Талас – Көпүрө-Базар – Бишкек жолун куруу сунушу алгач жолу 2021-жылы айтылып, ошол кездеги премьер-министрдин милдетин аткаруучу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Талас облусуна жасаган иш сапарынын учурунда өткөрүлгөн кеңешменин протоколдук тапшырмасында Талас – Көпүрө-Базар – Бишкек автожолунун болжолдуу эсебин даярдоо тапшырмасы берилген болчу.
Өз кезегинде райондук мамадминистрация демилге ээси катары аталган багыт боюнча автожолду куруунун болжолдуу эсебин чыгарып берүү өтүнүчү менен Транспорт жана жол министрлигине кайрылган.
Биз, Талас – Көпүрө-Базар – Бишкек автожолунун демилгечилери, жакында аталган министрликтен жооп алдык. Чынын айтуу керек, министрлик Талас – Көпүрө-Базар – Бишкек автожолунун болжолдуу эсебин даярдоо боюнча кыйла эле эмгектениптир, бирок, тилекке каршы, жооп толук болбой калыптыр. Дегенибиз, биз Талас – Көпүрө-Базар – Бишкек жолун эки багытта ишке ашырса болорун айтып, министрликке эки сунуш киргизгенбиз. Бири – Кум-Бел жайлоосу аркылуу. Токтогул ГЭСинен Чалдывардагы электр подстанциясына тартылган жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары өз убагында Кум-Бел ашуусу аркылуу тартылып, электр чубалгыларын тартуу учурунда салынган автоунаа жолу дээрлик ошол эле бойдон десек болот. Эгер, Кум-Бел жайлоосу аркылуу жол салынса, анда жол Үч-Кум-Бел аталган үч бел аркылуу өтүп, жол Чалдывар айылынын үстүндөгү айылдардын биринен түшүп, Чалдывар-Бишкек жолуна кошулары белгилүү. Талас – Көпүрө-Базар – Бишкек жолун куруунун экинчи альтернативалык варианты Каракол жайлоосу аркылуу Үч-Чаттагы Ашуу-Төр ашуусу менен өтүп, Төө-Ашуудан бир топ ылдый, Кара-Балта суусу менен Абла суусунун кесилишкен жеринен Бишкек – Төө-Ашуу – Ош жолуна кошулушу керек эле. Мында белгилеп кое турган жагдай, союз убагында курулган таш жол Каракол жайлоосунун башына, Үч-Чатка чейин келген. Министрлик мына ушул вариантты негиз кылып алыптыр да, Талас – Көпүрө-Базар – Бишкек жолунун ушул багытынын сметасын эсептеп чыгыптыр. Алардын эсебинде бул жолду куруу үчүн 200 млн. доллардан ашуун каражат керектелип, тоннель куруу үчүн эле олчойгон акча кетет экен. Биз министрликтин тиешелүү адистеринин компетенттүүлүгүнөн, жол куруу боюнча сметаны ашырбай да, кемитпей эсептеп чыкканынан эч күмөн санабайбыз.
Биздин оюбузча министрлик кызматкерлери эки нерсени эске албай коюшкан. Биринчиси, Талас – Көпүрө-Базар – Бишкек жолунун экинчи бир альтернативалуу вариантын, Кум-Бел жайлоосу аркылуу жолду курууга канча каражат кете турганын эсептеп чыгышкан эмес. 1980-жылы ошол кездеги Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы Султан Ибраимов УАЗ автомашинасы менен Кум-Бел жайлоосу аркылуу Токтогул ГЭСинен Чалдыварга карата чубалгы тарткан энергетиктер салган жол менен Чүйгө ашып кеткенин азыркыга чейин айтышат. Ошол чубалгы тартылган жылдарда оор жүк ташуучу машиналар менен эле эмес, УАЗик, Нива сыяктуу алды бийик жеңил унаалар каттаганын деле жергиликтүү элдер жакшы билишет.
Эгер Талас – Көпүрө-Базар – Бишкек жолун Кум-Бел аркылуу сала турган болсо, эч кандай тоннель казыштын жана ашуу ашыштын кажети жок болот. Жол деңиз деңгээлинен 2400-2500 метр бийиктикте өтүп, Бишкек-Өтмөк-Талас жолуна салыштырмалуу дээрлик 80-90 чакырымга кыскармак.
Акыркы 2-3 жылда өлкөбүздө кадимкидей экономикалык өсүштөр болуп жатат. Демек, бул жолду курууга мамлекетибиздин өзүнүн күчү жетет деп ойлойбуз.
Бул жол экономикалык жагынан да, стратегиялык жагынан да аябай маанилүү. Биринчиден, бул жол таластыктарга Төө-Ашуу, Өтмөк сыяктуу ашууларды ашпай, деңиз деңгээлинен 2400-2500 бийиктиктеги Кумбел аркылуу Чалдыварга түшүп, андан Бишкекке, Ысык-Көл, Нарын облустарына кетүүгө жол ачып, жолду 80 чакырымга кыскартмак. Экинчиден, Кум-Бел аркылуу курулуучу Талас – Көпүрө-Базар – Бишкек жолу Төө-Ашуу аркылуу өтүүчү Бишкек – Ош жолуна альтернатива боло алмак. Бишкек – Ош тарапка барчу транспорт Кум-Бел аркылуу Таласка түшүп, андан кайра Өтмөк аркылуу Бишкек – Суусамыр – Ош жолуна өтүп кетүүгө болот. Бул жол Бишкек – Ош жолунун Кара-Балта капчыгайы, Төө-Ашуу аркылуу өтүүчү жолундай татаал эмес, бурулуштары аз, кыйла жеңил, деңиз деңгээлинен да кыйла төмөн.
Мында да жол 40-50 чакырымга чейин кыскарышы толук ыктымал.
Эмне үчүн бул жол керек. Эгер кошуна Кытай мамлекетин алсак, акыркы 30 жылда аларда жол инфраструктурасы аябай өнүктү. Мунун натыйжасында мурда алардын экономикасы өнүгүп, жолго кеткен убактысы, чыгашасы кыскарып, анын баары калктын жашоо-тирилигин өнүктүрүүгө жумшалып жатат. Андай болгондо, биз да жол маселесине канчалык туура мамиле жасасак, экономикалык да, экологиялык да, социалдык жактан да утуштарга ээ болмокпуз.
Талас шаардык ардагерлеринин атынан
Зейнебүбү ИБРАИМОВА, партиянын Талас шаардык
комитетинин мурдагы секретары, эмгек ардагери