Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Австрия Республикасына расмий сапар менен жөнөп кетти.
Расмий сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.
Ошондой эле Нурланбек Шакиев Австрияда, Чехияда жана Словакияда жашаган мекендештер менен да жолугушат.