whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
21.03.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДен соолукГепатит – боордун сезгенишине таасир эткен жугуштуу оору

Гепатит – боордун сезгенишине таасир эткен жугуштуу оору

Кыргызстанда 24-июндан тартып В, С вирустук гепатитинин жана ВИЧтин таралышы боюнча улуттук изилдөө башталат. Ага капыстан тандалган үй-бүлөлөрдөгү 5 жаштан 17 жашка чейинки балдар жана 18 жаштан жогорку курактагы адамдар катышат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын командасы үйлөрдү кыдырып, сурамжылоо жүргүзөт жана жарандардан анализге кан алат. Команданын бардык мүчөлөрү коопсуздук үчүн атайын Ден соолукту чыңдоо жана массалык байланыш боорборунун белгиси бар бейжик тагынышат. Изилдөө оорунун алдын алуу үчүн калк арасында В, С вирустук гепатитинин жана ВИЧ оорусунун таралышы боюнча так маалыматтарды алуу максатында жасалып жатат.

Расмий статистикага кайрылсак, акыркы жылдары ВИЧти жыныстык катнаш аркылуу жугузуп алгандар көбөйдү. Республикалык СПИД борборунун маалыматына караганда, былтыр 1006 жаңы учур аныкталса, анын 824ү жыныстык катнаш аркылуутараган.

2023-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстанда иммундук жетишсиздик вирусун (ВИЧ) алып жүргөңдөрдүн жалпы саны 13030 кишиге жеткен. Алардын 12 272си кыргызстандыктар, калганы чет өлкөнүн жарандары. Расмий каттоого алынгандардын арасынан 3233 адам кайтыш болгон.

Дарыгерлердин айтымында, гепатиттин С түрүнөн толугу менен айыгып кетсе болот, дарылоонун узактыгы үч же алты айга созулат.

Өнөкөт В вирустук гепатитинен дарылоо узагыраак болот (бир нече айдан бир нече жылга чейин созулушу ыктымал, балким, өмүр бою дарыланууга туура келет). Гепатиттин В түрү менен ооруган бейтап вируска каршы дарыланганда, анын ден соолугу жакшырат, дарылар боордун циррозунан жана рак оорусунан сактанууга жардам берет.

Гепатит – боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын А, В, С, Е жана D түрлөрү бар. А түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Калган формалары кан аркылуу жугат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар