Урматтуу 100 жылдан бери карапайым эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп келген «Кыргыз Туусу» газетасы! Сиздер аркылуу пенсия курагындагы жарандын көп жылдан бери ара жолдо жүргөн арызы мамлекет башчысынын колуна жетет бекен деген үмүт менен сиздерге кайрылууга мажбур болуп жатам.
Учурдан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун аракети менен мурдагы жылдарга салыштырмалуу мамлекетибиз бир топ өсүп-өнүгүүгө карай бет алгандыгын, көптөгөн өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын карыя адам катары баса белгилеп айтып коюшубуз зарыл.
Эгер жергиликтүү бийликтегилер мамлекет башчысынын мындай аракетин ар тараптан колдоп, анын оорун колдон, жеңилин жерден алса, өлкөбүз мындан ары да жогорку деңгээлде өнүкмөк. Бирок, тилекке каршы, андай болбой жатат. Аны Кара-Суу районунда болуп жаткан мисалдар менен далилдеп берүүнү туура таптым.
Жер реформасына ылайык Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде 7 жандан турган менин үй-бүлөм үчүн 0,54 гектар үлүш жер бөлүнгөн. Анын 0,39 гектары сугат жер, анын идентификациялык номери: 5-04-14-0024-0906 үлүш жерге № 0051115 сандуу күбөлүк алынган.
Бул жер менин үй-бүлөмө тиешелүү экендигин «Кадастр» мамлекеттик агенттиктин Кара-Суу райондук филиалынан 2024-жылдын 4-апрелинде алган аныктама тастыктап турат.
Үлүш жерди ошол кездеги айыл өкмөттүн жер адиси Алтынбек Кармышаков баш болуп бөлүп беришкен. 2018-жылы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Самат Абдуллаев (азыр жумуштан бошогон) жана жер адиси Музаффар Дадабаев мени катыштырбастан туруп бөлүштүрүп, үлүш жери чектеш 3 үй-бүлөнүн ортосунда (Алишев Абдылда, Батыров Мырза жана Кимсанов Каныбек) жер талаш чатагын пайда кылды. Үлүш жердин чегин тактабай туруп, менин үлүшүмө тиешелүү жер тилкеге 2 адамга үй салдырганга уруксат беришиптир.
Мен бул маселени тактап берүүсүн өтүнүп, 2019-жылы 9-апрелде Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысына кайрылдым. Анын арасында бир нече ирет оозеки да сурандым. Макул дешет, бирок, аткарышпайт. Анын менин кайрылуума жасаган мындай мамилесинен улам, 2020-жылдын 12-апрелинде Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы Т.М.Ногоевге кайрылгам. Бирок, менин арызыма толук жооп ала алган жокмун.
2022-жылы 3-мартта «Кадастр» мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук филиалынын мурдагы жетекчиси Руслан Шерматовго да кайрылганмын.
2023-жылдын 12-мартында үлүштөгү суулуу жерди айдатканы барсам, үч-төрт адам «Бул жерди бизге үй салганга чек кылып берген», – деп жерди айдатпай коюшту. Мен үч күндөн кийин мыйзамды одоно түрдө бузуп, үлүш жерди өздөрүнүн менчигиндей сатып жатышкандыгын, бул маселени мыйзам чегинде карап, туура жыйынтык чыгарып берет деген үмүттө Ош облусунун прокурору М. Асаналиевге арыз менен кайрылдым. Арызга менин үй-бүлөмө тиешелүү үлүш жерге салынган үйлөрдүн сүрөттөрүн тиркеп жөнөттүм. Ал менин арызымды райондук прокуратурага жөнөткөн. Бирок, текшерүү жумуштары талаптагыдай жүргүзүлгөн жок. Райондук прокуратурага эки жолу кайрылсам, сизге жооп жөнөткөнбүз деп айтышты. Бирок, ушул күнгө чейин жооп келген жок.
2023-жылдын 19-июнунда «Кадастр» мамлекеттик агенттиктин Кара-Суу райондук филиалынын адиси А.Ильязов, Савай айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Каныбек Адашим уулу жана мен болуп, үлүш жер жайгашкан жерге барып, ордунан өлчөп чыктык. Анын жыйынтыгында суулуу жердеги үлүш жердин узундугу «Кадастр» мамлекеттик агентигинин Кара-Суу райондук филиалы тарабынан берилген күбөлүктө көрсөтүлгөн 310 метрдин ордуна 213,0 метр гана болуп чыкты. Туурасын жогору жагынан эсептегенде 16,7 метр, төмөн жагынан эсептегенде 13 метр болуп аныкталып, аянты 3073 чарчы метрди түздү. Үлүштүн төмөн жагы же түндүк-чыгыш тарабынан мыйзамсыз курулуштар курулуп жаткандыгынан улам, үлүштүк жердин аянты азайган. Бул тууралуу түзүлгөн актыга үч адам кол койгонбуз.
Мен быйыл 5-февралда Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы Т.А.Абыкеевге Савай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кыргызбаев 15.02.2023-жылы райакимчиликке жолдогон катында менин үй-бүлөмдүн «Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Ак-Терек участогунан да үлүшкө жер алган» деп жалган маалымат бергендигин, биздин үлүш жерлерибиз эмне үчүн башка адамдарга үй салууга берилип кеткендигин жана ага ким жоопкер экендигин мыйзам чегинде текшерип, аларды жоопкерчиликке тартуусун суранып, атайын арыз менен кайрылган болчумун. Анын негизинде акимчиликтен Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Т.Омуралиевге мага тиешелүү үлүш жер боюнча арыз ээсинин кайрылуусу менен Савай айыл өкмөтүнүн жообу дал келбегендиктен, бул маселени мыйзам чегинде карап чыгуу боюнча тапшырма берилген. Бирок, ушул күнгө чейин тиешелүү жооп ала элекмин.
Бул жерде бир үй-бүлөгө тиешелүү үлүш жерге мыйзамсыз курулуш куруп алган адамдар айыл өкмөт жана «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын жетекчилери менен тымызын жең ичинен макулдашып алышкан, же алардын ишенгени – жергиликтүү бийликтегилердин да, текшерүү органдарынын да тиши өтпөгөн өтө таасирдүү адамдарбы деген ой келет.
Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүндө болуп жаткан мындай мыйзамсыз иш-аракеттер жергиликтүү бийликтегилерге, текшерүү органдарына алаканга салгандай көрүнүп турса да, ага бөгөт коюунун ордуна көңүл кош болгондугу — мамлекеттин кадыр-баркына доо кетирип, карапайым адамдардын бийликке болгон ишенимин жоготуп жаткандыгын түшүнүшөт болду бекен? Алардын мыйзамды тоотпогондорду жазага тартууга эрки жетеби же өз баштарын коңулга катып жүрө беришеби?
Каныбек КИМСАНОВ,«Кимсан ажы» дыйкан чарбасынын мүчөсү.
Телефондорум: 0552 35-11-25, 0772 00-82-92