– Гаарба мырза, эмне үчүн Гаарба? Кайсы тилден алынган, ысымыңды ким койгон? Сени тааныгандардын баары эле кызыгып сураса керек?
– Ооба, баары сурашат. Биринчи эле уккан адам чын атыңды айтчы дейт. Чын атым, паспорттогу, документтеги атым – Гаарба. Атам китеп окуп жүрүп, астеризм доорундагы Гаухарба деген ысымды таап алат. Перилердин падышасы болгон экен, 360 жашка чыгыптыр. Ушул ысымды коём десе Калпа молдо болбой койгон экен. Балаң атты көтөрө албайт, чарчап калат деп. Атакем дароо ойлонуп, Гаухарба деген ысымды кыскартып Гаарба деп Калпа атага кайра барыптыр. Анда балаңа ай төлгө, жылдыз төлгө түшсө коёлу, болбосо жок дейт. Эки күн өтүп, түнкү саат үчтө дамбалчан Калпа атабыз эшикти такылдатып келиптир. “Балаңа төлгө түштү, Гаарба деген ысымды коё берсек болот” деп. Көп айылдардан молдолор чогулуп келип, азан чакырылып ыроолонгон ысымым Гаарба.
– Эми чыгармачылык тууралуу сөз кылсак. Сени окурмандар акын жана кара сөз чебери катары билишет, сага кайсынысы жакын?
– Калп айткан менен болобу, ырга караганда кара сөзгө жакынмын.
– Адатта, акын-жазуучулар өзүнөн башканы окубаган, атүгүл ким, эмнени жазып жатканына да кызыгып коюшпаган, өзүмчүл калк келет. А сени болсо китепти көп окуйт деп айтышат. Бул адатпы?
– Башкалар окуйбу же жокпу, алар үчүн айта албайм. Мен күн сайын 300-400 беттин тегерегинде окуганга аракет кылам. Ленин билгенимден билбегеним көп, көптү билгим келет деген эмеспи. Мен да көптү билгим келет. Жазганыбыздан жаза элегибиз көп деп ойлойм. Китеп окуган сайын канатымдын үстүнө канат бүткөндөй, мындан зор канааттануу алам. Канчалык көп окуганга аракет кылбайын, ушу бүгүнкүгө чейинкинин баарын окуп бүтүүгө мүмкүн эмесин түшүнүп, мүмкүн болушунча тандап окуйм. Өзүмө жаккан акын-жазуучулардын гезиттерге берген маегине чейин, жазган каттарына чейин окуганга аракет кылам. Кылым жаша, кылым үйрөн дейт го. Анысы кандай, кылым жашап, кылым окуганга не жетсин.
– Калемгерлер жазганын жазып коюшат да, окурмандар менен байланышы жок. А сен болсо улам кайра бастырган учурларың да бар. Мунун “секрети” жокпу?
– Мен китеп чыгарганда 1000 же андан көп нуска менен чыгарам. Китебим окурмандарды таап кетсе, “мурдумду узартып” кайра бастырам (күлүп). Бардык сырыңды унчукпай бөлүшүп, көңүлүңдү көтөрүп, акылыңды дайрадай агыза турган бул китеп дүйнөсү. Ошол улуу дүйнөнү окурмандар сезип китеп алып окуп келишет. Өмүр кандай кымбат болсо, адамдык сапат, адамдык пейил, адамдык парасат да китеп аркылуу кымбат. Жакшы китептин ичинде ушунун баары жазылат. Биз адатта окурмандарды, анын ичинен жаштарды китеп окубайт деп күнөөлөп келебиз. Жок, андай эмес. Аларга китеп жетпейт. Кээ бир региондордо китеп жок. Көркөм адабиятка кызыктыруучу китептерди окурмандарга камсыздап беришибиз керек.
– Устаттарым деп кимдерди айтаар элең?
– Менин эң биринчи устатым, өзүмдүн атам Орозматов Күрүчбек. Адабиятка болгон кызыгуумду атам ачты. Кээде тентек кылган учурда же китептин атын айтпай же авторун айтпай “Баланча чыгармадагы” деп тилдеп калаар эле. Атамдын сөздөрүн китептен табам деп атып, көп чыгармаларды окуй берээр элем. Көрсө атакем атайын ошондой кылчу экен. Атам да калем шилтеп көп жазчу. Албетте кыргыз адабиятында да, дүйнөлүк адабиятта да мен сыйлаган акын-жазуучулар көп. Француз жазуучусу Андре Моруа, О Генринин “Дары Волхвов”, “Последний лист”, Ефим Эткинд, Одри Хепбёрндун “Римские каникулы”, “Завтрак у Тифани”, Фёдор Абрамов, Виктор Астафьев, Андрей Битов, Николай Помяловский, Стендаль, Бальзак, Александр Солженицын, Иосиф Бродский, Рюноске Акутагава, Харуки Мураками, ааламдык жазуучу Айтматовдун жана башка дөө-шаалардын чыгармалары менен быштык. Кыргыз адабиятында эле кайнай бербей дүйнөлүк адабиятка сүңгүп кириш зарыл.
– Бир чыгарманы канча убакытта жазасың?
– Негизинен аңгеме, эссе, новелла, этюд, очерк, ой-толгоо, фельетондорду бат эле жазам. Ал эми повесть, романдарым жылдап убакытты алат. Чыгарма жазууда, ички ааламдын үнү менен жашап, дүйнө кабылдоонун улуу күчүн мертинтким келбейт. Ат көлүгүмдү агытып, кыялымды күн огуна учурам…
– Кара сөз жазууда эмне маанилүү? Ыр менен кара сөздө кайсынысынан түйшүк тартасың?
– Эми чындыгы ыр жазууда оюң, эс тутумуң, жайгашууң жакшы болгондо ыр жаралат. Жакшы ырды кайра-кайра оңдоп убара да болбойсуң. Ал эми кара сөз жазуу-да, бош убактың боло калганда иш үстөлгө отуруп, токтогон жеринен окуя кууп жазсаң болот. Жазам деп жаза берүү да натыйжа алып келбейт. Талантка жуурулушкан эмгек керек.
– Чыгармачылыгыңа байланыштуу мактоо уккан жакшыбы же сын укканбы?
– Экөө тең керек. Адабий сын туура берилсе, калемгерди чыйралтат, оңойт, кийинки жолу ката кетирбегенге умтултат. Кечке эле сын уга берсе калемгер жазбай коюусу мүмкүн. Адабияттын алптары болгон классиктерден, Нобель сыйлыгына эки талапкерди билем. Экөө тең сыйлык алаарда инфаркт, инсульт болушкан. Себеби, жакшы сөз угушкан эмес. Ал эми мактоо жаатына келсек, убагында мактоо уккан да жакшы. Мактоо адамды жоопкерчиликке байлайт. Сыйлык андан ары милдеттендирет. Демек жакшы менен жаман, мактоо менен сын удаалаш жүргөнү абзел.
– Cен үчүн чыгармачылык түйшүк эмне? Хоббиби, кесиппи, кумарбы?
– Чыгармачылык түйшүк, түйшүк боюнча эле калганы оң го. Себеби, элдин көйгөйүн, сүйүнүчүн, түйшүгүн, коомдо болуп жаткан оң-терс көрүнүштөрдү көркөмдөп калем менен элге жеткирүү. Же болбосо кыйытма түрүндө берүү – ар бир калемгердин милдети. Чыгармачылык түйшүктү акыркы мезгилде мага берилген милдеттей сезем. Себеби, ар бир айтылган мактоо сөз, ар бир берилген сыйлык мени жоопкерчиликке үндөп келет.
“Жүгүрсөм Мекен үчүн жүгүрөйүн”
“Жүгүнсөм Мекен үчүн жүгүнөйүн”
– Кандай чыгарманын үстүндө иштеп жатасың?
– “Сыр төгүү” романымдын экинчи бөлүгүн жазып жатам. Андан тышкары “Күдүк” аттуу романымды буйруса, бүтүп калдым. Окуя кууп отуруп 400 бет болуп кетти. Эми кыскартуу керек деп ойлоп коём. Анткени көлөмдүү чыгарманын окурмандары аз болот. Азыр кыска-нусканы эле окуп калышпадыбы. Бирок, ар бир сөзүмдү, ар бир сүйлөмүмдү кыскарткандан кызганам. Кайсы жерин алып салам деп өзүмө суроо берем. Өзүм редактор, өзүм корректор болуп келем. Балким ушул китебимде редактор менен иштешип калаармын. Азырынча белгисиз.
– Гаарба Орозматовдун кыргыз адабиятындагы орду тууралуу сөз кылсак, өзүңө өзүң кандай баа берер элең?
– “Генерал болом дебеген солдат солдат эмес”. Көздөрү өтүп кеткен улуу муундагы жазуучулардын ордун жоктотпой, алар бизге берген эстафетаны татыктуу алып кетүү бул чоң озуйпа. Оор жүк. Мына ушул жүк, озуйпа мага өз жолумду табууга милдеттендирет. Демек, күндөрдүн биринде мен да улуу муундагылардай кыргыз адабиятынан өз ордумду табам го деп ойлойм. Азыр деле өз ордум болсо керек, бирок аны дагы да бекемдеп, адабияттын оор жүгүн көтөрө беришим керектиги турулуу иш. Мага башкалар баа берсин. Азбы-көппү өз окурмандарым бар. Сыягы аларга менин чыгармаларымдын тили, стили жагат окшойт. Муну окурмандар да, адабиятчылар да, калемдештерим да белгилеп келишет. Бул мактаныч эмес, тескерисинче, чоң жоопкерчилик. Антип алар менин улам кийинки чыгармамды күтүп жаткан соң, ошол үмүттү актоо үчүн чыгармачылык менен иштөөгө туура келет. Бул ишеним мага дем да берет. Ошондуктан кайсы жанрда жазбайын, окурмандардын табитин таап, аларга жаккан, улам кайталап окуган, аалам тамшанып окуган чыгармаларды жараткым келет.
Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”