whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.03.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖурналисттер үчүн жыл сайын "Мейкин" сый акысы берилет

Журналисттер үчүн жыл сайын «Мейкин» сый акысы берилет

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу «Мейкин» сый акысын уюштуруу жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, журналисттердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. КР президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысы уюштурулсун.

2. КР президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы менен макулдашуу боюнча үч айлык мөөнөттө президенттин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча комиссиянын курамын бекитсин.

4. КР президентинин Иш башкармасы президенттин фондунан президенттин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысынуюштуруу боюнча байге фондун түзүү жана башка чыгымдарды жабуу үчүн финансылык каражаттарды карасын.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар