Үстүбүздөгү жылдын 3-февралында Япониянын премьер-министринин атайын өкүлү Акихиса Нагашима Кыргызстанга иш сапары менен келет.
Маалыматка ылайык, Япониянын премьер-министринин атайын өкүлүнүн сапарынын алкагында кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин талкууланат, ошондой эле “Борбор Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын биринчи саммитине даярдык көрүү маселелери каралмакчы.