Четверг, 26 декабря, 2024
2.1 C
Бишкек

Ысыкта тамак-ашка ууланып калбаңыз

Жайдын аптаптуу мезгилинде калк арасында тамак-ашка уулануу жана ичеги-карын оорулары күч алат. Өзгөчө 14 жашка чейинки балдардын арасында көп катталат. Буга байланыштуу Кемин райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык – эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Бейшенбаева Света тез бузулуучу тамактарды жегенде этият болууга чакырды. Ошондой эле, бир катар жагдайларды эскертти.

Тамак-ашты узакка чейин бышыруу талапка ылайык

Тамак-аштан уулануунун 70 пайыздан ашыгы оору чакыруучу козгогучтар менен булганган тамак-ашты (эт, балык, сорпо, сүт азыктардан даярдалган тамактар жана башкалар), айрым жашылчалар (салат, винегрет, картошка жана башкалар), ошондой эле өрдөк, каздын жумурткалары кошулуп даярдалган тамак-азыктарын жегенден кийин пайда болот. Бул тамак азыктарда оору козгогучтар өсүп көбөйүшүнө шарттар болгондуктан алар өтө тез көбөйөт. Анткени, бул тамак-азыктары углевод жана белок заттарына өтө бай болуп, микробдордун өсүп жетилүүсүнө ыңгайлуу. Мындан сырткары тамакты даярдоо жана сактоо да оору эрежелерин бузуудан да уулануу пайда болот. Тамак-аш азыктарын жылуу бөлмөлөрдө сактоо оору козгогучтардын массалык түрдө өсүп көбөйүшүнө себеп болот. Айрым учурларда жаңы даярдалган тамак-ашты жылуу бөлмөдө бир нече саат сактагандан кийин жесе оору чакырат. Айрыкча майда тууралган эттен (фарштан) даярдалган азыктар, паштеттер, килкилдектер, малдын канынан жасалган колбаса жана башкалар өтө коркунучтуу. Себеби, бул тамактарда микроб-дор өтө тез өсүп көбөйүшөт. Тез бузулуучу азыктарды муздаткычта же муздак жерде (кышында от жагылбаган бөлмөлөрдө) кыска мөөнөткө сактоо зарыл. Кайнатылып бышырылган же куурулган тамак-ашта оору козгогучтар бат эле өлөт, чала куурулган же бышырылган азыктардын катмарына ысык жакшы өтпөй калып, микробдор өлбөй сакталып калышы мүмкүн. Ошондуктан тамак-ашты жакшылап узакка чейин бышыруу талапка ылайык.

Оорунун алгачкы белгилери

Оору көпчүлүк учурда булганган тамакты жегенден 4-8-12 сааттан кийин башталат. Оорулуунун жүрөгү айланып, кусуп, ичи өтүп, ооруйт. Температурасы (кээде 38-39° С чейин) жогорулайт. Кээде оору катуу жана оор өтүшү мүмкүн. Оорунун белгилери билингенде эле врачка кайрылуу зарыл жана өзүн өзү врачтын көрсөтмөсүсүз дарылоого тыюу салынат. Тамак-аштан ууланууга ботулизм жана стафилококк уусу менен уулануу кирет. Анткени стафилококктор тамак-ашка түшкөндө өзүлөрүнөн уу бөлүп чыгарат. Анын уусу жылуулукка өтө туруктуу келет.

