Бүгүнкү күндө Президенттин, өкмөттүн атайын саясатынын негизинде аймактарда жетекчилер ротациялык ыкма менен иш жүргүзүп жатышат. Албетте, бул ыкма жетекчиге эле эмес, аймакка да бир топ жакшы өзгөрүү алып келет. Бул багытта Чүй районунун С.Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысы Бердибек Абдрахманов менен маектештик.
– Бердибек Маматжанович, бул жакка ротациялык системанын негизинде келиптирсиз. Иштеп жатканыңызга канча болду?
– Өзүм түштүк жергесинде төрөлүп, ошол жактан билим алып, эмгек жолумду сот системасында иштеп баштагам. Медицина жана юриспруденция боюнча билим алып, сот жардамчысы, катчысы, сот аткаруучу, Жазаларды аткаруу кызматында иштедим.
Белгилүү мамлекеттик ишмер Султан Ибраимов да убагында Ошто Төрөбай Кулатов менен устат-шакирт болуп иштеген эмеспи. Мен да туз-насип буйруп, Султан Ибраимовдун туулуп-өскөн айылына келип, кызмат кылып жатканыма ыраазымын.
2023-жылы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин резерв кадрларына конкурстун негизинде кабыл алынгам.
Кийин конкурстан өтүп, Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы болдум. Азыр өкмөттө коррупциялык схеманы, тааныш-билиштик мамилени жоюу максатында мамлекеттик кызматкерлер ротациялык негизде дайындалууда. Мен да ошол ротациялык система менен Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп жатам.
Аймактык территориалдык реформанын негизинде Ибраимов айыл өкмөтү менен Кегети айыл өкмөтү биригип, С.Ибраимов айыл өкмөтү болуп түзүлдү.
– Ротациялык система өз жемишин берип жатат деп ойлойсузбу?
– Президенттин, Министрлер Кабинетинин ротация боюнча жүргүзүп жаткан саясаты туура деп эсептейм. Мунун негизинде тууган-уруктук, тааныштык көйгөйлөр жоюлат.
Ошондой эле, ротациянын негизинде барган жетекчи мыкты тажрыйбага ээ болот деп ойлойм. Себеби, жаңы аймактын салт-санаасын үйрөнүп, жергиликтүү элдин көйгөйүн жакындан таанып-билип, салыштыруу иретинде натыйжалуу иш жүргүзөт.
– Бүгүнкү күндө ишти эмнеден баштадыңыздар?
– Буга чейин укук коргоо тармагында иштеп, айыл өкмөт башчысы болуп экинчи жерде иштеп жатам. Укук коргоо жагында деле элдин таламын талашып иштейбиз да. Бирок, жергиликтүү бийликте элге жакын болуп, бардык маселе менен түзмө-түз иш жүргүзүүгө туура келет.
Азыр жалпы республика боюнча айылдарда таза суу, тазалык маселеси көйгөйлүү. Географиялык жайгашуубуз боюнча да айылдын көбү тоо боорунда, тоого жакын жайгашкандыктан сел жүрүү коркунучу жогору болуп жатат.
Жаз айлары жаан-чачындуу болуп, жамгыр тынымсыз жаап жатпайбы. Айыл аймагыбызда сел коркунучун туудурган Султан, Кара-Ой айылында сел суулары кетүүчү каналдарды оңдоп-түзөп, болгон техниканы колдонуп, сел нугун буруу боюнча иштеп жатабыз. Техника жетишпей калса, кошумча техника тартып, элдин жашаган жерине коопсуздук жаратпай, алдын алуудабыз.
Аймактык территориалдык реформанын алкагында бардык айыл өкмөттөрдө муниципиалдык ишканалар түзүлүп жатат. Биз да “Султан-9” деген ат менен ишканабызды түздүк. Муниципиалдык ишкананын жакшы жагы аймактагы социалдык маселенин баарын карап, социалдык маселени чечүү бир тараптуу болуп, көйгөйдү чечкенге жеңил болуп калды. Алар таза суу менен камсыздоо, арыктарды, таштандыларды тазалоо иштеринин бардыгын жүргүзөт.
Биз ишкана түзүп эле иштегиле деп койбой, алардын мындан да натыйжалуу иш жүргүзүүсү үчүн 500 миң сом ссуда бөлүп берүүнү жергиликтүү депутаттарга сунуштап, бул ишти карап жатабыз.
– Аймактагы эл эмне жумуш менен алектенет?
-Басымдуу калк талаачылык, мал чарбачылыгы менен алектенет. Айыл тургундарынын көбү сүт продукциясын сүт азыктарын өндүрүүчү “Үмүт Ко” ишканасына өткөрүшөт.
– Ички жолдор оңдолуп жатабы?
