Акын Бектуруш Салгамани дүйнөнү кабылдоо жана аны көркөм чагылтуу жагынан башка акындардан кыйла айырмаланып, өзгөчөлөнүп турат. Адабиятчы жана сынчы Эсенбай Нурушев бул туурасында: «Өзүнчөлүккө жана өзгөчөлүккө умтулган акын» аттуу макаласында: «Баарыдан мурда Бектурушту синестетик акын десек болот. Нейрофизиологияда синестезия деген түшүнүк бар, ал сырт дүйнөнү кабылдоонун өзгөчө бир ыкмасын билдирет, аны аралаш кабылдоо (смешанное восприятие) дешет. Мындайда ар кандай кубулуш же көрүнүш, буюм, зат кошумча касиеттерге ээ болот. С.Эралиев «ак жыттар» деген эпитет колдонгондо жыттын да түсү болот беле деп элдин көбү чалкасынан кеткен. Бул дал ушул синестезиясынын мисалы», – деп жазат. Дүйнөнү башкалардан башкача, өзгөчө кабылдап, башкача түшүнгөн акындар илгертен эле боло келген, азыр да бар, бирок аларды синестетик – акын деп эч ким атаган эмес.
Адабиятчы Б.Таштаналиев Э.Нурушевдин ой – толгоосун толуктап, ары кеңейтип: “Бектуруш Салгамани ырларынын тереңдиги, көркөмдүгү, айтайын деген оюнун масштабдуулугу менен өз муунундагы акындардын топ башында турат. Ал “станок акындарыбыздын” “станогунан” чыккандай уйкаштыктарында кынтык жок, жадатма ырларды жазбайт, дегеле ал кынтыксыз уйкаштыктарды, жадатма ырларды издеп убара болбойт. Анткени, ага жасалмалуулук жана жасалма сулуулуктун кереги жок. Ал кайсы темада жазбасын, башкалар көрбөгөн нерсени “көрөт”, башкалар сезбеген нерсени “сезет”. Кеп, акындын “көрүп” жана “сезгенинде” гана эмес, кеп аны башкалардын жүрөгүнө жеткирип жаза билгендигинде ” деп жазса, Кыргыз эл акыны К.Бакиров: “Ал башка акындар көрө албаган нерсени көрө алат. Ар бир сабына алтын ой камтыйт” – деп сүйлөшүп алышкансып, ойлору жанашып, бир жерден чыккан.
Андай болсо, Б.Салгаманинин башкалардан айырмачылыгы эмнеде? Акындын чыгармачылык жолуна назар салсак, ал китеп артынан китеп чыгарбаптыр. Аз, бирок саз жазуу аракетинде чакан жана көлөмдүү ырларында эле реалист, сүрөткер, ойчул, жана кыял чабыты кенен акын катары изденүү жолуна түшүп, анын “ысык-суугун” баштан кечиргени талашсыз сыяктанат.
Акын Бектуруш Салгамани чыгармачылыктын келечегин, түйшүгүн туура сезип, тапталган ойлорду кайталап калуу коркунучу чоң экенин билип, тынымсыз изденүүнүн, акындык өнөргө өз жүзүн табуу аракетинин түйшүктүү жолуна түшкөнүн анын “Сууга жазылган ыр” аттуу жыйнагынан даана көрүнөт. Акындын поэзиясынын өзгөчөлүгү эмне дегенде, биринчиден – ал көпчүлүк сыяктуу эле реалист акын экендиги даана көрүнөт. Ал ырларында куру кыялга, ач кыйкырыкка, жалган ойго, кооз сөзгө азгырылбай, адам турмушунун ар дайым боло келген күнүмдүк көйгөйлөрүнөн чоң проблемаларды көрө билип, аларды жан-дилиндеги ой-сезимдерине, учкул кыялына чулгап эмоционалдуу жана көркөм жазат. Ал ойдон чыгарылган, жасалма маселелерди, ынанымсыз кырдаал-мүнөздөрдү ырга салуудан качат. Анын ырларында турмуштун өзүндөй жөнөкөй да, татаал да, ачуу да, таттуу да түркүн жагдайлар, көп кырлуу ой-сезимдер орун алат. Жөнөкөйлүк – анын баягы эле ата-журт, эне-бала, ата, заман, сүйүү, табият темаларында көрүнүп, аны биз көрүп-билип жүргөн турмуш чындыгы аркылуу бергендигине жатса, татаалдыгы — ошо жөнөкөй көрүнгөн жашоо-турмуштагы адам баласы өзү түшүнүп, чече албаган, биз байкай албаган нерсени жүрөккө жеткидей кылып бир башкача, өзгөчө сүрөттөй алганында. Ал ырларында курулай акылдуусунуп, насаат айтып, же жалган пафоско жык толгон ыр саптарын чүргөй бербейт. Ал турмуштун кадыресе бир көрүнүшүн, бир чындыгын алат да, анда катылган, биз назар сала бербеген “кызык” жактарын таап, аны татынакай поэтикалык дүйнөгө айландыра салат. Мисалы акын “Кошунам машина алганда” деген ырында:
Куттуктап коймок болуп өзүм бүгүн,
Колуна карматтым да көрүндүгүн,
– Өтө эле жакшына экен! – деп жайдаңдап,
Өстүрүп чыктым кыйла көңүл гүлүн.
