Кочкор району эзелтеден мал киндиктүү, тоо дарыяларына бай, кыргыздын мыкты жерлеринин бири. Ага жараша сугат тармагы да жакшы жөнгө салынган. Кочкор райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Курманбек уулу Камчыбектин айтымында сугат сууга болгон дыйкан-фермерлердин муктаждыгын дээрлик толук канааттандырып келишүүдө. КРнын өкмөтү айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги локмотивинин бири-сугат тармагын өнүктүрүп, сугат суусу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу деп эсептейт. “Суу өмүр” деп тегин айтышпайт. Бардыгынын башаты суу. Андыктан, бул чоң жоопкерчиликтүү жумушту райондун сугат чарба башкармалыгынын кызматкерлери жоопкерчилик менен аткарып келебиз”, – дейт Кочкор РСЧБнын башчысы Камчыбек Курманбек уулу. Ал кабарчыбызга берген маегинде быйылкы жылдын 5 айында аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.
– Кочкор району боюнча 30080 га суу баскан аянт бар, анын 21623 гектарын айыл аймактагы муниципалдык ишканалар, СПАлар тейлейт. Калган 8457 гектарын райондук суу чарба башкармасы сугат суу менен камсыз кылат. Ошондой эле райондо 625,9 км канал бар, мунун ичинен Кочкор районунун суу чарба башкармасына 74,8 км чарба аралык каналдар тиешелүү. Райондо төмөндөгүдөй 8 насостук бекеттер бар алар – Кеңеш (1978 га), Акжар – I (269 га), Акжар – II (1018 га), Арсы (327 га), Көк-Талаа – (279 га), Кочкор-Ата (234 га), Тармал-Саз (204 га), Чекилдек (434 га), бирок насостук бекет 2007-жылдан бери иштетилбейт, жалпы 4743 га суу баскан аянтты тейлейт. Район боюнча 26 БСР жана 1 суу сактагыч бар. Көл-Үкөк, Куу-Мамы, БСР- I, Кочкор РСЧБнын карамагында турат, калган 23 БСР, 1 суу сактагыч айыл өкмөттөрдүн жана СПАнын карамагында турат.
Быйыл план боюнча өзөндөрдөн суу алуу – 314,2 млн. м3.
Сугат сууга план боюнча 237,1 млн. м3 керектелет.
Сугарыла турган аянт план боюнча 107,4 миң га, мунун ичинен 14,967 миң га жазгы ным топтоо. Сууга кызмат көрсөтүү боюнча план 8457 га 90,0 млн. м3 сууга, 866,628 миң сомго түзүлдү.
15.05.2024-жылга өзөндөрдөн суу алуу 27,8 м3 түзөт. Чолпон, Кара-Суу, Кум-Дөбө, Ормон-Хан айыл аймактарында каналдарга суу салынып дыйкандарга жазгы ным-топтоого суу бериле баштады. Бүгүнкү күнгө 8028 га аңыз сугарылды.
2024-жылга республикалык бюджеттен капиталдык ремонт жумуштарына 21429,5 миң сом мерчемделди, учурдагы ремонт жумуштарына 885,0 миң сом каралды, жалпы Кочкор райондук суу чарба башкармалыгына 22314,5 миң сом каралды. Бүгүнкү күнгө жалпы мамлекеттик каржылоонун алкагында керектүү материалдар, запастык тетиктер күйүүчү-майлоочу майларды алууга тендерлер берилип жеңүүчүлөр аныкталып, керектүү запастык тетиктер алынып келүүдө.
Аткарылган жумуштар
Автотранспорт жана механизмдер (Камаз 55111, Пикап форланд, Донг-фенг, Хюндай Элантра, Погрузчик ХМ-935, Ширетүүчү агрегат) оңдолуп, каналдын ремонт жумуштарына пайдаланууда.
Кеңеш, Топон-Арык, “Машинный”, Тик-Алыш, Теңдик, Куу-Мамы, Ак-Жар, Түндүк каналдары ГВС Кеңеш жана башка суу чарба объектилери (тал-терек, бак-дарактардан) санитардык тазаланды.
2024-жылдын февраль айында жаңы техникалар (эксковатор Шахман, миксер) келип мурда планга кирип аткарылбай калган “Көл-¯көк” БСРин механикалык тазалоо жумуштары март айында башталып толук тазаланып, целоффан (кара полиэтилен пленкасы 0,160х1500х2) төшөлүп, топурак төгүлдү. Азыркы күндө Көл-¯көк БСРи толтурулуп дыйкандарга суу берилүүдө.
Эксковатор Кеңеш каналынын механикалык тазалоо жумуштарын аткарып, 5,0 чакырымдай аралыгын тазалады, Куу-Мамы каналында 1,5 чакырым тазалады.
Суу чарба башкармалыгына тиешелүү болгон объектилерден Топон-Арык каналынан 1 даана ГТС ремонттолду. Тендик каналынан 2 даана ГТС, 20 метр канал аралыгы оңдолуп, бетон жумуштары аткарылды.
2024-жылдын 15-майына карата насостук станцияларда Акжар-1ден 2 агрегат, Акжар-2ден 2 агрегат, Кеңеш 2 агрегат, Тармал-Саз 2 агрегат, Арсы 2 агрегат, Көк-Талаа 2 агрегат, Чолпондогу 2 даана скважина иштеп суу берүүдө.
Бүгүнкү күнгө карата тендерлер берилип келишимдер түзүлүп, насостук бекеттерге 1 даана эл. кыймылдаткыч, 1 даана насостук агрегат, 3 даана роторлор, паранит, сальниктер жана башка керектүү запастык тетиктер алынып келинип, жалпы 8,5436 млн.сомго коюлду.
Капиталдык салым боюнча
Кыргыз Респуликасынын Министрлер Кабинетинин 18-ноябрь 2022-жылындагы № 632-р тиркемесине аткарууга алуу максатында, Кочкор районунундагы Чолпон айыл аймагындагы ички чарбалык 6 даана скважиналарды ондоо-калыбына келтирүү, бурголоо иштери жүргүзүлүп, насостору орнотулуп, пайдаланууга берилди. Электр линияны тартып трансформатор кошуп, май айында пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.
Наргиза Казакбаева, «Кыргыз Туусу»
Кочкор районундагы Ормон хан айыл аймагындагы Кара-Күнгөй, Мазар-Үкөк агын сууларынын жогор жагындагы чөлкөмгө БДР куруу боюнча II Элдик Курултайда Делегаттардын атынан негизги көйгөй катары баяндамада айтылган. Президентибиз жакшы жооп берген. Бирок эмдигиче жергиликтүү, райондук суу башкармалыгы эске албай келе жатасыздар.
Бул боюнча жакында кайрадан кайрылуу даярдалууда.