whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.05.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстан менен Пакистан ТИМ башчылары жолугушту

Кыргызстан менен Пакистан ТИМ башчылары жолугушту

 Күн мурун Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан мамилелерин чыңдоо, соода, инвестиция, транспорттук коммуникациялар, текстиль өнөр жайы, туризм, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка чөйрөлөргө байланышкан маселелерди талкуулашты.

Пакистандык студенттердин Кыргызстанда жүрүшүнө байланыштуу Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлгөнүн билдирди.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын алдындагы ыктыярдуу коомдук уюмдар эки өлкөнүн жаштарынын ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында бир катар иш-чараларды өткөрүшүүдө.

Министр үстүбүздөгү жылдын 13-майында болгон окуя боюнча тыкыр иликтөө жүрүп жатканын, анын жыйынтыгында күнөөлүүлөр мыйзам чегинде катуу жазаланаарын баса белгиледи.

Өз кезегинде, Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар кырдаалды жөнгө салуу боюнча кыргыз тараптан ыкчам көрүлгөн чаралар жана күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча конструктивдүү өз ара аракеттенүү үчүн ыраазычылык билдирди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар