Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравия Падышалыгынын тышкы соода башкы башкармалыгынын жетекчиси Мухаммад бин Абдулазиз Аль-Абдуль Аль-Жаббар менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Сауд Аравиянын соода байланышын арттыруу маселеси талкууланды.
Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, анда элчи Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ортосундагы алака жакшы нукта өнүгүп жатканын, эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда байланыш түзүүдө Кыргыз-Сауд ишкердик кеңешинин орду чоң экенин белгилеп, соода тармагында кызматташууну кантип арттырууга болору тууралуу кеп кылды.
Мухаммад бин Абдулазиз Аль-Абдуль Аль-Жаббар САП Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдирип, экспорт маселеси боюнча жана Кыргыз-Сауд ишкердик кеңешинин ишин активдештирүүгө көмөк көрсөтөрүн билдирди.