Жакшы эмес ырасында анча деле,
– Жакшы! – деп жалпаңдадым анда неге?
Аңдасам мен калпты көп айтат экем.
Атайлап билбейби? Жок, байкап эле!
Маселен, төшөк тартып калган жанды
Милдет да – көрөм барып кеч же таңбы?
– Өксүбө! Тез айыгып кетесиң деп,
Өлөрүн билип туруп айтам калпты.
Аяштын чайын мактайм – чыккан чала.
– Аруусуң! – деймин куник кыздарга да.
– Дагы эле сымбаттуусуз! – деп жалпаңдайм,
Дардайган жеңелерди сыйлап гана.
Ушинтип ар кимдердин көңүлү деп,
Убайга сала берем өзүмдү көп.
– Кыйынсың! – дешип менин колтугума
Ким ылай, жугундусун төгүп жүрөт.
Ырдын мазмуну түшүнүктүү болушу үчүн толугу менен келтиргенибиз оң. Анткени, бир окуганда анча элеске алынбаган сыяктуу бул ырдын ары жагында “лирикалык мен” дал өзүнүн башынан өткөргөн, жон териси менен сезген турмуш чындыгын жазат. Мындай турмуштук кырдаал ар бир адамдын башынан да өткөндүктөн, ырды окуп жатканда дал окурман өзүнүн да чындыгын көргөндөй боло түшөт. Мында турмуштагы карама – каршылыктуу жактары менен “түшүнүксүз” адам психологиясы жатат. Адам эмне жасаганын көп учурларда өзү да байкабай калат, байкаса да эркинен сырткары далай ишти жасайт. Акын мындай адам эркинен сырт, жалган нерселерди кылбагыла деп жарыя салбай туруп эле, майда-барат турмуштук көрүнүштүн мисалында окурманга сабак болоорлук кылып сүрөттөп бере алат.
Акын “Ушакчы уктап жатканда” деген төрт эле сап ырга терең ойду батырып, окурманды айласыздан жылмайтат. Таамай, так айтылган ырдын төрт сабынын ичине далай окурманды бушайманга сала турган ойлор камтылган. Бир эсе жылмайткан, бир эсе бушайман кылып турган бул турмуш көрүнүшү адамды моралдык тазаланууга, ушактын канчалык уят экенин сезимге салат. Анда ушул төрт сап ырды окуп көрөлү:
Удургуган адам кыйла тазарып,
Уктоодо бул ушак-айыңды ойлобой.
Ушул кези кандай гана ажайып,
Ушул бойдон калса кана ойгонбой.
Акын дал ошол зыянкеч адамдын, зыянкеч мүнөздүн кандай жаман экенин акыл айтып отурбай эле окурманга жеткирет. Ырдын аягындагы “Ушул бойдон калса кана ойгонбой” деген сапта да көп маани жатат. Ал өлүп калса экен деген маани да туюлушу мүмкүн. А бирок, акындын гумандуу оюнда дагы да ойгонбой жата турса экен, уктап жатканда анын ушакчылыгы да билинбей, дүйнө да ызы-чуудан эс ала түшкөндөй. Мындай караганда бир эле адамдын канчалаган зыян алып келип жатканын ушундай гана төрт сапка конкреттүү батыра алган.
Ал эми акындын “Эшек” (жанытма) деген ырында, темасы эшекти айтып жатканы менен түбүндө адам баласынын моралдык-нравалык маселесине кайрылат. Эшектей жашоодо таңдан – кечке чөп, кык, отун, суу ташып жаны тынбайт. Анысы аз келгенсип, бирөө минсе бирөө учкашып алат, жегени шакел. Эшектин көргөн турмушу ушул. Бирок, дың эткен үн жок. Чарчадым деп бир жолу да айтпаган. Ага боору ооругандан баягы жумуштарынан бошотуп бир орун көтөрүп коёт. Ошондо эшек мындайча тааныгыс болуп өзгөрөт:
Мурункусун, эшектигин унутуп,
– Мен – Дулдулмун! Тулпармын! –деп жулунуп,
–Адырдагы асыл тукум үйүргө
Айгыр болуп ашкысы бар курутуп.
– Айгыр болом!
Алар тууйт дейт качырды! –
Асыл тукум байталдарга асылды.
Эх, байкабай алыптырбыз көптүрүп,
Эми канттик бул нысапсыз капырды?!
