Бишкекте 16-июнь күнү эртең менен муниципалдык коомдук транспорт элди акысыз ташыйт.
Мэрия мындай чечимди Курман айтта майрамдык намаз учурунда жол тыгынын азайтуу максатында кабыл алды.
Саат 5:30дан 11:00гө чейин автобус жана троллейбустарда жүрүү бекер болот.