Коргоо министрлигинин кампасында турган 4 миллион сомдук материалдык баалуулуктар уурдалганы аныкталганын Башкы прокуратурадан билдиришти.
«Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери менен бирге кылмышка тиешелүү башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө», — деп жазылган маалыматта.