Кыргызстанда акыркы коңгуроо иш-чарасы учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана көзөмөлдөө күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Ички иштер министрлигинен коопсуздукту камсыздоого жалпы 4 миңден ашык кызматкер тартылат. Алар орто мектептердин аймагына бөлүштүрүлүп, коопсуздукту камсыздашат.
«Айрыкча бүтүрүүчүлөрдын кандайдыр бир укук бузууларына жол бербөө үчүн алдын алуу иштери күчөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.