(Башталышы өткөн санда)
Америкалыктар эрте туруп, жөө басып, чуркап, тамактанып болгон соң саат 8ге кечикпей иш ордунда болушат. Кечкисин да саат 10дон калбай эс алууга көнүшкөн. Бул пайдалуу адаттар ден-соолукка зарыл экендигин билсек да, биз аткара албай келебиз. Үй-бүлөнү ынтымакта кармоо, ден-соолукту чыңдоо, жан дүйнөнү байытуу, рухтун азыгы болгон саякатка аттануу, булар америкалыктардын эң маанилүү жана негизги максаттары же миссиясы. Пенсия курагындагылар да жаштардан калышпайт, балким ошондуктан үй-бүлөлөр бекем жана ынтымактуудур.
Ак шейшептерди аккан сууга чайкаган апалар ай…
Бизде той-аштан, ыражадан ашпаган чыгымдар азайганда саякатка чыгуу адат, көнүмүшкө айланмак. Анда кыргыз болбой калабыз же туугандыктан чыгып калабыз дейбиз, балким, тышта жүргөн жаштарыбыз мекенине кайтып келип, аң-сезимдердин маданий революциясын ишке ашырат? Жаштарыбыз тажрыйба топтоп, аман-эсен кайтып келишсин демекмин. Алардын тапканын тойго чачкан күнөө өзүбүздө да. Апаларыбыз полиатрит болуп, колу-буту какшап, сөөктөрү деформацияланып ооругандарынын себеби муздак шар аккан сууга аппак (ал убакта актан башка шейшептер жок эле го) шейшептерди, атабыздын тик жака аппак көйнөгүн, биздин ак фартуктарды мелдешке түшкөнсүп бир нече ирет чайкап, жаштыктын кубаты менен сезбей жүрө берип, карыганда оорукчан болуп калгандыгы өкүндүрөт. Учурда кир жууган машиненин түрү бар, ал жакта жууп, кургатып да берет. Химиялык тазалоо жана кир жууй турган жайлар өтө көп болгондуктан бойдоктордо кыйынчылык жаралбайт.
Үй кызматчылардын акысы деле өтө кымбат эмес, үйү жыйналуу, баласы багылуу, короо жайы таза, иштеген иши бар болсо кыжалатчылык аз болсо ден-соолукка кам көрүүгө неге болбосун.
Үй кызматчылары 3-4 сааттык тазалык иштерин бүтүрүп кетет. Онлайн буйрутма менен тамак-аш, кийим-кече, оюнчук деги койчу ноутбукка чейин жеткирген Амазон ж.б. компаниялардын кызматы өтө өнүккөн. 2-3 күн деле коробкалар тышта турса дагы эч ким кызыкпайт жана жоголуп кетпейт. Уурдап кетет, жоголуп кетет деген сактануу жок.
Мамлекеттик почта кызматы дагы жогорку деңгээлде тейлейт.
Почта менен маанилүү документтер, жада калса ID, уруксат документтери дагы жеткирилет. Почтанын кызматына мамлекеттик мекемелер жана жарандар өтө муктаж жана ишенишет.
Полиция темасына токтолсом: кокус адам жардамга муктаж болсо же адашып калса жеткирип барууга да даяр болушат, тартип бузуу болбосо, документ текшерүү жокко эсе. Көчөлөрдү граждандык унаа-ларга түшүп алып деле көзөмөл кылуу каралган. Кокус полиция токтотсо, айдоочу унаасынан түшпөй аны күтүүсү зарыл. Жүрүп бараткан абалда баланы эмизүү, алдыңкы орундукка отургузууга болбойт. Чикагодо 5 миллион калк жашайт экен, алардын паспортунда “америкалык” деген гана белги бар, улуту көрсөтүлбөйт, ошого карабастан бардыгы эмгектенүүгө, эс алууга, окууга жана саякаттап жүрүүгө умтулушат. Жыл сайын көчүп, АКШнын 50 штатын кыдырып жашап жүргөндөр да көп. Аларды материалдык байлык, акча, чоң там же алтын кызыктырбайт. Америкалыктар үчүн жаңы жерлерден, жаратылыш менен табияттан жан дүйнөнү байытуу, таза аба- суудан, тоо-таштардан кубаттануу, үй-бүлөсү менен бирдикте эс алуу биринчи кезекте турат.
Баланы тарбиялоого өзгөчө маани беришет
Барганыма 2 ай өткөндө еврей улутундагы жаш үй-бүлөнүн кызына тарбиячы болуп иштеп баштадым. Ата-энеси Ломоносов атындагы ММУда мугалим болуп, Союз таркаганда алгачкылардан болуп АКШга келгендигин айтып отурушту алгачкы таанышууда. Ишке орноштуруу агенттиги бир жуманын эмгек акысын алуу шарты менен кызмат көрсөтөт экен.
Кесибим мугалим болгондуктан балдар менен иштөөнү чечтим да, тарбиячысы болуп иштеп баштадым. Америкалык чоң ата, чоң эне дем алыш күнү белгиленген убактысынан кечикпей келип, небереси менен ойноп, китеп окуп, жомок айтып, роялда ойноп, небересин ырдатып же бийлетип, таза абада тарбиячысынын көзөмөлүндө бирге сейилдеп келүүгө укуктуу жана милдеттүү экендигине баа бердим. Алардан дагы менин жоопкерчилигим жана милдеттерим жогору тураары анык болду.
Ата-эне тарабынан баланын өсүшү үчүн бардык шарттар камсыздалып, бөлмөнүн нымдуулугуна чейин көңүл бурулат. Балдар клиникасында доктурдун кабыл алуусу онлайн катталуу менен, эч кандай убакытты коротпостон өз убагында келип, баланы да, энесин да кыжалат кылбай ден-соолугун текшертип, майрамдагыдай күлүп-жайнап кайтуу кимге жарашпайт.
“Медикэр”
Ден соолук сакчыларынын окуу акысы кымбат жана узак болгондуктан, кызматына абдан жоопкерчилик менен мамиле жасашат. Америкалыктар “Медикэр” (Medicare) медициналык камсыздандыруу программасын колдонушат.
“Медикэр” программасы 65 жаштан жогорку пенсия курагындагы адамдар жана бөйрөктөн дарты бар жарандар үчүн каралган. Себеби, медициналык тейлөө бекер эмес. Тез жардам кызматына муктаж болуп чакырганда, алар менен бирдикте өрт өчүрүүчүлөр, полиция кызматы тез эле жетип келет. Алгачкы жардамын көрсөтүп, зарыл болсо кабыл алуу клиникасына жеткиришет. Бир нече күндөн кийин 1000 доллардан жогору суммага эсеп (счет) келет. Аны бөлүп төлөсө да болот. Тез жардам кызматы жолго чыкканда бардык унаалар токтоп, анын тез жетип баруусуна шарт түзүшөт. Окуучуларды мектепке ташыган автобуска жолтоо кылбастан, жол бошотуп өткөрүү “жолдо жүрүү эрежесинде” каралган. Эрежени бузган айдоочуга айып пул чегерилсе, “айдоочунун тарыхына” терс маалыматтар катталат, ошондуктан эрежени бузуу сейрек кездешет.
Медициналык полистин баасы тарифтик планга жана анын түрүнө жараша болот. Орточо баасы айына 250-500 долларга чейин. Камсыздандыруу полисинин негизги кызматы: терапевтке жана башка кесиптеги дарыгерлерге көрүнүүдө, операция, наркоз, дарыгердин кеңешин алууда жеңилдик берет. Аз акча которулса, ченелүү жардам, көп акча которулса көп жардамды алууга болот. Үй-бүлөсү менен бирдикте келишим түзүлсө, арзанга турат.
АКШда камсыздандыруу агенттиктери көп болгондуктан, атаандаштык күчтүү. Натыйжада, жарандарды медициналык тейлөө жогорку деңгээлде. Ал эми окууга барган студенттер, мигранттар жана гринкарта ээлери үчүн дагы медициналык камсыздандыруунун түрлөрү каралган. Аны жаран өзү тандайт. Гринкарта менен барып, иштеп жүрүшкөн кыргыздар арбын экен. Алардын шайлоого катышууга укуктары жок, калган бардык укуктары америкалыктардыкындай эле.
Урмат-сыйга татыган Уруйпа эже…
Чикагодо кыргыз жаштары өзүнчө офис ачып, Кыргызстандан барган мекендештердин башын кошуп, ар кандай спорттук жана маданий иш- чараларды өткөрүп турушат. Алардын башында ошол убакта Акылтай, Улан аттуу билимдүү жана мекенчил мырзалар турган. Ислам борборунда, кийин кыргыздардын диаспорасында эмгектенген, мекендештеринин урмат-сыйына татыктуу болгон Уруйпа Байболова эжекебиз жөнүндө айтпасам болбос. Ал айым дем алыш күндөрү неберелери менен бирдикте жаш өспүрүмдөргө кыргыз тилин акысыз окутуп, ырларды, бийлерди, элибиздин салт-санаасын үйрөтүп, жаш муундардын келечеги үчүн кам көрүп келет.
Уруйпа эже менен Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарада таанышып калдык. Эженин кесиби мугалим, балдарды жанындай көрөт. Биз бир тууган эже-сиңдидей болуп калганбыз. Аз да болсо салымымды кошоюн деген ой менен жолдошумдан “Кыргыз тили” окуу китептерин жөнөтүүнү сурандым. Посылка барганда, эже экөөбүз тең өтө кубанычта болдук. Ал китептер менен канчалаган жаш муундар эжеден билим алып, океандын ары жагында чет тилдер менен бирдикте эне тилибизди унутпай өздөштүрүп келе жатышат.
Билим берүү бала бакчадан башталат
АКШда билим берүү бала бакчадан башталат. Башталгыч класстын окуучулары мектептен кийин бакчада калып, эс алып, үй тапшырмаларын аткарышат. Себеби балдарды жалгыз калтырууга мүмкүн эмес. Эртең мененки саат 6дан кечки 18:00гө чейин бакчада тарбияланган бала үчүн ата-эне 1200 доллардан жогору акча төлөйт. Башталгыч класстар, ортоңку звено жана жогорку класстар үчүн имараттар өз алдынча курулган. Чоң балдар кичинекейлерди түртүп, жөөлөп кетмей, рэкетчилик ж.б. тартип бузуулардан алыс болушат. Башталгыч класстардын базасында “Даярдоо тайпасы” 3 жаштан 5 жашка чейинки балдарды окуганга, жазганга үйрөтөт. Башталгыч мектепте (1- 5-класстар) баланын өсүшү жана өнүгүүсү үчүн спорт, чыгармачылык багытында көп сабактар өтүлөт.
(Уландысы бар)