«Бүгүнкү күндө социалдык контракттын түздөн-түз пайдасы 70 миңден ашуун адамга тийип, аларды жетиштүү турмуш менен камсыздалышына өбөлгө болду,»- деди Садыр Жапаров кеңешмеде сөз сүйлөп жатып.
“Социалдык контракт” программасын үч жыл мурун Баткен облусунун Кадамжай районунан жана Нарын облусунун Жумгал районунан 100 гана адам катышкан пилоттук долбоордон башталган. Пилоттук долбоор жакырчылыкта жашаган жана балдарына жөлөк пул алган үй чарбаларына багытталган. Мындай жарандарды өз бизнесин ачууга жана өз алдынча үй-бүлө кирешесин түзүүгө үндөө — так ушул “Социалдык контракт” долбоорунун милдети болгон.
Бүгүнкү күндө дээрлик 13 000 адам “Социалдык контракттын” аркасы менен бизнес-идеяларын ишке ашырып, жумуш орундарын түзүп, үй-бүлөсүнүн жана жергиликтүү коомчулуктун өнүгүүсүнө реалдуу салымын кошо баштады.
«Эки жылдын жыйынтыгын баамдап көрсөк, “Социалдык контракттын” катышуучуларынын 77 пайыздан ашыгы апта сайын 5 000 сомго чейин киреше алышса, 22 пайыздан ашыгы 10 000 сомго чейин апталык киреше алып жатканы белгилүү болду.Бул социалдык келишимге катышкандар үчүн да, жалпы мамлекет үчүн да экономикалык натыйжанын жана жетишкендиктин далили!» — деди президент.