Эдил Байсалов Пакистандын ТИМ башчысы менен Улуттук госпиталга барып, 18-май түнү Бишкектеги чыр-чатакта жабыркаган пакистандык жарандын абалын сурашты.
Тараптар акыркы окуялар кыргыз-пакистан достук мамилесине доо кетире албастыгын белгилешкен.
«Бул окуя эки бир тууган мамлекеттин жакындыгын жана бири-бирине болгон ишенимин сынады. Эки өлкө жакын болушу үчүн бардыгын жасашыбыз керек», — деген Байсалов.
Ал министр Мухаммад Исхак Дарды окуяга күнөөлүүлөр жоопко тартыларын, студенттер коопсуз болоруна билдирди.