Пятница, 31 января, 2025
-4.9 C
Бишкек

ТИМ: Орусия миграциялык мыйзамына 30тан ашык жаңы мыйзам кабыл алды

Бүгүн, 29-январда Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болду. Анда Россия Федерациясындагы миграциялык мыйзамдардагы өзгөрүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Россия миграциялык мыйзамына 30тан ашык жаңы мыйзам кабыл алды. Ар бир өлкө коопсуздук жана башка себептерден улам миграциялык мыйзамдарын өзгөртүүгө жана оңдоого укуктуу экендигин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров билдирди.

“30-июлдан баштап Россия Федерациясына кирүүчү ар бир кыргызстандык жаран келээрине 72 саат калганда өлкөгө кирүүсү тууралуу билдирүү жөнөтүп, сапарынын максатын айтышы керек. Аны менен катар, эмгек мигранттары 1-апрелге чейин укуктук статусун аныктап, документтерин тууралап алышы зарыл”,-деди ал.

Аны менен катар Орусияда иштеп жаткан жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшырып, эмгек келишими, медициналык кароодон өтүү жана каттоого туруу сыяктуу мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды так аткарышы керектигин баса белгиледи.

ТИМдин расмий маалыматына ылайык, 2024-жылдын 1-октябрына карата 377 миңдей кыргызстандык жаран Орусияда миграциялык каттоого алынган.

Эске сала кетсек, быйыл 1-январдан тарта Орусияда чет элдик жарандар үчүн жаңы эрежелер киргизилген. Ага ылайык, тийиштүү уруксат документтери жок чет элдиктер бир жылдын ичинде Орусия аймагында 90 күндөн ашык жүрө албайт. Миграциялык каттоону жаңыртуу үчүн өлкөдөн чыгып-кирүү да жараксыз болот. Андан тышкары 5-февралдан тарта өлкөдө мыйзамсыз жүргөндөр атайын реестрге киргизилип, алардын жүрүм-туруму бир катар чектөөлөр менен катуу көзөмөлгө алынат.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар