Илгери-илгери, жалгыз бой кемпир бир түп өрүгүн баласындай көрүп, саар-кеч ит-куштан коруп, суудан өксүтпөй багып, эзилип бышканда айылдаштарына сураттырбай эле өзү үймө-үй кыдырып таратып берчү экен.
Күндөрдүн биринде ажалы жетип, кемпир бул дүйнө менен кош айтышат. Бирок, сөөгүн жерге берээрде эч ким кемпирдин оозунда өрүктүн данеги калганын байкабайт.
Күндөр айга, айлар жылга алмашат. Баягы кемпирдин жалгыз түп өрүгү да куурайт. Бир мезгилде баягы мүрзөнүн үстүнөн өрүктүн уругу “көчөт” болуп өсүп чыгат. Көрсө, кемпирдин оозунда калган данек жер тээп, сыртка өсүп чыкканда гана айыл эли билип, таң калышат. Кийин ошол данек өрүк болуп өсүп, уруктап, чоң өрүк багы пайда болуп, элди багат.
Бул уламышты мага ыраматылык чоң атам айтып берген. Чоң атам багбан эле. Биздин айылдын тээ этегинде көз жоосун алган кереметтүү алма бак өсүп турчу. Ал эч кимге тийиштүү эмес, бирок, айыл тургундары алма бакка ушунчалык аяр мамиле кылышып, кезек-кезеги менен сугарышып, түбүн тазалап, өз баласындай кам көрүшчү.
Биздин балалыгыбыз ошол бактын кыпкызыл алмалары менен өттү. Эсимде, кечки салкында чоң атам мени жонуна көтөрүп алып, алма бактын астына алып келчү.
Бир күнү чоң атамдан кызыл алманын тарыхын айтып берүүсүн сурадым. Чоң атам: “Э-эх, кызым, убагында бул бакты биз “Сыйкырдуу кызыл алма” деп атачубуз” – деп баштады кебин. – Итабар көп жылдар мурда айылыбызга баскынчылар келип, малдарыбызды кырып, тапкан-туткан нерселерибиздин баарын талап-тоноп кетишип, ичээрге суу таппай, “аман калганыбызга шүгүр” деп турган учурда бизди ачарчылыктан куткарган дал ушул кызыл алма. Күнүбүз жалгыз кызыл алмага түшүп, көптөгөн түтүндү ачарчылыктан алып чыккан. Айыл тургундары: “Бул алма багына кылган жакшылыгыбыздын жемиши деп билели!” деп жакшылыкка жоруп, “жакшылыктын символу” деп атап калышкан.
Кийин-кийин жаштар кызыл алманы “сүйүүнүн символу” деп коюшчу болду. Айтымында айылыбызга конок болуп келген эки жаш жолдо баратып, араларында пикир келишпестик чыгып, таарыныша кетишет. Жаш жигит ачууга алдырып, унаанын эшигин тарс жаап түшүп кетет. Анан ал алма бактын түбүнө барып олтурса, шагынан бир кызыл алма “топ” деп жанына түшөт. Жигит алманы алып, даам татып жатып, жакшы көргөн кызы менен өткөргөн ар бир бактылуу мүнөттөрүн эстейт, ичиндеги сезимдерин сөз менен айтып жеткире албайт. Дароо кызыл алмадан үзүп алып, сүйгөн кызын көздөй шашат. Барса, кыздын да көнүлү көтөрүңкү, ачуусу таркап, жигитти жагымдуу тосуп алат. Жигит ойлонуп: “Бизди кайра табыштырган, жараштырган кызыл алма, бул бак жөнөкөй бак эмес, бул бак “Сүйүүнүн символу!” деп көзү жеткен экен. Кызыл алманын тарыхын уксаң, ушундай…” деп, кобурап бергени эсимде.
…Бүгүн эртең менен туруп, чоң атамдын бейит башына барып, куран окуп кайтууну чечтим. Таңдын ырыскысын тосуп алайын деп, таң атпай жол алдым. Баратып бир кызык ойго келдим…
Баягы кызыл алма убакыттын өтүшү менен баары бир мурункудай эмес, шактары куурап, өзүнөн-өзү сынып алсырап бараткандай. Мөмөсүнөн бирөөнү үзүп, данегин чоң атамдын күмбөзүнүн карама-каршысына көөмп коёюн деп чечтим.
Жаңы эле эңкейгенимде, кайдан-жайдан келгени белгисиз аксакал карыя: “Кызым, таң заарлап, эмнеге келдиң өзүң жалгыз?” – деди. “Кызыл алма” мага ар дайым чоң атамды эстетип турат. Буйруса, жыл өтүп, мен көөмп койгон данегим көчөт болуп өсүп чыгат. Анан бак болуп, көркөмү көз тайгылткан кыпкызыл мөмөлөрүн берет” десем, ак сакалдуу карыя: “Максатыңа жет, балам!” деп, батасын берди да, көздөн кайым болду.
Арадан жылдар өттү. Бир күнү телефонума кубанычтуу куш кабар келиптир. Карасам айылдан атам: “Кызым, сага сонун жаңылыгым бар. Чоң атаңдын арбагын сыйлап, көөмп кеткен “сыйкырдуу алманын” данеги өсүп чыкты” деп жазыптыр. Көзүмө ысык жаш тегеренди.
Тез эле айылыма жетсем, алма көчөттү көрсөм деген ниет менен эки-үч күн өтүп-өтпөй, айылга жөнөп кеттим. Айыл менен шаардын аралыгы жети-сегиз сааттык жол экенине карабас-тан тез эле жетип келдик. Үйгө келсем атам кучак жайып тосуп алды. Сагынып калыптырмын.
Дасторкон жайып, чоң энем менен апам ашканада чуркап жүрүшөт. Бир убакта сиңдим, көз жоосун алган “сыйкырдуу кызыл алманы” алып келип, дасторконго койду. Карап отуруп, ичимден: “Ээх, кызыл алма, менин жашоомдун бир бөлүгү болуп калдың го!” деп күлүп, жыргап олтурдум. Чайдан кийин атам: “Кызым, мен сага көптөн күткөн эмгегиңдин натыйжасын көрсөтөм, алдын-ала сенин көзүңдү таңам, сага кызык болсун”, – деди. Көзүмдү жоолук менен таңып коюшту. Өзүмчө толкунданганымды айтпа! Бир маалда: “Кана кызым, көзүңдү ачайын, даярсыңбы?” – деди атам. Өзүмдү колго алып: “Ооба, ата, даярмын!” деп кубанычтуу айттым. Көзүмдү ачаар-да, көздүн жоосун алган сыйкырдуу кызыл алма менен чоң атамдын алма багынын түбүндө олтуруп, комуз чертип жаткан элеси көз алдыма тартылды.
Мына, сага! Кип-кичинекей бариктери желге дирилдеп турган бир карыш көчөттү көргөндө жер таянып, тизелеп, багбан чоң атама таазим кылып, карегимден ысык жаш агып жатты…
Айнура Сүйүтбекова