Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Айтматов баалаган акын

«Бөрүлүгүм ырас, бирок энемин,
Бөөдө кырсык басып дайым келемин.
Айткандары чын болсо эгер канакей,
Адамдардын «аалам чексиз» дегени.

Түрдүү жорук дүркүрөтүп денени,
Жок дегенде аяшпайбы энени.
Күнөөсү жок бөлтүрүктөр эле го,
Көз алдымда өлүп жаткан береги.

Моюн сунбай тагдырыма эгерим,
Моюнкумдан качып келген себебим –
Койну кенен касиеттүү Ысык-Көл,
Колтугуна катып алаар дегемин.

Айбан элем, бирок жырткыч болбогом,
Болгон айбым – тукумумду коргогом.
Айлам куруп ай талаада калаарда,
Адам уулун багайын деп ойлогом.

Ал тилек да ара жолдо таш капты,
Алар неге баланы атты, мени атты?
Адам – Кудай амиринин күчүнөн
Аалам тарып, асман түшүп келатты…
(12-декабрь, 1988-жыл)»

Акын Мая Осмонкулованын мына ушул «Акбаранын көз жашы» аттуу ырын качан, канча жолу окубаңыз, окуган сайын жүрөк титиретип, муунуңду бошотуп ойго салат. Айбан да болсо адам сыңары туйлап, бөлтүрүгү үчүн боздогон Акбаранын көз жашы, өзөгү өрттөнүп, көз жаш төгүп, көөнү сыздап, тили гана жок болгону болбосо, ботодой боздоп үн салганы не бир сезимтал жанды туйлатат.

Акын Мая Осмонкулова бул ырын 1995-жылы 12-декабрда Таласта Чың-гыз Айтматов менен окурмандардын жолугушуусунда окуп берген экен. Ошондо алп жазуучу сөз алып, трибунага чыгып: «Чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү такыр башка болот экен, эртеден берки маанайды Мая башка нукка буруп жиберди. Бир жолу Москванын көчөсүндө келе жатсам, бир орус аял салам айтып токтоп калды да, «Я – Акбара» деди. Мен түшүнбөй калып: «Вы что, шутите?» деп күлдүм. Ал аял башка эч нерсе дебестен басып кетти. Ошол окуяны али да унутпайм. Балким ал дагы баласын жоготкон, башында Акбараныкындай кайгысы бар энедир.

Көрсө, аял кишилер Акбараны өзүнүн жан дүйнөсүнө жараша башкача кабыл алышат окшобойбу. Аны мен экинчи жолу байкап отурам», дептир.

Жазуучунун улуулугун карабайсызбы, кийин да ушул окуяны эстеп, 1996-жылдын 1-январь күнү КТРде Чыңгыз Айтматов интервью берип жатып, журналисттин: «Сиз эмне үчүн чыгармаларыңызды алгач кыргыз тилинде эмес, орус тилинде жазасыз?» деген суроосуна: «Мен «кыргыз тили кедей тил, кыргыз тилинде оюмду толук бере албайм го» деп ойлочумун. Көрсө андай эмес экен. Өткөндө Таласта бир Мая деген кыз бар экен, мен үч-төрт жыл жазган романымды ал үч-төрт сап менен эле берип коюптур» деп жооп бергени анын далили эмеспи.

Чындыгында эле Мая Осмонкулова Ч.Айтматов баалагандай эле бар, аябай кызык акын. Ал адабиятка өткөн кылымдын 70-жылдарында келүү менен, тынымсыз изденип, өзүнүн жолун таап, поэзия дүйнөсүнөн өзүнүн татыктуу ордун ээледи. Мая эжебиздей акын болсом деп самап, анын ырларынан үйрөнгөндөр канча? Анын поэтикалык дүйнөсүнө көөдөнүн жылытып, ой чабытына чөмүлүп канча акындар өсүп чыкпады дейсиз.

Кудай сүйгөн пендесине акындык дарамет, аккан суудай агылып, кумдай куюлуп келген сөз кудуретин берет экен. Аларга жарчыдай жарылып чыккан туюм менен жаралган ырларды, эргүүлөрдү, көзгө көрүнүп, колго кармалбаган керемет саптарды акыл туюмуна салып, тынч алдырбай көөнүн жарган касиетти берет окшойт. Мен Мая Осмонкулованы мына ошондой, табият талант тартуулаган акын деп эсептейм.

Анын дээрлик ар бир ырын улуттук поэзиядагы өзүнчө окуя катары кабыл алса болот. Себеби, бул ырлар сезимталдуулугу, чын жүрөктөн агылып чыккандыгы, тазалыгы, купуялуулугу, табышмактуулугу жана миң түркүн ойго чакыргандыгы менен айырмаланып турат.

Албетте ырлардын уйкаштыгы анчейин сыдыргыга салгандай кооз, мукамдуу болбогону менен, акындын ырларындагы тереңдик, бир сырдуулук окурманды жалт эттирип өзүнө бир каратат. Ал жөнөкөй жана түшүнүктүү жазганы менен башкалардан айырмаланат.

Мая Осмонкулованын «Садагам Оштой жеримден» аттуу ырын окуп көрөлү:

Көз артат көптөр жериме,
Көз мончок тагып койсомбу?
Көркөмүң дагы арттырып,
Көпөлөк болуп консомбу?

Сук артат көптөр жериме,
Айлантып сууну чачсамбы?
Арттырып көркүң ансайын,
Ак марал болуп барсамбы?

Колумдан келсе, туулган жер,
Көз тумар болуп тагылсам.
Туулуп өскөм койнуңда,
Тууруңду кимдер талашмак.

Сактасын суук көздөрдөн,
Сак-сактап келем кызганып.
Башкага балким башкача,
Мен үчүн ыйык кыштагым.

Мындай ак тилектен, сүйүүгө толгон жүрөктөн чыккан ырды бардык эле акындар жаза бербейт, акындардын акыны жазат. «Садагам Оштой жеримдендин» текстине жазылган обон ооздон-оозго көчүп ырдалып, элдик ырга айланып, Ош жергесинин гимнине айланып калганы да мына ошондон.

Мая Осмонкулова учурдагы улуттук поэзиянын учугун улаган, аны алга сүйрөгөн таланттуу акындарыбыздын бири. Ал туурасында адабиятчыларыбыз да өз сөздөрүн айтаар күн алыс эмес.

Жамийла КАСЫМ кызы,
Бишкек шаары

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар