Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Сузак районунун Карамарт айылынын Баймаала тилкесинде 14 үй-бүлө коопсуз аймакка убактылуу көчүрүлгөн. Бирок, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов баштаган жумушчу топ барган учурда 4 үй-бүлө туруктуу ордуна кайтып келип, турмуш-тиричилигин улантып жаткандыгы аныкталды.
Министрдин орун басары берилген эскертүүлөр канчалык деңгээлде аткарылып жаткандыгын көзөмөлдөнүп, жергиликтүү көчүрүү комиссиясынын алып барган жумуштарына баа берилерин айтты.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында табигый кырсыктардын түрлөрү боюнча 1020 кооптуу аймак бар. Аталган жерлерде 1067 үй-бүлө турмуш-тиричилигин улантып келүүдө. Ал эми турак жайлардын 650сү Сузак районунда жайгашкан.