– Айыл элинин көйгөйлүү маселесинин бири ички жолдор эмеспи. Муниципиалдык ишкананын кызматкерлери шагыл төшөп, болгон мүмкүнчүлүктүн жетишинче жасап жатышат. Күн жылыгандан бери Арпатектир-Кегети жолу 8 км. сүрдүрүлдү. Кегети айылынын Суранаалы көчөсүнө 8 Камаз машинасы менен шагыл төгүлүп, буга жергиликтүү бюджеттен 150 литр күйүүчү май жумшалды.
– Инвестиция тартуу иштери кандай жүрүүдө?
– Биздин Султан айылында чопо бар экен. Бүгүнкү күндө Кытай Эл Республикасынан инвесторлор келип, 6 млн. долларга кыш заводун куруу боюнча атайын иш жүрүп, жергиликтүү калкка да түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Алар биздеги чопону экспертизага алып барып жактырышып, завод курууга макулдук беришти. Буюрса, завод жакынкы айларда ишин баштайт.
Завод иштеп баштаса жергиликтүү элге кирпичти 50% жеңилдетилген баада берет. Андан сырткары аймакка жардам бере турган атайын социалдык пакеттер да болот.
Ошондой эле Ас-Сафа коомдук уюму менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар эскилиги жеткен суу түтүктөрүн алмаштырып беребиз деп жатышат.
Бизин аймакта айтылуу Кегети капчыгайы бар эмеспи. Жергиликтүү тургундар менен ички туризмди өнүктүрүү боюнча иштеп жатабыз. Мисалы, Жалал-Абаддагы Арсланбаб токою десек, баарыбыздын эле ал кандай жер экенинен кабарыбыз бар. Ошол сыяктуу эле Кегети капчыгайын да ар бир кыргыз биле тургандай деңгээлге чыгарууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Буюрса, бул боюнча пландарды түзүп жатабыз.
Бул жактагы Токой чарба кызматы менен сүйлөшүп, бизге тиешелүү аймактарды бөлүп алып, туристтик жайларды иштетүүгө мүмкүнчүлүк кеңири. Эми иштейм деген адамга шарт жетишээрлик.
– Бердибек Маматжанович, бул аймактын жайыты кеңири болсо керек?
– Бул жакта 5136 га жер жайыт жер болуп эсептелет. Жайыт боюнча өтө сонун, кеңири, кенен. Суусамырда 2154 га жайыт жер бар. Жайыт боюнча маселе жок. Бирок, бул жактан Суусамыр өрөөнүнө барып, мал жайгандар аз. Себеби, жолдун алыстыгын айтышат. Эми бул боюнча аткарылчу иш арбын. Бул багытта да элге түшүндүрүү ишин жүргүзүп жатабыз. Мал чарбачылыкты өнүктүрүүнү кеңири колго алып алсак, айыл элинин жашоо-турмушунун жогорулашына алып келет эмеспи.
– Алдыдагы иш-пландарыңыз боюнча айтып өтсөңүз?
– Аймактык территориалдык реформанын негизинде Кегети жана С.Ибраимов айыл өкмөттөрү бирикти. Булар буга чейин дотацияда болгон. Ошол себептүү, биринчи эле максатым – айыл аймагыбызды дотациядан чыгарып, өнүккөн, кирешеси арткан аймакка айландыруу. Кандай жол менен чыгабыз десек – инвестиция тартуу. Жогоруда белгилеп кеткендей 6 млн. долларлык кирпич заводу курулса, биздин айыл өкмөттүн эле эмес, жалпы Чүй районунун экономикасын көтөрүүгө салымы чоң болот. Экинчиден, инвесторлорду тартып туризмди өнүктүрүү. Туризм тармагына ички, сырткы инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүк кенен. Бир аз жалкоолукту таштасак эле өнүккөн аймакка айланабыз.
Ошондой эле, социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө сүт азыктарын кайра иштетүүчү кичи цехтерди уюштуруп берүү. Алар азыркы күндө Токмок шаарындагы “Үмүт Ко” сүт заводунун баасына көз каранды болуп, алар айткан баага берип жатат. Элдин жашоо-шарты өндүргөн продукциясын жакшы баага сатса, ошондо элдин жашоо деңгээли да жогорулайт.
Бүгүнкү күндө тазалык маселеси өтө көйгөйлүү болуп калды. Жергиликтүү тургундар, эс алып жаткан жарандар тазалыкка көңүл кош мамиле кылышууда. Биздин аймак тоого жакын болгондуктан кай жерге барба толгон таштанды. Ар бирибиз, ичкен суубузду, эс алып жаткан тоо-ташыбызды көздүн карегиндей сактап, маданияттуу эс алууну үйрөнсөк. Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков айткандай “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот” дегендей ар бирибиз тазалыкты өзүбүздөн баштайлы.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгынын алкагында түзүлгөн Султан Ибраимов айыл аймагы 11 айыл, 2 токой чарбасынан турат. 2707 түтүндө 11643 адам жашайт. Мунун ичинде эмгекке жарамдуу калктын 52,4 %ы талаачылык менен, 32,6 %ы мал чарбасы, 2,5%ы күндөлүк керектелүүчү товарларды сатуу менен, 12,5%ы мугалимдер, медицина кызматкерлери ж.б. кызматтарда эмгектенишет.
