2023 — 2024-окуу жылында республикабыздын мектептерин өзгөчө үлгүдөгү “Алтын тамга” аттестаты менен 149 окуучу бүтүрүп жатат.
14-майда артыкчылык аттестатын алуу үчүн өткөрүлгөн тестке республика боюнча 2 211 окуучу катышкан. Талапкерлер математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия боюнча тапшырышкан.
Жыйынтыгында “Алтын тамгага” Бишкек шаарынан – 68, Чүй облусунан – 20, Ош облусунан – 17, Жалал-Абад облусунан – 9, Баткен облусунан – 9, Талас облусунан – 8, Ысык-Көл облусунан – 6, Нарын облусунан – 6, Ош шаарынан – 6 окуучу татыктуу болушкан.
Бишкек шаарынан №1, 2, 52 мектептердин, №№ 6, 12, 13, 29, 38, 47, 70, 24, 63, 64, 68, 69 мектеп-гимназияларынын, №№5, 28, 61,75,19 мектеп-лицейлеринин, №71 Тоголок Молдо атындагы мектеп-интернаттын, №26 окуу комплексинин бүтүрүүчүлөрү бар. Менчик билим берүү мекемелеринен Герман Гмайнер атындагы, “Ак-Тилек”, “Билимкана”, “Билимкана American School”, “Газпром Кыргызстан”, “Креатив-Таалим” окуу-тарбия комплекстеринин, Кыргыз-Түрк Анадолу лицейинин, Б.Ельцин атындагы мектептин, “Ломоносов мектебинин”, “Саран Глобал Академи” мектебинин, И.Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы лицейдин тарбиялануучулары да жакшы көрсөткүчтөргө жетише алган.
Чүй облусунан Москва, Жайыл, Сокулук, Панфилов, Чүй райондорунун, Кант, Токмок шаарларынын окуучулары айырмаланышты.
Ош облусунун билим көрсөткүчүн көтөргөндүн көбү “Ноокат Билимканасынан” билим алгандар. Алар республикалык, эл аралык олимпиадалар болобу, кандай билим сынактары, олимпиадалары болбосун, ар дайым билим берген агайларынын жүзүн жарык кылып келишет. Кийинки жылдарда “Араван Билим Ордо” окуу мекемесинде да билим көрсөткүчтөрү жакшыра баштаган.
Баткен облустук гимназия-интернатынын, Лейлектеги №3 мектеп-гимназиянын көрсөткүчтөрү да мыкты болду.
Жалал-Абад шаарындагы З.Нурматова атындагы кыздар лицейин айтпаганда, облуста билим көрсөткүчтөрү менен айырмаланган мектеп дээрлик жокко эсе.
Талас шаарындагы Р.Я.Рысакова атындагы №2 мектеп, Айтматов районундагы Т.Бабанов атындагы лицей-интернат, Талас районундагы А.Бөрүбаев атындагы орто мектеп облустагы башка мектептерден билим берүү деңгээли боюнча кыйла айырмаланып турарын “Алтын тамга” үчүн болгон тестирлөө ачыктады.
Ысык-Көл облусунда алдыңкы мектептерден Балыкчыдагы Л.Толстой атындагы №1 мектеп-гимназия, К.Абдылдаев атындагы №3 орто мектеп, Караколдогу №11 мектеп-гимназия, Байсары уулу Кыдыр аке атындагы №2 мектеп-гимназия, Ысык-Көл районундагы З.Бектенов атындагы кыздар лицейи, Н.Г.Лященко атындагы орто мектеп бар.
Нарын облусунда Ат-Башы, Жумгал, Кочкор райондорундагы А.Капаров, К.Керималиев, Карыбек уулу Акматалы, К.Мамбеталиев, Т.Турсунбаева, Н.Жүндүбаева атындагы мектептерде көрсөткүчтөр жакшы.
Ош шаарында Курманжан Датка атындагы лицейде, К.Алтыбаев атындагы №14 орто мектепте, “Олимп” мектеп-гимназиясында билим жетишкендиктери жакшы.
Болотбек Таштаналиев, «Кыргыз Туусу»