Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Ырыс кескен мал уурулук

Акыркы жылдары мал уурулук болуп көрбөгөндөй өстү.  Натыйжада, өткөн жылы бул маселе парламентте көтөрүлүп, кызуу талкуудан кийин, 13-декабрда “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КРнын мыйзамы кабыл алынган. Быйыл жыл башында президент Садыр Жапаров аталган мыйзамга кол коюп, КР Кылмыш-жаза кодекси “Мал уурдоо” 205-1-беренеси менен толукталды.

Мыйзам өлкө аймагында мал уурдоону болтурбоо жана анын деңгээлин төмөндөтүү максатында кабыл алынган. Жаза кыйла эле катаал десек да болот. Бирөөнүн малын уурдаган уурулар уурдаган малынын санына жараша коомдук иштерге же түзөтүү жумуштарына тартылып, айып салынып, 6 айдан 8 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылып жазаланат. Эгер көп мал уурдалса, кылмыш уюшкан топ менен жасалса, күнөөлүүлөрдүн мүлкү конфискацияланып, өздөрү 8 жылдан 12 жылга чейин кесилет. Беренеде кылмыш жоопкерчилигине 14 жаштан баштап тартылары белгиленген.

Минтип мал уурулук боюнча атайын берене Кылмыш-жаза кодексине кирсе да, мал уурдоо тыйылчудай көрүнбөйт. Мал уурулукка карата жазалар катаалдаганы менен бекерге тап жарандарыбыз мал уурулукne кесипке айлантып, жашоо образына айланып калгандай. Жакында эле Талас районунун Арал айылынын тургуну Дамир Эркинбек уулу бир үйүр жылкысын ууруларга алдырып ийген.

Мал ээсинин айтымында, жылкылар Казакстан менен чектешкен Жаңы-Турмуш өрөөнүндө жайытта жүргөн. Анан эле 22-майда жер жуткансып, жок болуп кеткен. Жакын тегеректи карап табылбаган соң, кошуна өлкөнүн мал базарларынан издешкен. Азырынча малдын изи-жыты табыла элек.

Мал уурулук Талас облусундагы кадыресе эле көрүнүш. Үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде Манас районунун Сөгөт айылындагы Алмалуу-Булак жайытынан ошол айылдын 11 тургунуна таандык 38 баш жылкы жоголуп кеткен.

Элдин малын кайтарып оокат кылган Сөгөт айылынын тургуну Нурбек Жусупов быйыл дагы элдин малын ба-гууга алганын, жайытта 29 бээ менен 9 кулун жоголгонун, ошол учурда абдан жаан болуп, малдын изи жерге так түшүп калганын, эки атчандын изинин аркасынан түшүп барганда, жылкыларды Дегерес деген тоодон ашырып, Казакстандын Макмал деген айылына киришкенин, андан ары баягы из көп малдын изине кошулуп, таба албай калганын айтат.

Н.Жусуповдун айтымында, мындан 2 жыл мурун да мал уурдатып, анда дагы табылбай калган экен. Ал 30-апрель күнү милицияга кайрылган.

Талас облусу территориясы чакан, калкынын саны аз болгону менен мал уурулук боюнча республикада алдыңкы орунда турат. Облустук милициянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2023-жылы  Талас облусунун аймагында жалпы 36 мал уурулук фактысы боюнча 36 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 28 кылмыштын бети ачылса, 2024-жылдын 5 айында 16 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 11инин бети ачылган.

Бети ачыла элек 5 фактыда мал жандыктар жайыттан жоголгон. Ал эми короодон уурдалып, уурулуктун белгиси бар болгон жалпы 11 кылмыш иштеринин бети ачылган.

Бул маалыматка караганда, мал уурдоо фактылары боюнча кылмыш иштеринин бети ачылып жаткандай көрүнөт. Бирок, мал уурдаткандардын айткандары милиция кызматкерлеринин маалыматына дээрлик карама-каршы келет. Айталы, Сөгөт айылынын тургуну Н.Жусуповдун мындан эки жыл мурда да мал жоготуп, табылбай калганын айтканы анын далили. Былтыр Көпүрө-Базар айылынын тургуну Ү.Малабеков  бир айгыр, 18 баш бээ, 13 кулунун жоготуп, алар табылбай кала берди. Мал ээлери өз убагында милицияга кайрылышып, эки-үч ай Казакстандын мал базарларын карашса да, жылкылар табылган эмес. А милиция кызматкерлери издеп жатабыз деген жооп менен гана чектелип калышкан. Ал окуядан бери бир жыл өттү, бул мал уурулук фактысы боюнча облустук милиция бүгүн унутуп деле калышты окшойт.

Ошол эле Көпүрө-Базар айылынан өткөн жылы  3-4 ири уурулук катталып, сентябрь айында Агыбетов Караколдун 16 баш ую музоолору менен, октябрь айында Абасов Урматтын 22 баш бээси 3 кулуну менен жоголгон. Былтыр К.Агыбетовдун 1 ую табылды дегендей болушкан, калганы изи жок кетти окшойт.

Мал уурулук боюнча Талас облусу алдыңкы орунда болсо, облустун ичинде Талас району турат. Албетте, республиканын башка аймактарында деле мал уурулук фактылары бар. Бирок, Таласка салыштырмалуу аларда кылмыш дароо ачылып, кылмышкерлер дароо кармалат. Экинчиден, Таласта бир жоголгондо 30-35 мал жого-лууда. Айырма абдан эле чоң. Андай болгондо, Талас облусунун милициясы мал ууруларды маңдайынан сылап мамиле кылабы, айтор, суроолор көп…

Болотбек Таштаналиев, Кыргыз Туусу

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар