Акыркы 25 жыл ичинде Бишкек шаарынын аянты 1,5 эсеге чоңоюп, учурда анын территориясы 187 чарчы километрге жетти. Ошону менен бирге эле шаар калкынын саны да өстү. Шаарга караган 57 жаңы конуштун калкын кошо эсептегенде Бишкектин калкынын саны учурда 1 млн. 145 миң адам. Кыскача айтканда, азыр жаңы конуштар шаар территориясынын 30 пайызын ээлейт. Ошону менен бирге эле жер участоктору толук такталып, шаардын кайсы бир районуна мыйзамдуу каратыла элек саналуу жаңы конуштар да бар. Өкүнүчтүүсү, кийинки жылдарда так ушул жаңы конуштарда өспүрүмдөр, окуучулар арасындагы бейбаштык, кылмыштуулук жылдан жылга көбөйүп бара жатат.
Эркиндик бар, көзөмөл жок
“Шибегени капка ката албайсың” дегендей, шаарды курчаган жаңы конуш мектептеринде окуучулар арасындагы бейбаштык, кылмыштуулук жыл санап өсүп бара жатат. Муну укук коргоо кызматкерлери өздөрү да моюндап, ата-энелер балдарына толук көзөмөл кыла албай калганын айтышууда. Көпчүлүк жаңы конуштарда өлкөнүн ар тарабынан келгендер, батирде жашагандар көп болгондуктан анын баарын участкалык милиция кызматкери көзөмөлдөй албайт. Андыктан балдардын ар кандай кылмыштарга кириптер болуп жатышына биринчи кезекте ата-энелер өздөрү жоопкерчиликтүү болушу керек. Жоопкерчиликтүү дегеним, азыр кайсыл жаңы конушка барба түнкү саат 11-12лерде балдар аянтчасында отурган өспүрүмдөрдү кезиктирүүгө болот. Мындай эркиндиктен улам азыр 6-7-класстардын окуучулары насвай атып, тамеки чегип, энергетикалык суусундуктарды ичип жатышканы жашыруун эмес. Ошондой эле 8-9-класстардын окуучулары пиво ичип, клей жыттап, уурулук кылып, адам тоноого барып жатышат. Эң өкүнүчтүүсү, учурда жаңы конуш мектептериндеги окуучу кыздар тамеки чегишип, айрымдары кош бойлуу да болуп калышууда. Бирок, мындай фактылардын көбү мектеп директорунун, ата-энелердин кийлигишүүсү менен ачыкка чыкпай, көмүскө бойдон калып келет. Ошондой эле азыр жаңы конуштарда синтетикалык наркотиктерди таратууга, үйлөрдү тоноого, мечиттин садака жашигин талкалоого катышкан өспүрүмдөр да жок эмес. Буга жөнөкөй эле бир мисал, өзүм жашаган Калыс-Ордо жаңы конушунда өткөн жылы “Принцесса Дури” интернет дүкөнүнүн маңзаттарын таратуучулары кармалса, быйыл ыйык орозо айында жаңы конуш мечитинен акча, бут кийимдер, баалуу буюмдар уурдалып, садака жашиги тонолду. Кайдыгерликтенби же мындай фактылар ИИМге көнүмүш адат катары болуп калганбы, айтор, бул боюнча участоктук милиция кызматкерлерине убагында кабарланганы менен эч кандай жыйынтык чыккан жок. Ошентип бир жагынан өспүрүмдөргө ата-энелер жагынан көзөмөл болбой, экинчиден, алар жазасыз калган үчүн жогоруда айтылган терс көрүнүштөр азайбай, тескерисинче, көбөйө баштаганы кооптондурат. Өткөн жылы бул көйгөйдү Жогорку Кеңештин айрым депутаттары көтөрүп, бирок, негедир тиешелүү натыйжа чыккан жок.
Түшүндүрүү иштери жеткиликсиз
Насвай демекчи, бул тамекиге караганда адам саламаттыгы үчүн олуттуу зыян келтирүүчү наркотикалык зат. Борбордук Азия өлкөлөрүндө, айрыкча, Кыргызстанда насвай көмүскө, антисанитардык жерлерде өндүрүлүп, ага ар кандай зыяндуу заттар кошулуп жасалат. Насвайдын кесепетинен коңшу Казакстанда ар жылы 500дөй адам ооз көңдөйүнүн онкологиялык оорусу менен катталып, 300дөй адам каза болору аныкталган. Ошол себептен 2015-жылы бул өлкө президенти Касым-Жоомарт Токаев насвай өндүрүүгө мыйзамдуу көзөмөл киргизген. А дарыгерлердин айтымында, тамекиге караганда насвайда никотин он эсе көп болот. Ошол себептен ал эрин, тил, кекиртек рагына алып келип, ички органдарды, психиканы жана тиштерди бузат. Тилекке каршы, мындай маалыматтар мектептеги класстык сааттарда, ата-энелер чогулуштарында жеткиликтүү түшүндүрүлүп, мыйзам чегинде аны таратууга тыюу салынбагандыктан Кыргызстанда окуучулардын 10-15 пайызы насвай колдонуп жатышат. Мектеп мугалимдеринин айтымдарында, учурда мектеп дааратканаларында насвай түкүрүктөрү, тамеки калдыктары таң калычтуу көрүнүш деле болбой калган. Мугалимдердин айтуусу менен жакында эки мектептин дааратканасына баш багып, базардын чок ортосундагы кароосуз калган дааратканага киргендей болуп иренжидим.
Албетте, буга ошол эле мектеп директорун, мугалимдерди айыптасак да болот. Бирок, насвай, тамеки тартууну бала алгач улуулардан көрүп, үйрөнүп жатпайбы. Ошол эле кезде ал базарларда, мектеп жанындагы дүкөндөрдө апачык эле сатылып жатат. Андыктан, ар бир ата-эне балдарына насвайдын, тамекинин, энергетикалык суусундуктардын, электрондук тамекинин зыянын күн алыс түшүндүрүп туруусу керек. Буга кошумча мектептерде булардын канчалык зыяндуу экени жөнүндө видеороликтер көрсөтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлсө жакшы натыйжа болмок. А жосунсуз жоруктары үчүн өспүрүмдү уруп-сабоо, урушуу менен бул маселе оң жагына чечилбесин баарыбыз жакшы түшүнөбүз.
Ашыкча болушуу алыска алып барбайт
Бүгүнкү күндө окуучуларда кездешип жаткан дагы бир жагымсыз көйгөй алардын оройлугу, маданиятсыздыгы, түркөйлүгү. Албетте, ошондой жүрүм-туруму бар балдар дагы кимдир бирөөлөрдүн “сүймөнчүктүү” уулу, кызы. Бирок, ошол ата-энеси жерге, сууга тийгизбей мактаган окуучулардын көбү автобуста, коомдук жайларда сызгырылта сөгүнүп, какырынып-түкүрүнүп, улуу-ларга орун бербей чөнтөк телефон көрүшөт. Аларга азыр улуу муундагылар да бир нерсе айтуудан айбыгышат. Себеби, ата-энелери аларды жөнү жок коргой берип чын тийбес болуп бүтүшкөн. Элдин эсинде болсо, союз доорунда окуучуларга ар тараптан акыл-насааттар айтылып, жаман жоруктардан чектөөлөр болуп турган. Кесиптешибиз Тынчтык Алтымышев фейсбук баракчасына жазгандай коомдогу зомбулуктун, зөөкүрлүктүн, шумпайлыктын өкүм сүрүшүнө балдардын, неберелердин чоң ата, чоң эненин, аксакалдардын, кошуна-колоңдун тарбиясынан ажырап калышы да себепкер болуп жатат. Тескерисинче, бизде балдарын мугалимге, кошунанын балдарына, айылдаштарына каршы тарбиялоо адатка айланып бара жатканы өкүндүрөт. Учурда “атасы болушчаактын баласы, энеси болушчаактын кызы ыйлаак” болуп, бирдеме дей электе улууларды беттен алган окуучулар бар. Мындай тарбия эртеби-кечпи ата-эненин өзүнүн башына тийген таяк болорун аңдагандар аз. Ошондуктан баланы коргоодон мурун ата-эне алгач баласынын кылганы туура же туура эместигин анализдегени оң. Эгер анын кылганы туура эмес болуп жатса элдин көзүнчө кыйкырып урушпай, өз алдынча түшүндүрүп айтуу керек. Анткени кандай бала болбосун жай айтылган сөзгө көңүл бурат. Тажрыйба жүзүндө алып караганда деле, окуучулар ачуулуу мугалимге, ата-энеге караганда жумшак мугалим, ата-энеге баш ийет.
Рэкетчиликти, тоноону кантип тыябыз?
Жаңы конуштардагы өспүрүмдөр арасындагы эң орчундуу көйгөйлөрдүн бири – мектеп рэкетчилиги жана тоноо. Муну азайтуу багытында ар түрдүү иш-чаралар уюштурулганы менен бул тыйылган жок. Тескерисинче, бул жыл сайын күч алып бара жатат. Себеби, жогоруда мисал кылганыбыздай, азыркы замандын чектен чыккан окуучуларына эми тамеки, насвай, энергетикалык суусундукка, ашыкча шаан-шөкөттөргө акча керек. Айласы кеткен окуучулар курбусунан кем болуп калбаш үчүн түрдүү жолдор менен акча табууга барат. Ошентип мектептеги уурулук, тоноо келип чыгып жатат. Ошондуктан ата-энелер балдарын ашыкча бапестей бербей, бар жокту эрте түшүндүрүшү керек. Балдар үчүн ыңгайлуу, жеңил жумуштар чыкса баланы иштетүү ашыкча болбойт. Бул жагынан биз арданбай эле дунган, өзбек, тажиктерден сабак алсак болот. Анан Япония, Кытайдагыдай балдарды мектепте эмгек кылдыртып, физикалык көнүгүүлөрдү жасатып, аларга ата-энелердин ар кандай иштерде кыйналып жүрүшкөнү тууралуу видеолорду байма-бай көрсөтүшүбүз зарыл. Ошондо окуучу ак эмгек, акча табуу, жан багуу, бала тарбиялоо оңой эмес экенин аңдап билет. Азыр биздегидей класстык сааттарда жугумсуз сабак өтүү, акыл айтуу балдарга анчейин таасир этпейт. Ошондуктан “миң уккандан бир көргөн” дегендей, өспүрүмдөргө киреше табуунун кыйынчылыгын тажрыйба жүзүндө сезгидей шарт түзгөнүбүз оң болот. Анын бир гана жолу баланы кара жумушка иштетип, акча табууну үйрөтүү. А жаны кыйналып акча тапкан бала эч качан бирөөнүн тыйынын, баалуу буюмун тартып албайт. Муну жасабай туруп биз бирде милиция кызматкерлерин, бирде мугалимди айыптоону адатка айлантып алдык. Менин баамдашымча, жайкысын элеттик окуучулар гана кара жумуш кылбаса, жаңы конуштардагы окуучулардын көбү телефон тиктемей менен убакыт өткөрүшөт.
Кабатырланткан “каргы”
Жакында эле Биринчи май РИИБи жаңы конуштарда өспүрүмдөрдү тартипке салуу боюнча рейд кылды. Албетте, мындай рейд жүргүзүү да кандайдыр бир деңгээлде бейбаштарды ооздуктоого жардам берет. Бирок, айрым жаңы конуштардын территориясы чоң болуп, өспүрүмдөр баш калкалоочу кычыктар көп экендигин эске алганда бир рейд менен эле кылмыштуулук токтоп калбайт. Аны азайтуу үчүн алгач жаңы конуштарда балдарды кызыктыра турган машыгуучу спорттук жайлар, мектептерде системалуу иш алып барган ар кандай ийримдер, окуучуга өнөр үйрөтө турган төлөм акысы төмөнүрөөк мекемелер болушу керек. А биздин 57 жаңы конушта окуучуларды тарта турган мындай жайлар жокко эсе. Болгону мектептердин футбол аянтчасы менен эптеп артып калган жерлерге курулган балдар аянтчалары бар. Жаңы конуштарда азыр муниципалдык заманбап кинотеатр, заманбап бассейн, машыгуучу зал, китепкана көрбөйсүң. Жеке менчик футбол, волейбол аянтчаларынын, билярд клубдарынын төлөм акысы катардагы окуучунун капчыгына туура келбейт. Анан өспүрүмдү телефон тиктеп, клей жыттап, уурулук кылганына күнөөлөйбүз?! Башкача айтканда, жаңы конуштарда баланы кызыктыра турган жагымдуу чөйрө жок. Шаардагы спорт клубдарга, ийримдерге берүүгө жаңы конуш тургундарынын дарамети чектелүү. Эгер мектептеги мугалимдер алып барбаса жаңы конуштардагы окуучулар ошол эле циркти, кинотеатрды мектепти аяктагыча деле көрбөй өсмөк. Бул ачуу чындык. Буга айрым ата-энелер арданбай койсок деле болот.
Кыскасы, азыр маани бербегенибиз менен жаңы конуштарда же адабият, маданиятты, шаар турмушун кыйратып түшүнбөй, же элеттик жашоо, табият менен таттуу мамиледе болуу, нарк-насилди тутунуу, туугандашуу, ар кандай турмуштук кыйынчылыкка туруштук кыла билүүнү билбеген түшүнүксүз муун өсүп жатат. Алардын кыялы эртерээк мектепти, окуу жайды аяктап кайсы бир чет өлкөгө сапар алуу. Маданияттын, илим-билимдин очогу болгон борборубуздун моюнунда мына ушундай “жаңы конуштардын өспүрүмдөрүнөн” турган каргы илинип турат. Андыктан, буга көз жумганга болбойт.
Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»