Ар бир 1-сентябрь, ар бир акыркы коңгуроо сайын Биринчи мугалимди, Дүйшөндү эстейбиз. Анан барып, өткөн кылымдын 20-30-жылдарында кадимки биринчи мугалим Дүйшөндүн өзүнөн билим алышкан саналуу окуучулар да эске түшөт. Дүйшөн алгачкы мугалим болгондой эле, алар да алгачкы окуучулардан болушкан.
Өз кезегинде алар да алган билимдерин окуучуларына үйрөтүп, кийинки муундун келечеги үчүн жаркын из калтырып кетишкенин да билебиз.
Алар: Алтынайдын замандашы – математика мугалими Сыдыков Жумабай, эчен жыл окуу-тарбия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп берген Кубанычбек Мамырбаев, көп жыл бою мектептин директору, физика мугалими Дарика Өзгөнова.
Ал мугалимдер Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалиминин” баш каарманы Дүйшөндүн өзүнөн билим алгандар болсо, азыркы учурда жаңы курулган кош кабаттуу мектепте окуучуларына билим берип жаткан мугалимдер: химия, биология мугалими, чейрек кылымдан бери өмүрүн окуучуларына арнап койгон эл агартуунун мыктысы Бермет Төлөбаева, ошончо мезгилден бери орус тилинен сабак берип келген, Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасына татыган Назира Үсөналиева, башталгыч класстарына көп жылдар бою сабак берип жаткан Клара Казыбекова да Дүйшөндүн окуучусу – академик Алтынайдын урпактары десек да болот.
Арийне, Дүйшөндүн ысымын көп жылдан бери алып келаткан так ушул орто мектептин директору, билим берүүнүн чыгаандарынын бири Нурслан Казыбековдун дагы эмгеги алкоого татырлык.
Бул мектеп мындан бир кылым мурда даңазалуу биринчи мугалим Дүйшөн көксөгөн, кыялданган мектеп эмеспи. Андан бери канча суулар акпады. Мугалимдердин канча мууну сабак бербеди, окуучулардын канча мууну билим алышпады. Тарых бетинде калган тагдырлар жаралды, жаркын үмүт жашоолор ишке ашты.
Ооба, бул мектепке кээде барып калганыбызда, ушул жарашыктуу салынган кош кабат мектепте Дүйшөндүн урпактары билим берип жатканын купуя ойлонбой да койбойт
экенсиң.
Ошол өткөн кылымыбыздын агартуучусу мугалим Дүйшөн сыяктуулар ата журтубуздун, өлкөбүздүн бүт жерлеринен тартып, тээ түпкүрлөрүндөгү ар кайсы кокту-колот, сай-сайлардан көчүрүлүп келип, чакан-чакан болуп отурукташтырыла баштаган айылдардын мугалимдери – Дүйшөндөрү болгон.
Биз жогоруда учкай гана кеп козгогон бул даңазалуу мугалимдин аты коюлган мектеп Чыңгыз Айтматов районундагы Арчагул айылынын так ортосунан орун алган. А Арчагул айылы болсо Ч.Айтматов төрөлүп-өскөн Шекер айылы менен ирегелеш, улагалаш. Болгону, бул эки айыл-дын ортосун Күркүрөө дарыя-сы бөлүп турганы болбосо, бир эле айыл деп айтсак дагы аша чапкандык эмес. Бул эки айылдын эли да бирин-бири жакшы билишет.
Бүгүнкү күндө бул мектептин 330 окуучусуна 24 мугалим билим берүүдө. Жана да акыркы коңгуроо күнүндө 21 окуучусун мектептен учуруу аземин өткөрүү алдында турушат. Акыркы коңгуроо азем күнүңөр кут болсун, Дүйшөндүн урпактары!
Жумабек ТОКТОГАЗИЕВ, жазуучу