Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

ОшМУга 85 жыл: Келечекке дем берген маараке

  Өлкөбүздүн илимий-чыгармачылык интеллигенциясын түзгөн, кадр даярдоонун борбору, жаштыктын, илимдин, өнөрдүн ордосу болгон Ош мамлекеттик университети өзүнүн 85 жылдык мааракесин белгиледи.
ОшМУнун ректору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Кудайберди Кожобековдун жетекчилиги астында университеттин 85 жылдык мааракеси республикалык жана эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар менен коштолду.
Жыйынтыктоочу иш-чара 31-май күнү Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын катышуусунда эл аралык форум, жаңы ачылыштар, чоң программадагы шоу-концерт менен жыйынтыкталды. 

«Келечек муундун ХАБы» борбору ачылды

Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен биргеликте ачылган «Келечек муундун ХАБы»  борбор Азия аймагында жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердеги эң биринчи лабораториялык борбор болуп саналат.  Бул борбор Кыргызстан үчүн гана эмес коңшу өлкөлөрдөгү робототехника тармагынын өнүгүүсүнө салым кошорун төрага  Акылбек Жапаров белгиледи.

ОшМУ тарабынан бөлүнгөн 500 чарчы метр аянтчага компания тарабынан робототехникалар, керектелүүчү жабдуулар  алып келинди. Жалпы лабораториялык борборго 7 млн. АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылган.

Борбордун алдында 2024-2025-окуу жылында  ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун базасында Кытайдагы бир университет менен биргеликте мехатроника жана робототехника адистиги боюнча студенттер кабыл алынат. Аны менен катар жеткинчектер жана мектеп окуучулары үчүн робототехника курстары ачылат. Роботехника адистигин аяктаган бүтүрүүчүлөрдү жергиликтүү жана эл аралык өндүрүш тармагында иш алып барган компанияларга жумушка орноштуруу да пландалган.

ОшМУ  Jiangsu Huibo Robotics  компаниясы менен 2024-жылдын апрель айында  эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлган.

Өндүрүш компаниялардын көргөзмөсү өттү

Мааракенин алкагында ОшМУнун гранттары аркылуу аткарылып жаткан 14 илимий долбоор, Бизнес парктын 39 стартап долбоору, ата мекендик 67 бизнес компаниялар жана 10го жакын  Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Кытай жана Түркиядан келген бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан көргөзмө өттү. Иш-чаранын алкагында  бош орундар жарманкеси,  бизнес-коучтардын мастер-класстары болду.

Аймактарды өнүктүрүүгө арналган эл аралык форум

Ош шаарында биринчи жолу “Бизнестин, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү – аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлїктөрү жана жолдору” аталышындагы аймактарды туруктуу өнүктүрүү эл аралык форуму өттү.

Форумга Минкаб башчысы, Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү жана илим министри, өкмөт мүчөлөрү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары,  Ыйгарым укуктуу элчилер, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын жана Кыргызстандагы 30дан ашуун жогорку окуу жайлардын ректорлору, ОшМУнун мурдагы ректорлору, компания директорлору, эл аралык фонддордун өкүлдөрү, бизнес компаниялардын жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Форумда төрага Акылбек Жапаров Президенттин тапшырмасы менен өлкөдө университет 4.0 билим берүү процессин өнүктүрүүнүн концептуалдык форматынын жаңы модели иштелип чыккандыгын, ага ылайык университеттер бир гана билим бербестен өзүнүн жайгашкан регионунун социалдык-экономикалык, маданий жактан өнүгүшүнө түз таасир этиши керектигин айтты. “Келечекте аймактык университеттер аймактын өнүгүүсүнө таасир этүүчү локомотивдер болот. ОшМУда алгачкы ийгиликтер бар.

Жакында эле ОшМУ университеттерди комплекстүү баалоо боюнча эл аралык Qs Stars жүргүзгөн мониторингде «4 жылдыздуу» болду”, – деп ийгиликтер менен куттуктады. Ошондой эле окуу жайдын илим-өндүрүш-коммерциализациялаштыруу багытында жасап жаткан иштери, өлкөнүн өнүгүүсүнө кошуп жаткан салымдары боюнча айтты.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Алтын казык” билим берүүнү трансформациялоо программасынын багыттары жөнүндө айтып берди.

ТүрКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев Билим берүүнүн негизги идеологиясынын башкы тренди – гуманизация, ал эми билим адамдын эң башкы баалуу-лугу. Анткени дүйнөнү бир гана билим өзгөртөт, билим гана өнүгүүнүн негизги багытын аныктайт. Биз билим менен гана башка өлкөлөргө атаандаштык түзө алабыз. Андыктан биз өлкөдө  атаандаштык түзө алган билим системасын түзүшүбүз керек. Бул биздин мамлекеттин эң приоритеттүү саясаты болуш керек, – деди. Ошондой эле ОшМУга “Түрк дүйнөсүндөгү эң мыкты университет” статусун ыйгарды.

Форумдун панелдик сессиясы окуу жайдын Ак-Буура кампусунда уюштурулган панелдик сессияда аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү илимий, бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын демилгелерин айкалыштыруу маселелери талкууланды.

Форумда ОшМУ 11 келишимге кол койду

“Бизнестин, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү – аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлїктөрү жана жолдору” аталышындагы аймактарды туруктуу өнүктүрүү эл аралык форумунун алкагында ОшМУ 6 ЖОЖ жана 5 өнөктөш мекеме-ишканалар  менен  келишимге кол койду.

Жогорку окуу жайлардан Москва финансы жана юридика университети, Борбордук Азия университети, Кытай Эл Республикасынын Тарим университети, Казакстандын чыгыш таануу институту, Өзбекстандын Андижан мамлекеттик педагогикалык институту, Жизак мамлекеттик техникалык институту, Нанкин технологиялык институттары менен келишимге жетишилди.

Ал эми «Кыргыз унаа курулуш» компаниясы, “Түштүк кыргыз цемент”  заводу, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңеши жана Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтү менен да келишимдер түзүлдү.

Ошондой эле “Имам Серахси” эл аралык ислам маданияты жана мурасы фондунун президенти Мехмет Сыддык Акшитге ОшМУнун ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

Эстен кеткис шоу-концерт

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар Ош шаарынын борбордук стадионунда өткөн жыйынтыктоочу чоң программадагы шоу-концерт менен жыйынтыкталды.

Минкаб башчысы, ОшМУнун Ардактуу профессору Акылбек Жапаров өлкө Президенти Садыр Жапаровдун  куттуктоо сөзүн жолдоду. Куттуктоодо “ОшМУ бүгүн өлкөдөгү университеттердин сап башына чыкты. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү бүгүн өлкөнүн гана эмес чет өлкөлөрдүн да чар тарабында, ири мамлекеттик кызматтарда, билим менен маданият тармактарында, күч түзүмдөрүндө жана башка тармактарда ийгиликтүү иштеп, мамлекетибиздин өнүгүшүнө бараандуу салым кошуп келе жатат.

Учурда өлкөбүздүн билим берүү системасы кечиктирилгис реформаларды талап кылган чакырыктардын алдында турат. Мындан улам 2021-жылы Кыргызстандын билим берүү системасында алдыңку 5 жогорку окуу жайга “өзгөчө макам” ыйгарылды. Анын ичинде ОшМУда бар. Санариптик технологиялар, инновациялар билим берүү тармагынын ажырагыс бөлүгү болуп жаткандыгын, алгачкылардан болуп өлкөдө ОшМУ электрондук окууга, санариптик тейлөөгө өткөнүн баса белгилеп кетким келет. Жогорку окуу жай илим-өндүрүш- коммерциализациялаштыруу алакасын ийгиликтүү ишке ашырууда.

ОшМУнун жамааты жана студенттери бүгүнкүдөй демиңиздерден жазбай заман агымы менен артта калбай, сергек ой жүгүртүү менен жаратмандык маанайда дагы көп бийиктиктерди багындырышыңыздарга ишенем”, – деп айтылат.

Майрамдык салтанат билим берүүнү камтыган театрлаштырылган көрүнүш менен башталды. Келген көрүүчүлөргө ОшМУну чагылдырган видео-ролик тартууланып, окуу жайдын 85 жылдык тарыхында салым кошкон жетекчилердин жасаган эмгектери тууралуу баян көрсөтүлдү.

Мааракени Кыргыз Республикасынын Эл артисти,  Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Керим Турапов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бек Борбиев, Малика Дина, Бактияр Токторов, Жийдеш Идирисова, Замир Мырза, Султан Садыралиев, JAХ, Freeman 996, PPTV тобу шаңга бөлөдү.

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналып жазылган “ОшМУ билим ордосу” чыгармасы ОшМУнун сыймыктуу  бүтүрүүчүлөрү Замир Мырза, Эмил Балтагулов, Айпери Кулбаева, Эламан Жалаловдун аткаруусунда жаңырды.

Кеченин сценарийи Жаңылай Исакова, Улукбек Омокеев, Мелис Маматжанов тарабынан жазылып, майрамдык салтанат УТРК-Ош жана ОшТВ телеканалдары аркылуу түз эфирде чагылдырылып турду. Кечени белгилүү алып баруучулар Алина Баженова жана Расул Багышбаев алып барды.

ОшМУ – биз менен дүйнөнүн эшигин ач!

ОшМУнун башаты 1939-жылы ачылган Ош мугалимдер институтунан башталган. 1951-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институту болуп, ал эми 1992-жылы Ош мамлекеттик университети болуп өзгөртүлгөн.

Бүгүн эл аралык Qs рейтингине кирүүгө ишенимдүү багыт алган ОшМУда 3 институт, 1 жогорку билим берүү мектеби, 15 факультет, 6 колледж, 5 мектеп-гимназиясы бар. 27 окуу корпусу, 10 студенттик жатакана, 18 ачык жана жабык типтеги спорткомплекстери, 2 медициналык клиника, 2 пансионат, 1 бизнес паркы бар. Окуу жайда башталгыч билим берүүдөн тартып докто-рантурга чейинки билим берүүнүн бардык баскычтары камтылган.

Жалпы жамаат менен биргеликте 85 жылдык бай тарыхын белгилеген куттуу окуу жайдын алдына койгон негизги максаты – дүйнөлүк рейтингдеги университеттердин тобуна кирүү жана өлкөнүн билим берүү, илим изилдөө жаатында өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат. Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын арасынан эл аралык аренада татыктуу орун ээлеп келе жаткан ОшМУга ийгиликтерди каалоо менен, “85 жылдык юбилейиң кут болсун!” демекчибиз.

Жыпара  Жээналева, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар