Айдоо жердин топурагын анализден өткөзүп, мыкты сорттогу күздүк буудайдын үрөнүн таап, аны өстүрүү үчүн агроном топурак таануучу, агроном өсүмдүк таануучу, илимий консультант жалдап, жер ээси болуп, күздүктү өстүрүүдөн аны сатып өткөрүүгө чейин долбоорун иштеп чыгып, Петр деген дыйкан ижарага алган 110 гектар жердин ар гектарынан 105 центнерден түшүм алган. Мен бул ишти Ысык-Көл ТВдан элге жарыялап, 36 дыйканга семинар өткөргөм.
Жер иштетесиңби, мал багасыңбы, илимге таянып иш кылган жакшы. Сүт өндүрүп, мал бордогон малчыларга зоовет, адис окумуштуулардын башын кошуп, сүт, эт өндүрүүдөн аны сатып өткөрүүгө чейин долбоору түзүлүп, жеңилдетилген кредиттер берилсе, малдын санына эмес, сапатына маани берилсе, мал чарбачылыгында олуттуу өзгөрүүлөр болмок. Болбосо, малдын санын көбөйтүп, кагыратып айдап жүрө бергенде не?
Балык, бал өндүрөм деген жарандар арбын. Бирок алардын өндүргөн продукциясынын сапаты кандай? Бир караганда, жеңил көрүнгөн менен бал өндүрүп, балык өстүргөн бул чоң өнөр. Ал да илимий жетишкендиктерди пайдаланууну, тажрыйбаны талап кылат.
Элет жериндеги гектар-гектар жерлерди иштетүү да оңой-олтоң иш эмес, чоң түйшүктүү жумуш. Азыр мурдагыдан калган инерция менен, жерди кысыр калтырбай, беде сээп же картошка айдап коеюн дегенде болбойт. Себеби, мезгил ошону талап кылат. Жерди айдап-себүүгө чоң каражат жумшап, кара териңди төгүп жаткан соң, ал жумшаган эмгегиңдин мээнетиңди гана кайтарбай, сага чоң киреше да апкелүүгө тийиш. Эптеп айдаган болуп, же жумшаган акчаңды кайтарып албай, же мээнетиң акталбай, ошого шүгүр кылган мезгил эбак кеткен.
Айталы, фермер 7-8 ай мал бордоп бакса, үч маал чөп салып, эки маал жем, суу берип, алдын кургактап, эмгек жумшаса, анан сатаарга келгенде эттин килосун дүңүнөн 350-380 сомдон араң өткөрсө, малга кеткен жумшалган чыгаша акталган болобу? Албетте, жок.
Элдин эсинде болсо керек, бир жылы элеттиктер өндүргөн картошкасын 50 тыйынга да өткөрө албай, акыркы айласы кеткенде талаага төгүшкөн. Турмуш бизге өз сабактарын берип, көп нерсеге көзүбүздү ачып жатат. Бүгүн мындайга жол бергенде болбойт.
Айыл чарба министрлиги жер ээлери эмне сээп, эмне бакканына кийлигише албайт, анткени жеке менчик ээси өзү билет. Бирок, азык-түлүк коопсуздугу деген бар, бул мамлекеттик деңгээлдеги маселе, андыктан бул багытта атайын стратегиялык план иштеп чыгып, кайсы дан эгиндерин, жашылча-жемиштин кайсы түрлөрүн канча көлөмдө өндүрүшүбүз керектигин болжолдуу эсептеп, мамлекеттик заказ менен жеке чарбаларга мамлекеттик бюджеттен акча каратууга неге болбосун?
Элет жерлеринде кайра бөлүштүрүү фондундагы айдоо жерлер толук кандуу иштетилбей жатат. Бул, албетте, жергиликтүү бийликтин күнөөсү. Айыл өкмөт башчылары ошол жерлерди иштетип, жергиликтүү бюджетке кошумча каражат түшүрө турган демилгечил иштерди башташса жакшы болор эле.
Жеңишбек ЖУНУШОВ, КР билим берүүсүнүн мыктысы