Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Асанкул ШАРШЕНОВду эстеген барбы?

Сахнада болобу, тасмада болобу өзүнүн артисттердикинен башкача харизмасы, күлкүлүү, олдоксон көрүнгөн кебетеси менен элди өзүнө тартып алган белгилүү куудул быйыл тирүү болгондо 97 жашка чыкмак экен. Ал киши менен эгиз козудай ээрчишип жүргөн Кыргыз эл артисти Келдибек Ниязов 2022-жылы анын 95 жылдык юбилейинин урматына «Асанкул куудул” деген китеп чыгарткан. Ал китепти ошол жылы Чүй облусу менен Сокулук районунун жетекчилери сатып беребиз деп убада кылышып, бирок, ал убада убара боюнча калган экен. “Ал китептер Сокулук районунун маданият үйүнүн бир бурчунда чаң басып жыйылып турат. Көзү тирүүсүндө “Сары-Өзөндүн Сокулугунун солтосунун сарысымын” деген инсанды “Солто коому” деле бир эстеп койсо жакшы болмок”, – дейт К.Ниязов. Эми ал кишинин арбагынын ыраазычылыгы үчүн тамашаларынан да бөлүшө кетели. 

“Белек бермейден кутулган күн”

– Айтылуу куудул, сахналаш, өнөрлөш агам Асанкул Шаршенов жаз айларында төрөлгөм деп калчу. Ошол себептен ар жылы жаз айларында аны эскерүүнү адат кылып алгам. Асакемдин туулган күнү кантип 8-март болуп калганы тууралуу өзү минтип айтып берди эле: “Менин күбөлүгүмдө 1927-жыл деп жазылып, числосу көрсөтүлгөн эмес. Филармонияга ишке кирсем жалаң еврей, орус, немис, татарлар иштейт экен. Бир күнү Тамара дегени чакырып алып: “Туулган айыңды, числоңду тактап кел” деп калды. Апама барсам “Айылга биринчи трактор келип, жаан аябай жаап, атаң эшеги менен тайгаланганда сени төрөгөм” дейт. “Анда жаз айлары болсо керек” деп ойлоп койдум. Негизи Шаршен тукумунда кыздар көп. 8-мартта алардын баарына белек бериш керек. Сельсоветке бардым дагы бул күнү өзүм белек бергенден кутулат экем, тескерисинче баа-ры мага белек берет экен деп туруп туулган күнүмдү 8-март деп жаздыртып койдум. Ошентип, 8-мартта белек бермей баш оорусунан кутулгам”, – десе угуп алып боорум эзилген.

“Эр болсоң мени суй жыкчы”

– Атактуу төкмө акын “КРнын Эл артисти” наамын алып, сахналаштар аны жууп калышат экен. Сөз кезеги Асакеге келгенде Эстебестин комузун колуна ала коюп анын обонуна салып минтип ырдаптыр:

Эстеке алдың сыйлыкты,
Элиңден көргүн сыймыкты.
Эми “Эл артисти” болдуңуз,
Эр болсоң мени суй жыкчы” деп аракты көрсөтүптүр. Көрсө Эстекем жети-сегиз кишиге бир эле бөтөлкө алып берип койгон тура. Анын үстүнө Асакем ичкиси келсе бир бөтөлкөнү илгерки 200 граммдык кырдуу стаканга куйдуртуп туруп бөлө тартчу.

Аксылыктарча жыттап

– Асакенин эң жакын досу, төкмө Токтосун Тыныбеков 50 жылдыгын белгилеп калат. Чоң үйүнө Күлүйпа Кондучалова, Сайра Кийизбаева, Темиркул Үмөталиев жана кичи бөлмөсүндө чогуу иштешкен жаштар отурушат. Бир кезде Асакеге сөз берилет. Төкмөнү төкмөчө төрт сап менен куттуктайын деген ал Токтосундун комузун алып:

Үлгү алсак деп жүрүшөт,
Токомду көргөн жаш-кары.
А бирок Током сүйлөбөйт,
“Искейинден” башканы”,-дегенде отургандар дуу күлүшөт. Өзгөчө Кондучалованын боору эзилип, “Ырың менен кара жерге кир” дептир. Көрсө, Токтосун аксылык болгондуктан эки сөзүнүн бири “искейин” экен.

“Тоолорду эсептей албай жатабыз”

– Кайсы бир жылы филармониянын “Эл шайырлары” тобу Россиянын Тыва, Хакасиясына гастролго чыгып калат. Ал жактан артисттерди абдан сыйлашат. Бир күнү сыйдын үстүндө отурганда ал жактын бир чоңу Кыргызстандан барган бир чиновниктен “Кыргызстандын территориясы канча чарчы километр?” деп сурап калат. Тигил так жооп бере албай мукактанып калса Асаке шак тура калып: “Өзүңүздөр билгендей өлкөбүздүн 99 пайызы тоолордон турат. Ошол себептен ушул кезге чейин так эсебин чыгара албай келатабыз” деп орусча жооп кайтарып тигил мекендешибизди куткарып кеткен экен. Кийин Кыргызстанга келгенде тигил Асакемди аябай сыйлап, ооз басырык кылган экен. Аны биз кийин угуп жатпайбызбы.

“Алып ийип анан угалы”

– Асакеме жакшылыктарда сөз берилсе тамашалап, кыска гана “Өркөнүң өссүн! Көп жаша, көп жашасаң акыры бирди көрөсүң!” деп отургандарды жарчу экен. Эстебес Турсуналиевге сөз берилип калса ал киши жарым саат сүйлөчү экен. Бир жерде Эстебеске сөз берилсе Асакем жөн турбай: “Эстекем сүйлөгүдөй болсо алды менен алып иели. Андан кийин шашпай аны угалы” деген тура.

“Карагулду өлтүрө албай жатат”

– Бир жерде Ашыралы Айталиев “Карагул ботомду” жарым сааттан ашык айтып, өзү кошо ыйлап бүтүрө албай жатса Эстебес Асакеме карап: “Ой буга эмне болгон, такыр эле бүтпөй койду го” дейт. Анда Асакем: “Мергенчи мага окшоп несталма окшойт, мылтыгын үйүнө унутуп калыптыр. Байкуш Карагулду колу менен муунтуп өлтүрө албай жатат” дептир.

“Баранная парикмахерская”

– Союз учурунда документтерди өңчөй орусча толтурчу эмес беле. Бир жолу артисттер кой кыркынга концерт берип калышат. Наряддагы “место проведения концерта” дегенге Асаке ойлонбой туруп көк сыя менен “Баранная парикмахерская” деп балчайта жазып келип филармонияга өткөрөт. Аны көргөн филармониядагылар бир айдай күлүп жүрүшкөн экен.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар