Скульптура – искусствонун терең маанисин камтыган, өткөн менен азыркынын ортосуна көпүрө курган эң байыркы түрлөрүнүн бири. Ал дүйнөлүк маданиятта, көркөм өнөрдө өтө орчундуу орунду ээлеп турат. Ушундай улуу өнөрдү аркалап, жасаган эмгектери Кыргызстанга эле эмес, чет өлкөлөргө чейин коюлган Марлен БАКАЧИЕВДИН өнөрканасына баш багып, баарлаштык.
– Марлен мырза, бул өнөр сизге кимден өткөн?
– Негизи таенем мыкты уз, чебер болгон. Анын сайган саймасы, жасаган кийиз, шырдактарындагы оймолору элдикинен өзгөчө, кооз болчу дешет. Апам: “Эр тайын тартат, дегендей сүрөтчүлүк өнөр сага таенеңден өткөн”, – деп калчу.
Үч-төрт жашымда апам мени совхозго жумушуна ала барчу. Кагаздарга тартып бүтүп, конторанын дубалдарына чейин сүрөт тартып салчу экенмин. Апам: “Дубалдарга сүрөт тартканыңды токтот, директордон тил угуп атабыз. Сенин аркаңан эле тазалап жүрөбүзбү?”-деп калчу. Анан альбом, карандаштарды мол алып берип, ага союз мультфильмдериндеги каармандарды тартып олтура берчүмүн. Мендеги жөндөмдү байкап көркөм-сүрөт жагына тапшыртып, туура багыт бергендиги үчүн ата-энеме абдан ыраазымын. Шүгүрчүлүк, азыр ушул өнөрдүн аркасы менен үй-бүлөмдү багып, эл-жер кыдырып, элдин батасын алып келе жатам.
– Кайсыл окуу жайды бүтүрдүңүз эле?
– Тургунбай Садыков атындагы көркөм-сүрөт мектеп-интернатын, андан соң Улуттук көркөм-сүрөт академиясын бүтүргөм. Өнөрдөгү устатым – Тургунбай Садыковдун уулу Улан Садыков болду. Улан агай мени беш жыл окутуп, тажрыйбалары менен бөлүшүп, скульптураны үйрөттү. 1998-жылы кайра ошол эле окуу жайдын аспирантурасын окудум. Куралдуу Күчтөрдүн Ички аскерлеринде 13 жыл аскер кызматкери болуп эмгектендим. Өз алдынча эмгектенип келе жатканыма 20 жылдан ашты.
– Кесибиңиздин кыйынчылыктары тууралуу айта кетсеңиз.
– Кээ бир тапшырыктар кыш мезгилине туура келип калат. Суукта ылай тоңуп, негизи эле иш арбыбайт. Бир жолу февраль айында генерал-майор Самсалиевдин эстелигин таштан чаап калдык. -25 градуста бир аз эле кыймылдабай туруп калсак тоңуп калчубуз. Ошон үчүн токтобой иштеп, бир топ кыйынчылык менен бүтүргөнбүз. Ысыкта деле таш чабуу өтө оор. Бирок, айла жок, кээде белгиленген мөөнөткө жетишип бүтүрүп берүүгө туура келет.
Эң биринчи чоң эмгегим Таластагы Чат-Базар айылына коюлган Бүргө баа-тырдын атчан айкели болгон. Бийиктиги 5,5 метр, салмагы 25 тонналык оор эстелик болгондуктан, крандар тралга жүктөй албай коюшту. Акыры Жалда иштеп жаткан чоң кранды таап келип, ошого жүктөткөнбүз. Ошентип, Чат-Базарга жеткирип алып, ал жактан кайра түшүрө албай 3 жума туруп калды. Анан Жер-Үйдөгү 90 тонналык кранды айдатып келип түшүрткөнбүз. Ушул сыяктуу да кыйынчылыктар болуп калат. Бирок, кандай кыйынчылык болсо деле эмгегиңди орнотуп, ыраазычылык алып, жагымдуу сөз укканда эле анын баарын унутуп каласың.
– Скульптураны кесибиңиз катары көрөсүзбү же хоббиңизби?
– Скульптура – акча таап, үй-бүлөмдү бага турган кесибим дагы, чарчаганда эс ала турчу хоббим дагы. Элдер иштен чарчаса жактырган же кызыккан нерсеси менен алектенип эс алат эмеспи. А мен чарчасам деле ушул өнөрканама келем. Сүрөт тартып, эскиз чийип же макет, образдарды жасап эс алам. Себеби, скульптура менен алектенгенде кадимкидей жан дүйнөм эс алып, өзүмдү таптакыр башка дүйнөгө сүңгүп кеткендей сезем. Ошол эле кезде ысык-суукка карабай, тер төгүп иштеп, оюңдагыдай эмгекти жаратып алгандагы ырахатты айтып берүүгө мүмкүн эмес.
– Тарых, санжыраны да көп окусаңыз керек.
– Албетте. Себеби, айкелин жасай турган инсанды жакшы билбесең анын өң-келбетин, турган-турпатын, айбат-сүрүн ачып бере албайсың. Ошондуктан аны жасаардан мурун сөзсүз ошол инсандын өмүр баянын окуп, тарыхчы, санжырачылар менен сүйлөшүп же көргөн-билген адамдардан сураштырып маалымат топтойбуз. Ошол маалыматтардын негизинде ал адамдын образын алгач оюбузда түзүп, анан чегип жасайбыз.
– Ушул убакка чейин канча эмгек жараттыңыз?
– Метрлик портреттик бьюсттардан 400гө жакын, чоң монументалдык айкелдерден 200гө жакын эмгегим бар. Ал эми декоративдик скульптуралык айкелдерди эске алганда жалпы 1000ге жакындап калды окшойт. Чет өлкөдөн да тапшырыктар көп түшөт. Эмгектерим Кыргызстандан сырткары, Казакстан, Кытай, Сауд Арабиясы, Россияга чейин коюлган.
Маектин толук вариантын “Кыргыз Туусу” ютуб каналынан көрсөңүздөр болот.
Айгерим Качкынбекова, «Кыргыз Туусу»