whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.03.2025
12.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятМаданиятБишкекте Өзбекстандын кино күндөрү өтөт

Бишкекте Өзбекстандын кино күндөрү өтөт

Бишкекте 15-16-майда Өзбекстандын Кыргызстандагы кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Эки күнгө созулган кино күндөрүндө көрүүчүлөргө өзбек тасмалары «Россия» кинотеатрында акысыз көрсөтүлмөкчү.

Программасы:
— 15-май, саат 18:30 — «Абдулла Орипов» (реж. М.Эркинов);
— 16-май, саат 16:30 — «Стойкость» (реж. Р.Маликов), саат 18:10 — «Өзбек кызы» (реж. А.Бектурдиева) тасмалары тартууланат.

Кинолор көрсөтүлгөндөн кийин көрүүчүлөр авторлор менен тасманы талкуулоого мүмкүнчүлүк алышат.

Белгиленгендей, маданий иш-чара Кинематография департаменти, Кыргызстан кинематографисттер союзу, «Кыргызтасмасы» мамлекеттик киноборбору мекемеси жана Өзбекстандын маданият министрлигине караштуу Кинематография агенттиги менен биргеликте уюштурулууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар