Пятница, 27 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Лөк балбан – Алыбек уулу Баймамбет

Кыргыз тарыхында байыркы кыргыз спортунун чыгааны катары  өмүрү уламышка айланып, эл оозунда оозеки айтылып жүргөн улуу инсандардын бири — Алыбек уулу Баймамбет  “Лөк балбан” деген каймана аты менен жамы журтка таанылган. Ал XIX кылымда Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында жашаган, теги Басыз уруусунун Байсогур уругунан болгон. Болжолу 1847-жылы туулуп, 1929-жылы 82 жашында дүйнөдөн кайткан.

Баймамбет балбан 70 жашка чыкканга чейин кыргыздын аттуу-баштуулары өткөргөн тойлорго катышып, балбан күрөшкө түшүп, өмүрүндө бир да жолу далысы жерге тийбеген балбан катары даңазаланып айтылат. Ал сары чийкил, жээрде сакал, бою 2,2-2,3 метр келген, кең далылуу, ийиндери чоң, булчуң-сөөктүү, алп денелүү киши болгон дешет. Атка минбей, жүгүн артып коюп, атын жетелеп алып, жөө-жалаңдап жүрчү экен. Тилекке каршы, анын бир да фотосүрөтү калган эмес. Анын болжолдуу элесин эл оозунда айтылып жүргөн аңыз кептер боюнча элестетип, акталаалык сүрөтчү Нурмухамбет Атабеков тарткан. Баймамбет балбан жөнүндө кыргыз санжырасын изилдеген окумуштуу тарыхчылар Жумагул Байдилдеев, Кыргыйбек Молдожунусов эл оозунан маалымат жыйнап, айрым тарыхый маалыматтарга салыштырып, илимий макалаларында жазышкан.

Белгилүү санжырачы Кожалы уулу Жакшылыктын айтымында, Баймамбет балбан тогузторолук чоң манап Разабай ажынын сынынан өтүп, 25 жашында Олуя-Атада өткөн чоң мааракеде кыргыз, казак элинин атынан балбан күрөшкө чыгып, Башкырстан, Татарстандын атынан келген Түк балбанды, өзбек, тажик, түркмөн элинин атынан чыккан Кап балбанды жеңип, жалпы Орто Азияга  Лөк балбан деген каймана ат менен атагы дүңгүрөгөн. Ошондо казактардын Улуу жүзүнүн башчысы Баймамбет балбанга баа берип, сый-урмат көрсөтүп, ордо кыздарынын бирине үйлөнтүп кетирген экен.

Окумуштуу тарыхчы, санжырачы Ж.Байдилдеев Баймамбет балбан улгайып калган кезинде саяк уруусунан чыккан атактуу Моюнчу балбан аны атайын Анжиянга издеп келип, күч сынашып  күрөшкөнү жөнүндө жазган. Моюнчу балбан күрөшүп атканда, атаандашын шилиге чаап жиберген жаман адаты бар экен. Ошон үчүн ал Моюнчу атыгыптыр. Жолуккан жерден экөө күрөшүп, бири-бирин жыга албай тең чыгат, ошол жерден мындан ары эч качан бири-бирибиз менен күрөшпөйлү деп антташып тарашат. Бирок, Байзак баатырдын ашында Моюнчу балбан антты бузуп, Баймамбет балбан менен кайра күрөшкө чыгып, жеңилип калат. Баймамбет Моюнчуну так көтөрүп барып, саяк уруусунун манаптарынын алдына таштап койгон дешет. Моюнчунун жеңилгени тууралуу өз оозунан укканын акталаалык Дегенбай аксакал минтип эскерчү экен: ”Күрөшүп атканда, адатымча байкатпай шилиге чаап ийсем, Баймамбет акенин башынан чаар топусу ыргып кетти, төбөсүндө алакан отундай жерде ак чачы бар экен, маңдайына төгүлө түшкөндө жүрөгүм шуу дей түштү. Чач эмес эле, ар бир талы  жыландай тил чыгарып, мени арбап келаткандай туюлду. Өзүмдү жоготуп койдум. Ошентип антты бузуп, адамдын ыйыгына кол салганым үчүн сыр берип, жеңилип калганмын”.

Баймамбеттин өтө карылуу, алп денелүү балбан болгону жөнүндө дагы бир аңыз кеп эл оозунда азыр да эскерилип жүрөт: Чолок-Кайың айылындагы “Хан Шырдакбектин чеби” деген тарыхый жердин жанынан Кашкар – Торугарт – Алабука – Өзгөн – Яссы багытында Улуу Жибек жолу менен соодагерлердин кербени өтчү экен. Ошол жолдун боюнда соодагерлерди тоногон каракчылар пайда болот. Ал жерди эл “Каракчы-Коо” деп атап, ары-бери өткөндөн коркушчу дешет. Бир жолу Баймамбет балбан соодагерлерди ошол жерден өткөрүп коеюн деп коштоп келатса, каракчылар адатынча кербенге кол салышат. Баймамбет каракчылар менен чабышып, аларды байлап алып, биринин башын жарып, биринин колун, биринин бутун сындырып катуу сабайт. Ошону менен каракчылар жоголот. Ал жер азыр да “Каракчы-Коо” деп аталат.

Ак-Талаадан Анжиянга көчүп кетиши, урпактары

Ак-Талаада бир чоң той болуп, Саяк уруусунун билермандары жаңы чыгып келаткан жаш балбанын Баймамбет менен күрөштүрүп сынамак болушат. Ал кезде Баймамбеттин жашы 60тан өтүп калган экен. Жаш балбан карыган чалды бүктөп коем деп өктөм сүйлөп, катуу күүлөнүп чыгыптыр. Арданган Баймамбет жаш балбанды көтөрүп чаап, катуу ныгырып басып алганда, тиги балбан ошол жерден өлүп калып, чоң той басыздар менен саяктардын ызы-чуусуна айланат. Саяктардын мыкты жигиттери биздин балбанды өлтүрүп салды, өзүн өлтүрөбүз деп Баймамбетти тегеректеп келатканда, Лөк балбан өсүп турган четинди тамыры менен жулуп алып, дөгүрсүгөн 6-7 кишини жыга чаап кетип калат. Ошону менен саяктар менен басыздардын чыры ырбайт. Акыры эки уруунун аксакалдары менен эл башчылары ызы-чууну басып, ынтымакка келүүгө сүйлөшүп, басыздар кеңешип Баймамбет балбанды өчөшкөндөр зыян кылып койбосун деп бир туугандары Шаамамат, Муса, Молдомусаны, атасы Алыбектин бир тууганы Жаныбекти үй бүлөсү менен Өзгөндөгү басыздарга барып из суутуп тургула деп Анжиянга Ак-Терек деген айылга көчүрүп барышат.

Ошентип балбан Өзгөндү байырлап 20 жылдай жашап калат, дагы эле балбан күрөштөргө чыгып, байге алып, колунда жокторго соогат таратып, аброюн жоготпойт. Элге суу тегирмен куруп берет, малдуу жашап, өзүнчө жайлоого чыгат. Ал жайлаган жайлоо азыр деле “Баймамбеттин жайлоосу”, “Баймамбет чоку” деп аталат.

Анын күйөө баласы Калча дагы катуу чыккан, карылуу балбан болгон дешет. Кийин актеректик Кулмат жинди деген оозар киши аны кыйын болсоң, жериңди тап деп койгон экен, Байымбет балбан ызаланып, актеректиктерге таарынып, ажыраш аяк берип, Сузактын Ак-Кыя айылындагы Байсогур туугандарына көчүп кетет. Суу тегирменин мени эстеп жүргүлө деп элге калтырат. Актеректик замандаштарынын эскерүүсүндө, Лөк балбан чоң тегирмендин оор ташын өзү жалгыз чечип алып, чегип, кайра орнотуп иштетип, элге ун-талкан тартып берчү экен. Кийин ал көчүп кеткенде, тегирмендин ташын 6-7 киши кармап чегип, араң көтөрүп коюшчу дешет.

Баймамбет балбан көчүп баргандан кийин Сузак жакта 2-3 жылдай жашап, 1929-жылы 82 жашында дүйнөдөн кайтат, сөөгү ошол жердеги “Тамга-Терек” деген чоң мазарга коюлат. Жогорудагы ызы-чуу Баймамбет балбандын түштүк жакка көчүп кетүү себеби болгону айтылса, бирөөлөр совет бийлигинин тушунда кулакка тартыларда Ак-Талаадан Анжиян өрөөнүнө качып кеткен деп айтышат. Орус падышасынын колониялык үстөмдүгүнө каршы Анжиян көтөрүлүшүнө катышкан үчүн орус бийлигинин куугунтугунан качып жүргөн деген да божомол бар. Анжиян аймагындагы жергиликтүү эл аны “аркалык балбан Байымбет” деп таанышкан.

