Четверг, 26 декабря, 2024
-1.9 C
Бишкек

Шыпаакерлерге миң алкыш

Бул жашоо-турмушта ар кандай жагдайлар болот тура. Ардактуу эс алууга чыкканда ден соолугуң оң болбосо кудайлап калат экенсиң. Убагында маани бербей жүрүп бөйрөгүмдү оорутуп алыптырмын.

Анан бир убакта эле ичим бурап ооруп жакшынакай дарыгерлердин сунушу менен республикалык Урология илимий борборуна барууга туура келди. Эми мамлекетибиздеги көп эле саламаттыкты сактоо мекемелеринде болгом. Мындай тартипти, иреттүүлүктү, тазалыкты, бийик деңгээлди көрбөптүрмүн. Оорулуулар да кезегин беришип, дароо жаш врачтар менен медайымдар УЗИден, рентгенден өткөрүшүп, канды текшеришип, дароо төртүнчү кабаттагы 3-палатага жаткырышты. Ичим чыдатпайт тим эле. Доктурлар эмне десе да макулмун. Ооруну басаңдатчу уколду сайышты. Жогорку категориядагы жаш, келечектүү, аракетчил врач Акылбек Абралиев аябай иликтеп, бөлүм башчы, медицина илимдеринин кандидаты Бакыт Боталиевди да чакырып, кеңеш сурап чукулунан операция жасоону чечишти. Мен бардык сунуштарга макул болдум.

Кийинчерээк сураштырсам жалпы наркоз берип, А. Абралиев, кесиптештери Адилет Абдыбеков, Акай Турдумамбетов мээрман медайымдар менен татаал операцияны ийгиликтүү жасашып, таштарды алышып сакайтып чыгарышты. Жаным көзүмө көрүнүп жатты эле, эми аста айыгып акырындап баса баштадым. Ошондуктан адамдын өмүрүн сактап калууга бүт күч-аракетин, билимин жумшашкан жогоруда аталган жана айрымдарынын ысымдары аталбай калган урология бөлүмүнүн шыпаакерлерине терең ыраазычылыгымды билдирип, иштерине ийгиликтерди каалаймын.

Адылжан  ЖАЖАНОВ
Кыргызстан улуттук жазуучулар жана Журналисттер союзунун мүчөсү, эмгек ардагери

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар