын 50% төлөгөн адамдарга берилет. Батирлерди ижарага берүүгө же сатууга тыюу салган нормаларды киргиздик.