Кыргызстандык марафончу жөө күлүк Илья Тяпкиндин Париж олимпиадасына алган жолдомосу жокко чыгарылды. Бул маалыматты өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов ырастап, И.Тяпкиндин спорттук рейтингдик көрсөткүчтөрү олимпиадага жолдомо алууга дал келбегендиктен ушундай чечим кабыл алынганын билдирди.
Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика уюму 12-майда Париж жайкы олимпиада оюндарына норматив толтуруп, жолдомо уткан спортчулардын тизмесин расмий жарыялаган. Ага Кыргызстандан марафончу жөө күлүктөр Илья Тяпкин менен Сардана Трофимова кошулганын угуп, спорт күйөрмандары сүйүнүп жатышкан. Төрт күндөн кийин Тяпкин тизмеден алып салынган. 32 жаштагы Илья Тяпкин 2016-жылы Рио-де-Жанейро олимпадасына катышып, байгелүү орунга илинген эмес. Эми Париж олимпиада оюндарына Сардана Трофимова гана аттанмакчы.
К.Аманкулов олимпиада оюндарына Токио олимпиадасынын катышуучусу, 1500 метр аралыкта Азия чемпиону Нурсултан Кеңешбеков жолдомо алып калышы мүмкүндүгүн белгиледи. Ал үчүн 24 жаштагы Нурсултан жакын арада Европа өлкөлөрүнүн бириндеги эл аралык турнирге катышып, алдыңкы орунду ээлеши зарыл.
Учурда 12 кыргызстандык спортчунун Париж олимпиадасына жолдомосу бар. Алар: балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, балбан жигиттер Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев, сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов жана жөө күлүк Сардана Трофимова.
Кечээ Таиланддын борбору Бангкокто башталган бокс боюнча дүйнөлүк турнирге кыргызстандык 6 бокс чебери катышууда. Анда Париж олимпиадасына 28 жолдомо ойнотулмакчы. Алардын жолдомо алуу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Ошондой эле бул күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан дзюдо боюнча дүйнө чемпионатынын жыйынтыгына жараша байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга да жолдомо ыйгарылып калышы ыктымал. Спорттун башка түрлөрүнөн дагы эл аралык федерациялардын квотасы боюнча жолдомолор берилиши мүмкүн.
Эгемен өлкө болгону 1996-жылкы Атланта олимпиадасынан бери жайкы олимпиада оюндарына кыргызстандык 180дей спортчу катышканы менен бирөө дагы алтын медаль алыша элек. 3 күмүш, 4 коло байге алышкан. Быйыл Париж олимпиадасында балбандар алтын байгенин эсебин ачат деген күйөрмандардын үмүтү чоң.