– Нуридин Султанович, райондун инфраструктурасын жакшыртуу багытында Нарын районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан кандай иш-аракеттер көрүлүүдө?
– Райондун инфраструктурасын жакшыртуу багытында ичүүчү суу системаларын куруу, оңдоп-түзөө, эл пайдаланган таза суу системасынын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу жана социалдык объекттерди куруу, көрктөндүрүү, ички жолдорду оңдоо боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө. 2023-жылы Азия өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланган долбоорлор аркылуу таза суу системасын куруунун 1-этабында Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Терек, Жан-Булак айыл өкмөтүнүн Жан-Булак, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Орто-Саз, Ак-Кыя, Төш-Булак, Орук-Там айылдарынын таза суу системасын оңдоп-түзөө жумуштары аяктоо алдында турат. Аталган долбоордун 2-этабы Жерге-Тал, Эчки-Башы, Оттук, Өрнөк, Кеңеш, Алыш айылдарынын таза суу системаларын оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Республикалык бюджеттен каржыланган Эмгек-Талаа айылындагы “Таберик” бала бакчасы ишке берилди. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жылдыз айылындагы таза суу системасын оңдоо жүргүзүлүүдө. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Таш-Башат айылындагы спорт комплекси курулуп, пайдаланууга берилди. Ак-Кудук айылындагы 150 орундуу Омор уулу Кожоке атындагы мектептин курулушу аяктоо алдында турат, ал эми Миң-Булак айыл өкмөтүнүн Б.Кыязов атындагы 150 орундук, А.Тыныбек атындагы 375 орундук, Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев атындагы жана Учкун айыл өкмөтүнүн Жылан-Арык айылындагы К.Жусупов атындагы орто мектептердин имаратынын курулуш иштери улантылып жатат. Эмгек-Талаа айыл өкмөтүндөгү Ак-Кудук айылында 50 орундуу бала бакчанын имаратын куруу “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖЧКсынын каржылоосу менен ишке ашырылууда.
Мындан сырткары Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылында 1,6 км, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн Эчки-Башы айылында 2 км, Эмгекчилде 3 км шагыл төгүлүп, 52 даана суу өтүүчү трубалар коюлду, Чет-Нура айыл өкмөтүндө жалпы 7 км жолго шагыл төгүлдү. Эмгек-Талаа айылында «Нарын курулуш» ЖЧКсы тарабынан 0,8 км жолго, Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Терек, Жан-Булак айылдарында 14 км ички жолдорго шагыл төгүлүп тегизделди, жалпы 7 млн. 262,2 миң сомдук жумуштар аткарылды. Учурда Нарын-Баетов автожолу менен Он-Арча – Жаңы-Талап-Ашырма автожолу менен туташтырган 3 км жолду асфальттоо жүрүп жатат.
– Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, республика боюнча административдик-аймактык реформа жүрүп жатат. Сиз жетектеген райондо канча айыл өкмөтү бирикти жана мындай реформаны эл кандай кабыл алды?
– Нарын районунда административдик-аймактык реформага чейин 15 айыл өкмөтү бар болчу, реформадан кийин 7 айыл өкмөтү иш алып барууда. ААРды жалпысынан эл туура эле кабыл алды, себеби айрым талаш жайыт маселелери чечилип, жайыттары бир болгон айыл өкмөттөр биригип, эл арасында орчундуу маселе жаралган жок.
– Айыл өкмөттөрдүн биригүүсү менен канча штаттык бирдик кыскарды? Эл арасында нааразычылыктар келип чыккан жокпу?
– Айыл өкмөттөрдө реформанын жыйынтыгы менен 177 муниципалдык кызматкерден 122 кызматкер калып, 55 кызмат орду кыскартылган. Кыскартылган кызматкерлердин бардыгына тийиштүү төлөмдөр төлөнүп берилди.
– Өзүңүзгө белгилүү болгондой айыл өкмөттөрдүн, райондордун, облустардын ортосунда жер талашкан көйгөйлөр бар. Административдик-аймактык реформа бул көйгөйлүү маселеге (өзгөчө алыскы жайыттар) канчалык деңгээлде таасирин тийгизет деп ойлойсуз?
– Район аралык жер талаш көйгөйлөр реформага чейин эле болуп келген. Нарын районунда мурдатан жайыт талашкан маселелер орун алган, мисалы, Кочкор районунун Кумбел жайлоосунда жайыт талаш маселеси бар болчу. Бул маселе жергиликтүү жашоочулардын арасында үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу чечилип келүүдө, ал эми айыл өкмөттөр арасында өтө орчундуу жайыт талаш маселелер жок, негизинен бул көйгөй жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу менен чечилип келет.
Административдик-аймактык реформанын жүрүшү бул процесстерге оң таасирин тийгизет, себеби мурда жайыт аянттары аз айыл өкмөттөр жайыт аянттары көп болгон айыл өкмөттөр менен бириктирилип, жайытты биргелешип пайдалануу аркылуу мурдагы талаш маселелер чечилет.
– Нарын районунун эли мал чарбачылыгы менен жан баккан алыскы бийик тоолуу аймак. Айыл чарбасынын көрсөткүчү кандай?
– Нарын районунда жазгы талаачылык жумуштарын өз убагында уюшкандыкта өткөрүүнү ишке ашыруу аракеттеринин натыйжасында 1146 гектарга буудай, 4631 гектарга арпа, 671 гектарга картошка, 107 гектарга жашылча, 1281 гектарга бир жылдык чөп, 1776 гектарга көп жылдык чөп, 10 га буурчак, 29 га сафлор, 146 га жүгөрү, баардыгы – 9775 гектарга айыл чарба өсүмдүктөрү айдалып, себилип, 2024-жылдын 3-июнуна карата бүткөрүлгөн.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү боюнча дыйкандарга республиканын бардык облустарынын райондорунда иш жүргүзүп жатышкан үрөн чарбаларынан дотация аркылуу берилүүчү үрөндөр боюнча маалымат берилип жатат. Ошондой эле сулунун үрөнүнөн 150 тонна, арпанын үрөнүнөн 130 тонна сатыкка ишкерлер тарабынан алынып келинип, районго сатылды. Минералдык жер семирткичтин беш түрүнөн 45 тонна алынып келинип сатылууда. Кредиттик же накталай сатыкка да Россия Федерациясынан келген үрөндөр берилип жатат. Жалпы район боюнча үрөн жетиштүү болду.
Айдап себүү иштерине район боюнча 445 трактордон 90%, 277 сокодон 91%, 257 комплект тырмоодон 91%, 55 сеялкадан 95% сезонго даяр болуп жазгы талаа жумуштарында иштеп жатат. 2024-жылга накталай жана лизинг жолу менен 2 даана Зумилион, 1 даана УТО жана 1шт МТЗ тракторлору дыйкандар тарабынан алынып келинди.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан бөлүнгөн квотага ылайык, мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан районубузга бөлүнгөн 105 000 литр күйүүчү май дыйкандарга таратылып берилди.
2024-жылдын январь-апрель айларына карата эт (тирүүлөй салмакта) – 4330,0 тн, чийки сүт – 7600,0 литр, жумуртка – 216,0 миң даана өндүрүлгөн.
– Райондо жумушсуздукту жоюу багытында орто жана чакан ишкерлик канчалык деңгээлде жолго коюлган?
– Активдүү саясаттын бирден-бир приоритеттүү багыты жумушсуздарды убактылуу иш менен камсыз кылуу боюнча акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды уюштуруу болуп саналат жана бул багыт региондогу социалдык инфраструктураны жакшыртууга багытталган.Район боюнча расмий жумушсуздук статусун алып, каттоодо турган 144 жаран бар. Жумушсуздардын ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү багытында кесиптик окууга жана кайра даярдоо кыска мөөнөттүү курстарына жалпы 43 жаран жиберилген. Коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 37 жумушсуз жаран айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу, “Эгида” коомдук уюмуна, жашылдандыруу, корук коруу, тазалоо ж.б. жумуштарга тартылган.
Мындан сырткары БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында айыл аймактарда 7500 метр каналды тазалоо иштерине, гидрокурулмаларды калыбына келтирүү, 4000 метр жерди зым корук кылып корууга, таштанды полигонуна тосмо орнотуу иштерине, ички каналдарга 800 даана лоток орнотууга жалпы Нарын району боюнча БУУ БДАТП тарабынан колдоого алынган 23 долбоорду ишке ашырууга 454 аз камсыз, жумушсуз үй-бүлөлөр тартылган. Нарын районунда аз камсыз, жумушсуз жүргөн жана мамлекеттик жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдү иш менен камсыз кы-лууда 2022-2023-жылга 155 жаран социалдык контракт түзүп, мал бордоо, тигүү цехтерин ачуу, кондитердик кичи ишканаларды уюштуруу, калкка ар кандай кызмат көрсөтүү (мончо, чач тарач, такси ж.б.) боюнча долбоорлор жактырылган.
2024-жылга жалпы 160 долбоор сунушталып, социалдык контракт түзүүгө райондук убактылуу комиссиясында жеринде каралып, Жерге-Тал айыл өкмөтүнөн – 26, Дөбөлү айыл өкмөтүнөн – 7, Миң-Булак айыл өкмөтүнөн – 29, Учкун –10, Чет-Нура –10, Эмгек-Талаа – 12, Жан-Булак – 3, жалпы – 97 долбоор жактырылган. 2024-жыл ичинде райондо кыш заводу, курулуш материалдарын жасоо ишканасы, асфальт-бетон кичи заводу, Куланак ГЭСинин курулушу пландалып, жалпы район боюнча 250 жаранды жумушка тартуу боюнча аракеттер көрүлүүдө.
– Райондун элинин саламаттыгын сактоо багытында аткарылып жаткан иштер туурасында коомчулукка маалымат берсеңиз?
– Нарын районунда калкка алгачкы медициналык-санитардык жардамды көрсөтүүдө 8 Үй бүлөлүк дарыгерлер борбору, 28 ФАП иш алып баруу менен 23 ( 10 тиш дарыгери) дарыгер, 91 орто медициналык кызматкер эмгектенишет. 2023-жыл ичинде демөөрчүлөр тарабынан Кайыңды, Жалгыз-Терек, Ийри-Суу айылдарында ФАПтын жаңы имараттары пайдаланууга берилген. Нарын районун алыс жайгашкан 8-Март, Жерге-Тал, Лахол, Казан-Куйган жана Таш-Башат ҮДТру менен НОҮМБ ортосунда телемедицина долбоорун киргизип, бейтаптарды онлайн форматында бейтаптарга медициналык кеңештер берилип келүүдө. Нарын районунда өзүнүн үй бүлөлүк медициналык борбору жок болгондуктан, Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылына мобилдик клиника уюштурулуп, 2024-жылдын 13-июнунда мобилдик клиниканын 8 автоунаасы келип, жайгаштырылган. 2024-жылдын 17-июнунан баштап атайын графикке ылайык, Нарын районунун бейтаптарын кабыл алуу иштери башталган.
– Сиз жетектеген райондо кен казган компаниялар барбы? Эгер болсо, алыскы жайыттардын канча пайызы кыскарды жана ал кен казган компания жергиликтүү тургундардын кандай маселелерин чечип бере алды?
– Нарын району тоолуу, кенге бай аймак болгондуктан кен казуучу компаниялар иш алып барышат. Учурда 3 компания алтын кенин казуу менен алектенишүүдє, алардын тиешелүү айыл өкмөттөрүнө салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүн төгүүсү менен жергиликтүү жашоочулардын бир катар маселелери чечилип келүүдө (ички жолдорду салуу, жашылдандыруу көрктөндүрүү, ирригация, курулуш ж.б маселелери) андан тышкары компаниялар менен айыл өкмөттөрдүн ортосунда түзүлгөн меморандумга ылайык жыл сайын социалдык пакет катары жардамдар көрсөтүлүп турат. Алтын иштеткен компаниялардын лицензиялык уруксат алган жер аянттары анчалык деле жайыттардын тарышына алып келбейт, бул багытта жергиликтүү жашоочулар менен компаниялардын ортосунда пикир келишпестиктер, талаш маселелер жок.
Вера Беделбек, “Кыргыз Туусу”