whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.06.2025
34.9 C
Бишкек
Башкы беткеСпорт жана туризмСпортДзюдочу Эрлан Шеров дүйнө чемпионатында коло утту

Дзюдочу Эрлан Шеров дүйнө чемпионатында коло утту

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло утту.

90 кг салмакта күч сынашкан Эрлан Шеров жарым финалга чейин жетип, финалга чыгуу үчүн япониялык Гоки Тадзима менен кез келген. Бирок жеңилүү ызасын тартып калып, коло үчүн күрөшө турган болгон.

Үчүнчү орун үчүн кармашта Шеров италиялык Кристиан Парлатини жеңип, коло байгенин ээси болду. Муну менен Эрлан Шеров дүйнө чемпионатында байге алган биринчи кыргызстандык дзюдочу болуп калды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар