Пятница, 27 декабря, 2024
-7.9 C
Бишкек

Олимпиадачыларыбыз мелдештерде чеберчилик көрсөтүшүүдө

Варшава шаарында спорттук күрөш боюнча балбандардын рейтингин аныктоочу Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдеши өтүүдө. Мелдеш 25-июнда жыйынтыкталат.

Турнирдин алгачкы күнүндө кыргызстандык күйөрмандар үчүн кулак сүйүнткөн жаңылык — грек-рим күрөшү боюнча атактуу балбаныбыз, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудовдун алтын  медаль утуп алганы болду.

Акжол 77 кг салмакта украиналык Виктор Политаевди 12:2 эсебинде, алжирлик Абделькрим Уакалини 9:1 жана колумбиялык Алексис Куэрону  12:1 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыккан. Финалда польшалык Патрик Беднарц менен кез келип, аны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, алтын медаль тагынды.

Париж олимпиадасына жолдомо утуп алган Акжолдун олимпиада оюндарынын алдындагы даярдыгын сыноонун үлгүсү болду. Эми олимпиадада кыргыз элин кубантып, өлкөгө алгачкы алтын байгени утса деп тилек кылалы!

Париж олимпиадасына жолдомо алган Үзүр Жусупбеков да 97 кг салмакта коло байге утуп, өзүнүн даярдыгын сындан өткөрдү.

Акжол менен Үзүрдөн башка дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Амантур Исмаилов жана Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Раззак Бейшекеев да бул турнирге катышышууда.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси Калмира Билимбек кызы, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова, дүйнө чемпиону, Токио олимпиадасынын коло медаль ээси Мээрим Жуманазарова жана жаштар арасында дүйнө чемпионатынын коло байге ээси  Айпери Медет кызы өлкөбүздүн намысын коргошмокчу. Айсулуу, Мээрим жана Айпери Париж олимпиадасынын алдындагы даярдыктарын да сынап көрүүгө бел байлап турушат.

Кабыл Макешов

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар