Кийинки жылдарда кызамык, көк жөтөл сыяктуу жугуштуу ооруларга чалдыккандар көбөйүп жаткандыгы коомду түйшөлтүүдө. Дарыгерлер эң башкы көйгөй катары, адамдардын, асыресе балдардын өз убагында эмдөөлөрдөн өтпөгөндүгүн ар дайым белгилеп келишет. Ал эми эл аралык коомдор калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө салымдарын кошууда.
КРнын Улуттук Кызыл-Жарым Ай коомунун Нарын облустук филиалынын саламаттыкты сактоо боюнча кызматкери Бегайым Нуркасымова коомдун кызматкерлери жана ыктыярчылары эмдөөлөргө карата жигердүү аракет жасап жаткандыктарын белгилейт.
– Чындыгында элдин арасынан ар кандай түшүнүктө болгондор жок эмес. Ошондуктан биз негизинен эмдөөдөн баш тарткан адамдарга карата түшүндүрүү иштерин колго алуудабыз. Натыйжада Нарын шаарынан ошол катмардагы ата-энелер арасында тегерек үстөл жыйын өткөрүлүп, спорттук оюндар уюштурулду. Катышкан бардык 77 ата-энеге белектер берилди. Нарын медициналык колледжинин студенттери арасында эмдөө боюнча сынак уюштурулуп, жыйынтыгында 69 студент баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Атайын эмдөө акциясына 114 бала тартылып, аларга дагы оюнчуктун түрлөрү таратылды. Мындан кийин ушундай иш-чаралар облустун бардык райондорунда өткөрүлөт, – дейт Б.Нуркасымова.
***
Нарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун иммунологу Гүлай Дулатова: – Биз негизинен 13 түрдүү ооруларды алдын алуу үчүн атайын эмдөө календарларына ылайык иш жүргүзөбүз. Мисалы, вирустук сарыктын В түрүнө эмдөө ымыркай төрөлгөндөн кийин 24 сааттын ичинде, ал эми кургак учукка каршы эмдөө эне төрөт үйдөн чыгып кеткиче балага жасалышы керек. Мындан соң наристеге 2, андан кийин 3,5 жана 5 ай болгондо көк жөтөл, кептөөр, шал, сенек, вирустук гепатиттин В, гемофилдик инфекциянын «b», ич өткөк, пневмококк түрлөрүнө карата эмдөө жүргүзүлөт. Мурунку жылдарда бала 1 жана 6 жашка чыкканда кызамык, кызылча, сакоого каршы эмдөө жасалып келген. Быйыл 6 жаштын ордуна 2 жаш курак киргизилүүдө. Ошону менен катар кептөөр жана сенек дарттары үчүн жаш куракка байланыштуу, же болбосо 11, 16, 26, 36, 46 жана 56 жаш курактарда эмдөө алуулары абзел. Тилекке каршы, эл арасында эмдөөлөргө маани бербегендер жана баш тарткандар ар дайым кездешет.
Облустун башкы иммунологу өткөн жылда жана быйылкы жылдын алгачкы чейрегинде жасалган эмдөөлөр боюнча кеңири маалыматтарды берди.
***
Сандардын көрсөткүчтөрүнө үңүлсөк, 2023-жылы кургак учукка каршы эмдөө дубан боюнча 92,2 пайызга аткарылса, Ат-Башы районунда 85,7, Ак-Талаада 89,3 пайыз болгон. Же болбосо облустан 256 ымыркай эмделбей калган. Ал эми быйыл январь-март айларында төрөлгөн баланын 59у кургак учукка карата (7,3%) эмделбеген. Айтор өткөн жылы эмдөөлөр облус боюнча 82,8 пайыздан 96,6 пайызга чейин ишке ашырылган. Ал эми Ат-Башы, Нарын райондорунда кээ бир ооруларга каршы эмдөөлөр 78,2-79,4 пайыз менен токтогон. Натыйжада санитардык адистер бардык мектеп жана бала бакчалардагы кырдаалды иликтешкен экен.
– Биз былтыр бала бакча менен мектептерден ата-энелердин баш тартууларынан улам кызамыкка каршы жалпысы 1682 балдардын эмделбегендигин форма-63 аркылуу аныктадык. Түшүндүрүүлөрдөн кийин алардын 955и эмдөөдөн өткөрүлүп, 727си эмделбей калышты, – дейт Г.Дулатова.
***
Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчилиги кызамык боюнча күн сайын ыкчам маалымат алып жаткандыктарын мекеменин жетекчисинин орун басары Калысбек Талантбек уулу билдирди. Маалымат боюнча былтыркы жылдын биринчи чейрегинде облус боюнча кызамык жана көк жөтөл менен ооруган учур катталбаса, быйыл январь-март айларында 5 адам көк жөтөл жана 89 адам кызамык менен ооруп калышкан. Бул көрсөткүчтөр андан бери дагы өскөн.
– 30-майга карата кызамык боюнча 129 учур катталды. Анализдеп көрсөк, алардын 38и бир жашка чейинки, 22си бир жаштагы, 26сы 2-4 жаштагы жана 28и 5-14 курактагы балдар. Чоң кишилердин саны 15 адам. Мындан бала бакчага барган балдардан бешөө жугузуп алышса, бала бакчага барбагандардын саны 89. Ал эми эмдөөдөн баш тарткан 39 адам кызамык болгон. Алардын 95 пайызы диний көз караштагы үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү, – дейт К. Талантбек уулу.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, сырт кабарчы