Талаачылык жумуштары
Жалпы айыл чарбасына ылайыкташтырылган жер аянты 33445 га. Анын ичинен: айдоо жери 5846 га, ГФСУ жери 864 га, чөп чабынды жерлер10481 га, көп жылдык бак 47 га, жайыт жери 24661 га.
Айдап себүү талаачылык иштери боюнча 2024-жылдын түшүмү үчүн буудай 120 га, арпа 1420 га, жүгөрү 479 га, картошка 110 га, жашылча 113 га, кант кызылчасы 58 га себилди.
Андан сырткары жалпы 12 км ички арыктар тазаланып, суу өткөрмө эки көпүрө жаңыртылды.
Социалдык жактан коргоо
Советтик Аскерлерди Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылышынын 35 жылдыгына карата, ошондой эле, интернационалист жоокерлерге жана курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө даректүү материалдык, моралдык колдоо көрсөтүү максатында 7600 сом бөлүнүп берилди.
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеништин 79 жылдыгына карата ардагерлердин жесирлерине, тылда иштеген ардагердин жесирине айыл өкмөтү тарабынан материалдык жардам көрсөтүлүп, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналып тургузулган эстеликтердин алдында эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү. Ошондой эле, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Ч.Сыдыков, Ч.Айталиевдин 100 жылдык мааракесине арналган эскерүү иш-чарасы улуттук оюндар менен коштолуп, алардын жакындарынын демөөрчүлүгү астында өткөрүлдү.
Дене тарбия жана спорт
Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Кегети айылындагы Качкангул уулу Асанкул атындагы спорт комплекске спортту колдоо жана жаштарды дени сак жашоого үндөө максатында 20000 миң сом акча каражаты айылдык кеңештин №59 токтомунун негизинде бөлүнүп берилип, шарттарды жакшыртуу багытында сарпталды.
Сырткы жана ички инвестиция
Корея өлкөсүнүн Кенгидо провинциясынын губернатору Ким Донг Ен мырзанын колдоосу менен Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн Чапаево айылына баскетбол аянтчасына капиталдык оңдоо иштери башталып, А. Жаманбаев мектебинин имараты күн энергиясын пайдаланып колдонуучу күн батареясы менен жабдылды. Ошондой эле, аталган мектептин жанына заманбап 350 кв. метр болгон китепкананын курулуш иштери 75% га аяктады. Жалпы инвестициянын көлөмү 110000 долларды түзөт.
“Сноу Леопард” коомдук бирикмесинин жардамы менен 30 даана 1 тонналык бочкалар тамчылатып сугаруу багытында Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн Кошой айылынын тургундарына таратылып берилди.
Жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана тазалык
Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн аймагында санитардык абалды жакшыртуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана бак-дарактардын аянтын көбөйтүү максатында “Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын, социалдык инфраструктураларын, санитардык абалын жакшыртуунун, жашылдандыруунун “Тазалыкты сактайлы” урааны алдында үч айлыгын өткөрүү жөнүндө” 2024-жылдын 12-мартындагы №3 тескемесинин негизинде иш алып барылып, натыйжада 12500 тонна таштанды чогултулуп, 213 ар кандай бак-дарактын көчөтү отургузулду.
Ошондой эле калкты таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында “Султан 9” муниципалдык ишканасы тарабынан 277819 сомго Кегети, Чапаево, Акматбек, Арпатектир айылдарынын суу түтүктөрүнүн жарык жерлерин оңдоп-түзөөгө керектүү тетиктер алынып келинди. Социалдык инфраструктураны жакшыртуу максатында Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн Кегети айылындагы Суранаалы, Жумашев, Мамбеткалиев, Токтосун көчөлөрүнө жаңы курулган үйлөрдү электр тармагына кошуу максатында 14 (он төрт) бетон столбалар орнотулду.
Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн Кегети – Арпатектир жолунун жалпы 8 чакырымы түртүлүп, тегизделди. Ошондой эле, жайытка, көрүстөнгө баруучу жолдор түртүлүп иретке келтирилди.
Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана жоюу
Табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында жарандык коргонууга керектелүүчү бардык азыктардын кору даярдалып, кооптуу делген жерлерге көзөмөл жана байкоо жүргүзүлүүдө. Атап айтсак, акыркы убакта жааган жаандан улам Бурана суусунун деңгээли көтөрүлүп айыл чарба жерлерин каптап, суунун нугу өзгөрүлгөн. Өз учурунда ыкчам көрүлгөн чаралардан улам Бурана суусунун жээктери бекемделип, суу өткөрүүчү көпүрөлөр тазаланган.
Кенже Осмоналиева, “Кыргыз Туусу”