Трамп жашы жете электердин жынысын өзгөртүү боюнча медициналык процедураларды каржылоону токтотуу тууралуу жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, 19 жашка чыга элек адамдарга жынысын өзгөртүү боюнча операциялар же гормоналдык терапиялар үчүн мамлекеттик каражатты колдонууга тыюу салынат.
«Бул кооптуу тенденция өлкөбүздүн тарыхында кара так болуп калат. Аны токтотуу зарыл», — деп айтылат Ак үй тараткан билдирүүдө.
Ошондой эле Трамп Саламаттык сактоо министрлигине балдардагы гендердик дисфорияны дарылоо боюнча сунуштарды карап чыгып, 90 күндүн ичинде жаңы отчет берүүнү тапшырды.