Төрт куплеттен турган бул жанытмада акын адам баласынын жан дүйнөсүндөгү, психологиясындагы, турмуштагы татаал мүнөзүн, адамдык табиятын даана көз алдыңа тартат. Ырда атамзамандан бери келаткан адам напсисин эшек аркылуу кыйытып кыска, бирок, ойду так, көркөм берүүгө жетишет. Ырдын ар бир сабында өтмө маанилер камтылган. Баягы оор турмушта жашаган эшекке боору ооруп аны жогору орунга жылдырып койду эле, ал бат эле эшек экенин унутуп, “дулдулмун”, “тулпармын” деп жарыя кыла баштады. Анысы аз келгенсип асыл тукумдуу үйүргө айгыр болууну каалады. Бирок, ал асыл тукум байталдарга айгыр болсо да андан баары бир асыл тукум ат туулбай, качыр туулат деген ой менен адам баласына тарбиялык мааниси зор идея сезимиңди селт эттирип, ошондой “нысапсыз эшектер” өзүн “тулпар” сезип эл тагдырын чечкен мамлекеттик кызматка отуруп алып, өлкөнүн сазга батып отурган азыркы учуру көз алдыңа келе түшөт. Дал ушундай эле мазмунду акын “Жаралуу бөрү” деген ырында башкачараак турмуш көрүнүшү менен дагы даанараак кылып берет. Мында эки ит жолдон жолугат. Анын бирөө жарадар экен. Тытышып кетишип акыры жарадары утулат. Көрсө ал жарадар болгон карышкыр экен:
Бул кордукка кантмекчи,
барбы же бир чарасы?!
Кантип алат ал кекти?
Какшайт, сыздайт жарааты.
Жакшы эле – Аюу, Арстандан,
Же Жолборстон өлгөндө.
Ичи күйөт пас жандан –
Иттен кордук көргөнгө. [4.61]
Акындын дал ушундай адам баласынын кыял жоруктары, алардын коомдон алган орду, адамга тийгизген зыяны сыяктуу турмуш көрүнүштөрүн сүрөттөгөн “Бир алдамчы бар”, “Жесир”, “Алтын саат”, “Жашоо”, “Жаралуу бөрү”, “Кербен”, “Картаң дөбөт, жапжаш күчүк” сыяктуу бир топ ырлары жазган.
Ал эми акындын “Таяк” деген төрт сап ыры эне жөнүндө жазылган үлгүлүү ырлардын катарын толуктайт. Ырда акын энеге минткиле, тигинткиле деп жалбарып, ыйламсырабай, жалган акыл айтып отурбай эле эне менен баланын бир жолугушуусундагы бир үзүм турмуштук көрүштү сүрөттөө менен эле татынакай поэтикалык дүйнөнү жаратат.
– Жыл бою не келбедим? – деп кадалып,
Карайм көздөн жаш, жүрөктөн кан агып.
Былтыр эле өзү басчу шартылдап,
Калган экен апам таяк таянып.
Көзү нурсуз – карай берчү жолума,
Бели ийилип, чөгө түшкөн бою да.
Басса-турса таяк – өбөк, жөлөгү,
Минтерлиги келбептир эч оюма.
Ичтен аяп үтүргө окшош апамды,
Имериле карап түптүз таякты,
Кудурети күчтүү аспап өңдөнүп,
Кайра эстедим Муса алейхис-саламды.
– Мени төрөп, жууп, чоңойткон адамга
Жарым кулач келген ушул таякча
Өбөк, жөлөк болалбаймбы?! – деп ичтен,
Өзүмдү-өзүм турам сөгүп, аяп да…
Бүт өмүрүн, жашоосундагы бардык жакшылыгын бир гана балдарына арнаган энебиздин таяк кармап калганын көргөндө жүрөгүбүз ооруп турары бышык. Бирок, таяктын апаңа сенден да жакын болуп кеткенин сезип, туйбайсың. Качан гана ушул ырды окуганда, сезимиң селт этип, чындыкты аргасыз моюнга аласың. А болбосо, таякты энеңдин колунда жүргөн жансыз бир жыгач катары элестетип жүрсөң, ошол жыгаччалык арка-бел боло албагаңды моюнга аласың. Акындын окурман анча таназарына албаган нерседен дал ушундай ойго салган ырларды жазууга маш.
Акындын “Апама”, “Очок”, “Ийик”, “Апа, сизди ойлоп турам”, “Апам патир нан жабыптыр”, “Атанын үйү”, “Ата” сыяктуу апа жана атага арналган ырларын окуганда тээ алыскы балалыкка кайтып барып, андагы атаң менен апаң жаныңда жүргөн жагымдуу турмуш элестери биринин артынан бири элестелип, ырлардагы сезимди селт эттирген жакшынакай табылган табылгалуу саптар жүрөгүңө мөөрдөй басыла түшөт да, окурманды терең ойго салат. Ошентип, Бектуруш Салгаманини философ акын деп да мүнөздөөр элек. Ал бир дагы ырын жөн эле жазып койбойт. Ар бир ырында сөзсүз чоң ой, элестүү картина, пейзаж бар. Эң болбоду дегенде ырдын жыйынтыгында мыкты бүткөн бир образ бар.
Сайрабүбү ИСАЕВА, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти, филология илимдеринин кандидаты