Стафилококк

Стафилококктордон тамак-аш аркылуу уулануу көпчүлүк учурда булганган кондитер (кремдүү) азыктарды, таттуу быштактарды жана башкалар жегенден кийин болот. Тамак-ашка стафилококктор көбүнчө чыйкан жана башкалар теринин ириңдүү оорусу, ангина, ларингит, бронхит жана башка менен жабыркаган кишилерден (ашпозчу, кондитер жана башкалар) жугат. Сүттүн стафилококк микробдору менен булга-нуусу уйдун эмчегинин ириңдеп сезгенип оорушунан болушу мүмкүн. Стафилококк-тон ууланууда оорунун жашыруун мезгили 2-3 сааттан ашпайт. Оорулуу өзүн жаман сезип, чемирчектин асты ооруп, окшуп кусат. Кийинчерээк ич өтөт. Анын жеңил түрүндө эти ысыбайт, оорулуу 1-2 күндө сакаят. Кээде оор түрү кезигет. Бул учурда оорулууну тез ооруканага жеткирүү зарыл. Дароо карынды тазалап, ичке, колго, бутка жылыткыч коюп, ысык кофе, чайды көбүрөөк берүү керек. Ууланууга окшош белгилер (ичтин оорушу, кусуу) карынды тазалоого, ичке жылыткыч коюуга болбой турган сокур ичегиде жана он эки эли ичегинин жараларында да байкалат, ошондуктан аны так аныктоо зарыл.

Ботулизм

Ботулизм – ботулис микробу бөлүп чыгарган уудан (токсин) пайда болуучу, капысынан башталып, катуу кармаган оору. Ботулизмдин козгогучтары жаратылышта кеңири таралган жана анаэробдук шартта жашап, споралары айлана-чөйрөдө өтө чыдамдуу. Инфекциянын булагы жаныбарлар. Алардын ичегисинде көбөйгөн бацилла заң менен сыртка чыгып, айлана-чөйрөнү булгайт. Киши оорунун козгогучтары менен булганган тамак-аш аркылуу (чала бышкан эт, балык, колбаса, ар түрдүү консерваланган тамак) жугузуп алат. Ботулизмдин жашылча (бадыраң, кызылча, баклажан жана башка), жер-жемиш, козу карын жана башка өсүмдүктөрдөн үй шартында консерваланган азыктардан болгон түрү коркунучтуу. Себеби, жылчыксыз жабылган идиштеги, таза жуулбаган жана жетишерлик кайнатылбаган өсүмдүктөгү козгогучтар анаэробдук шартта тез көбөйөт. Бул тамак-ашты жегенде кишилер ууланат. Уу ичегиге тез сиңет, андан кан менен бүт денеге тарап, түрдүү органдарды, өзгөчө нерв системасын жабыркатат. Оорунун жашыруун (инкубациялык) мезгили 2 сааттан 1 жумага чейин. Ал адатта булганган тамакты жегенден 12–24 сааттан кийин капыстан башталат. Оорулуу алсызданат, башы айланып ооруйт, денеси ысып, кусат, оозу жана эрини кургайт, суусайт, ичи өтөт же катат, уйкусу качат, нерв системасы жабыркагандыктан, парез жана паралич (шал) белгилери, көзгө кош көрүнүү байкалат. Көз жапкагы жабылып (птоз), карек чоңоёт, аба жетпей деми кыстыгат, муунат, денеси көгөрүп, 23 сутканын ичинде өлүмгө учурашы мүмкүн. Ботулизмдеги алгачкы (экстрендик) жардам: ичеги-карынды клизма аркылуу тазалоо жана тезинен канга антитоксин (кан сарысуусу) куюлат. Ботулизмди алдын алуу тамак-аш азыктарын даярдоодо, сактоодо жана бышырууда санитария-гигиеналык эрежелерди, жашылчаларды, жер-жемиштерди үй шартында консервалоодо технологиялык талапты сактоо керек.

Ичеги инфекциялары – ооз аркылуу жугуучу, козгогучтары (негизинен бактериялар, вирустар) ичеги карында көбөйүп, бөлүнүп чыккан заттар менен сырткы чөйрөгө таралуучу жугуштуу дарттар. Аларга мисалы, дизентерия, ич келте, паратиф, вирустуу гепатит сыяктуу кеңири таралган оорулар кирет.

Козгогучтардын булагы – оорулуу же бактерия алып жүрүүчү кишилер, ал эми сальмонеллёздор пайда кылган жана адатта тамак-аштан ууланган сыяктуу оорулар айбандардан (үйдө багылган малдан, сууда сүзүүчү канаттуулардан) жугат. Микроорганизмдер бөлүнүп чыккан заттар менен сырткы чөйрөгө таралып (жер кыртышында, сууга, жашылчаларга, үй эмеректерине), чөйрөнүн шартына (температурасына, нымдуулугуна жана башка) жараша бир нече күндөн бир айга чейин жашай берет. Кээ бир азыктарда (сүт азыктарында, килкилдекте, фаршта жана башка) ыңгайлуу температурада алар тукумдап көбөйөт. Ал кир кол, үй-тиричилик буюмдары (сүлгү, оюнчук, идиш- аяк жана башка) аркылуу жугат. Тамак-аш азыктары, көбүнчө жуулбаган жашылча, кайнатылбаган сүт, чала бышкан же куурулган эт жана ошондой эле ачык көлмөдөгү суу-ну кайнатпай ичүү же булганч көлмөгө түшүү оору жуктуруунун бирден-бир жолу болуп эсептелет. Андан сырткары, жайында чымын ооруну таратууда белгилүү роль ойнойт. Бөлмөдө чымын болбошу керек. Оорулууну тез-тез жана аз-аздан тамактандыруу зарыл; сүт, капуста, эт жана майлуу, куурулган жана татымалдары өткүр тамак-аш берүүгө болбойт. Тамак-аш суудан болуусу тийиш (эзиле бышкан күрүч, ботко). Мындай мүнөздөп тамак ичүү врачтын уруксаты менен гана өзгөртүлөт. Тамакты мүнөздөп ичүүнү 2 айдан кем эмес сактоо зарыл.

Маанилүү кеңеш

*Тамак-аш азыктарын уруксатсыз соода кылган жерлерден сатып албаңыз. Бул өзгөчө сүт, быштак, каймак жана үй шартында даярдалган ар кандай тез бузулуучу азыктарга тиешелүү;

*Тез бузулуучу тамак-аш (сүт жана колбаса, даяр салаттар, каймак кошулган кондитердик азыктар) жана балдар үчүн азыктарды сатып алууда жарактуулук мөөнөтүн, сактоо шарттарын караңыз;

*Жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен же муздаткыч жабдуулардан тышкары сакталган продукцияны колдонбоңуз;

*Жашылчаларды, мөмө-жемишти колдонуудан мурун жакшылап жууп тазалаңыз;

*Бузулган белгилери бар жашылча-жемишти, азыктарды сатып албаңыз жана колдонбоңуз;

*Дат баскан, деформацияланган, этикеткасы жок консерваларды сатып албаңыз;

*Маркаланбаган (этикеткасы жок) тамак-аш азыктарын сатып алууга болбойт;

*Тамак-аш даярдоонун алдында жана кийин сөзсүз колуңузду жууп, өздүк гигиенаны сактаңыз;

*Тамак жасоо үчүн колдонулган бардык ашкана идиштерин жуучу каражаттар менен дайыма жууп туруңуз;

*Чийки азыктар үчүн өзүнчө бычактарды жана ашкана такталарын колдонуу зарыл;

*Кайнатылган же бөтөлкөдөгү сууну ичиңиз;

*Тамактарды, өзгөчө этти, тоок этин, жумуртканы, балыкты жакшылап кууруп же кайнатыңыз;

*Тез бузулуучу тамак-ашты жана даярдалган салаттарды бөлмө температурасында эки сааттан ашык сактабаңыз, анткени бул бактериялардын жана токсиндердин топтолушуна алып келиши мүмкүн;

*Тортторду, каймак кошулган таттууларды муздаткычта гана сактаңыз, бул тез бузулуучу азыктар экенин унутпаңыз;

*Жаңы даярдалган тамакты мурунку күндөн калганы менен аралаштырбаңыз. Тамак эртеңкиге калып калса колдонуудан мурун аны термикалык жактан иштетүү (кайнатуу, кууруу) зарыл;

*Тамак-ашты курт-кумурска, жаныбарлардан корголгон жерлерде сактаңыз.

*Тамак-ашты жана салаттарды бөлмө температурасында эки сааттан ашык сактоо кооптуу.

А. АКИМБАЕВА

 

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар