17-18-майдагы түнкү окуялар кыргыз коому үчүн кагылган коңгуроо болду окшойт. Анткени, алар көрсөткөндөй, жаштарыбыз бир дүрбөп алса, кимдер ак, кимдер кара экенин териштире алышпайт экен.
Президент Садыр Жапаров өзүнүн алгачкы жарлыгы менен бекеринен нарк жөнүндө маселени көтөрбөптүр. Көрсө, 30 жылдын ичинде салтыбызды унутуп, наркыбыздан ажыраган улутка айланып бараткан экенбиз.
Болбосо, 18ге чыга элек балдар аракка чет өлкөлүктөргө эмнеге эч себепсиз асылышат да, студенттер жашаган хостелге чейин кирип барышат?
17-18-майдагы чыр-чатактын чагымчылары эң катуу жазаланууга тийиш. Урушту баштаган ошол төрт баланын айынан бүтүндөй Кыргызстандын эл аралык аброюна шек кетти. Анан калса, бул окуя атайылап жасалгандай, туристтик сезондун алдында болгонуна не дейсиң.
Эси жок төрт баланын айынан мамлекеттин бюджетине канчалаган зыян келтирилгени айтпаса да түшүнүктүү. Бирөөлөр “мамлекеттин бюджетине эч кандай деле зыян келген жок, көп болсо мындан медициналык окуу жайлары, мейманкана иштеткен жеке ишкерлер зыян тартты” дегендей, тигил чагым жасагандардын жоруктарын актаган комментарийлерди берип жатышат.
Чындыгында, бул окуядан ар бирибиз жабыр тарттык. Тиешелүү кызматтар, укук коргоо органдары окуя-нын алдын алалбагандыгы аларга болгон ишенимди жоготот. Минтип 500-600 баланы тартипке келтире албаган күч органдары, кокус 5-6 миң киши чогулуп, ызы-чуу баштаса, тартипке сала алабы? Бул да ойлончу маселе.
Илгери биз форма кийген адамды сыйлачу, сестенчү элек, азыркылар антпей калышты, тимеле тебелеп кетип жатышат.
Кыргыз “Керкисинде да, кемигинде да бар” деп айткандай, чыныгы жоопкерчилик — ата-энелерде. Биз бала жаратып койгонубузга эле ыраазы болуп, тарбия маселесине көңүл бурбай калдык. Андыктан, Үй-бүлө жөнүндө кодекске ата-энелердин жоопкерчилигин күчөткөн толуктоолорду киргизүү зарыл. Балким, мына ошондо илгертеден келе жаткан кыргыздын патриоттуулугу менен катар эле келгиндерди сыйлаган нарк-насилине кайтып келебиз?..
Болотбек Таштаналиев, «Кыргыз Туусу»