Пятница, 27 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Садыр Жапаров октябрдан баштап пенсия 6 800 сомдон кем болбой турганын айтты

Кыргызстанда 1-июлдан тарта пенсияны көтөрүүнүн биринчи этабы башталат. Бул тууралуу «Жаңы кадам» социалдык мобилизициялоо боюнча кеңешмеде президент Садыр Жапаров билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, буга чейин пенсияларды көтөрүү 2024-жылдын 1-октябрына белгиленген.

«Мен Социалдык фонддун жетекчилиги менен сүйлөштүм. Андан соң пенсияларды көтөрүүнү 2024-жылдын 1-июлунан баштоо чечими кабыл алынды. Минималдуу пенсиялык төлөм 6 миң 800 сомдон кем болбойт», — деди ал.

Учурда Кыргызстанда пенсиянын эң аз төлөмү 2000 сомду түзөт.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар