21-майда Президент Садыр Жапаров Талас облусундагы “Бала-Саруу” ГЭСин ишке киргизди.
Бул кичи ГЭС Киров суу сактагычынын төмөнкү бъефинде жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератору менен курулган. Электр энергиясынын орточо жылдык иштеп чыгуусу 92 млн. кВт/саатты түзөт. Бул облустун эки районунун 19 миң абонентинин электр энергиясына болгон керектөөсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Эскерте кетсек, “Бала-Саруу” ГЭСи – Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы чакан ГЭС куруу боюнча жүзөгө ашырылган алгачкы мамлекеттик долбоор.
Ушуга байланыштуу пикирлерди келтирип коюуну туура көрдүк.
«Дордой» ассоциациясынын ардактуу президенти
Аскар САЛЫМБЕКОВ:
«Кыргызстан үчүн бул – чоң жетишкендик»
– Киров суу сактагычындагы «Бала-Саруу» жаңы ГЭСи иштей баштаганы – өлкөбүз үчүн чоң жетишкендик. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мындай маанилүү объект өз күчүбүз менен салынды. Бул долбоордун ишке ашуусунда Өлкө башчысынын салымы өтө орчундуу, анын эрктүү чечими менен стратегиялык объект өлкөбүздүн энергетикалык потенциалын жогорулатуу максатында элибиздин кызыкчылыгы жана бакубат жашоосу үчүн салынып, колдонууга берилди.
Буюрса, эми башка суу сактагычтарда да ушул сыяктуу ГЭСтер салына баштайт. Келечекте мындан да чоң долбоорлор ишке ашырылышына ишенем.
Саясат таануучу Алмазбек АКМАТАЛИЕВ:
«Мыкты улуттук долбоор ишке ашты!»
– Эгемен Кыргызстан өзүнүн каражатына, өзүнүн долбоору жана өз куруучуларынын эмгеги менен биринчи ГЭСин ишке киргизип алды. Бул түшүнгөн кишиге чоң жеңиш. Көптөн кабар берчү, зор үмүт арта турган мыкты улуттук долбоор ишке ашты!
Бул башталышы гана деп атышат. Ылайым эле ошондой болсун. Ар бир тармакта, ар бир облуста көзгө көрүнөөр, ири объектилер ишке кире баштады. Кара Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата биринчи чоң объект так ушул ГЭС болуп калды көрүнөт! Бул да терең символика.
Талас электр тармактар ишканасынын директору Акылбек СУЛТАНОВ:
“Токтогул ГЭСиндеги сууга да үнөм болот”
– Бул чакан ГЭС облусту электр энергиясы менен 25% камсыздайт. Ал «Чакан ГЭС» ишканасы тарабынан курулуп, Талас электр тармактар ишканасы тарабынан жалпы 6,4 км аба чубалгысы тартылды.
Чакан ГЭСтин бир жылда өндүрүп чыккан электр энергиясы 92,8 млн. кВт/саатты түзөт. Облустун жылдык керектөөсү 443 млн. кВт/сааттын тегерегин түзөт. Башкача айтканда Токтогул ГЭСинен алган электр энергия 92 млн. кВт/саатка чейин аз алынып, Токтогул ГЭСинде 265 млн. куб суу үнөмдөлөт.
Талант Молдобаев “Керемет” электр-монтаждык компаниясынын директору:
“Керектөө өсүп жаткандыктан иштеп чыгаруу да көбөйтүлүүгө тийиш”
-Албетте? Кыргызстандын электр энергиясы жетишсиз болуп жатканда бул ГЭСтин ишке кириши кубанычтуу окуя. Өзүңүздөр билгендей, азыр электр энергиясынын жетишсиздигинен Бишкектеги абоненттерге саатына 5 кВт/ сааттык чектөө киргизилип жатпайбы.Эгер ушундай чакан, орто ГЭСтер көбөйсө, чектөөлөр болбой, кардарлардын каалашынчы колдонуусуна, ишкерлерге бизнесин, өндүрүшүн өркүндөтүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
Мамлекеттикпи же менчикпи, ГЭС ишке кирбесин, анын экономикабызга пайдасы чоң болот. Биринчиден, бир топ жумуш орундары түзүлүп, сатылган электр энергиясынан салык төлөнөт. Экинчиден, ишке кирген ГЭСтердин электр энергиясынын ири завод, фабрикаларга сатылуусу менен бир топ линиялар бошоп, карапайым калк пайдалануучу электр энергиясы көбүрөөк боло баштайт.
Азыр Бишкекте кабаттуу үйлөр, жер үйлөр көп курулгандыктан энергетикалык каатчылык күчөп бара жатат. Аны чечүү үчүн мамлекет Камабар-Ата-1 ГЭСин, жер-жерлерде ушул “Бала-Саруу”; “Куланак” сыяктуу чакан ГЭСтерди куруп, ишке киргизиши керек. ГЭСтерди көбөйтпөсөк, керектөө улам өсүп жаткандыктан дагы беш жылдан кийин өтө оор акыбалга кириптер болушубуз ыктымал.