Баймамбеттин туугандарынын балдары азыр да Өзгөндө жашашат. Анын казак аялынан бала жок, экинчи аялынан Бекташ, Айдаркан деген эки уулу, Толгонбу, Батма деген эки кызы калат. Бекташ менен Айдаркан Улуу Ата Мекендик согушка кетип, кайтпай калышат. Алардан жетим калган беш баланы балбандын жакын тууганы Наскул аке жалгыз кызына кошуп багып, чоңойтуп, үйлөнтүп, жайлантат. Алардан тараган урпактары азыр да Сузак районунун “Таран-Базар” айылында жашап турушарын балбандын кыбырасы Бакай Маматкарим уулу (Бекташтын небереси) айтып берген.

Баймамбет балбандын кийген кийимдеринен бир гана эски топусу сакталып калган, урунган буюмдары да калган эмес. Согуш мезгилиндеги оор турмушта Баймамбет балбандын эки уулу тең согушта өлүп, алардын балдары өтө жаш калгандыктан, залкар инсандын тарыхый буюмдарын сактап калууга эч ким маани берген эместей. Баймамбет балбандын Анжиянга баргандан кийинки жашоосу, андан калган урпактары, балбан таштары жөнүндө маалыматтарды тарыхчы окумуштуу Кыргыйбек Молдожунусов изилдеп жазып чыккан.

Баймамбеттин балбан таштары

Илгери мыкты балбандар оор таштарды көтөрүп, жоон аркандарды үзүп, акырында мен-мен деген балбандар менен күрөшүп, сыноодон өтсө гана балбан күрөшкө чыгышчу экен. Учурда Ак-Талаа районунун “Чолок-Кайың” айылында “Баймамбеттин балбан ташы”, ал эми Сузак районунун “Жылуу-Булак” айылындагысы “Баймамбеттин төө ташы” деген ат менен сакталып калган. Лөк балбан Ак-Талаадан Анжиянга көчүп кетип атканда мени унутпай “Баймамбет акемдин балбан ташы” деп эстей жүргүлө деп, “Былкылдактын сазы” деген жерден баштап, 7-8 км аралыктан тынбай көтөрүп келип, “Шейтаалынын түзү” деген жерге таштап кетет.

Кийин совет бийлиги орногондо чолоккайыңдык Артык Байсаяков батрактардын жамааттык чарбасын жетектеп калат. Ошол киши Баймамбет акемдин балбан ташы деп алдырып келип, кеңсесинин алдына койдуруп коет. Кийин аны мектеп музейине коебуз деп мектепке алдырып келишет. 2024-жылы мурунку айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Учугенова Ак-Талаа районунун тарых музейине алып келип тапшырган. Бул балбан таштын салмагы электрондук таразага тартканда 132 кг чыккан. Боорунда чегилген Басыз, Байсогур урууларына тиешелүү эн тамга болгон.

Баймамбет балбандын экинчи балбан ташы Сузак районунун “Жыгач-Коргон” айылына жакын “Жылуу-Булак” деген жерде “Байымбет балбандын төө ташы” сакталып калган. Салмагы таразага тартылган эмес, узуну–150 см, туурасы–47 см болгон. Демек, Алыбек уулу Баймамбет жөн эле уламыш эмес, өз доорунда балбан күрөштө биринчиликти бербеген кыйын спорт чебери, тарыхый инсан болгонун, кыргыздарда мурда эле спорттун күрөш түрү мыкты өнүгүп келгенин азыркы муун биле жүрүүгө тийиш.

“Баймамбет балбан” дастаны

Акын, санжырачы Кожалы уулу Жакшылыктын “Тогуз-Тором жүрөк толгоом” деген китебине чыккан “Баймамбет балбан” дастанынан үзүндү:

Жер ортосу “Ор-Казган”
Жайлоосуна беш үйдү,
Өзүнчө бөлүп тиктирип,
Олуя-Ата жерине,
Мааракеге камынып,
Разабай манап айлына,
Басыз, саяк балбанын,
Калтырбай баарын чакырып,
Күрөштүрүп көрүптүр.
Эртесинде шашкеде,
Баймамбетти чечинтип,
Теке шымды кийгизип,
Беш балбанды беттетип,
Баймамбетке салыптыр,
Экөө барып качырып,
Аягынан алыптыр.
Үчөө барып түз эле,
Бой тиреше калыптыр.
Жүрөксүп коркуп калбастан,
Бойлошкон үч балбанды,
Чогуусу менен кучактап,
Куушуруп келип сол бутун,
Кармап туруп балбандын,
Үстүнө жыга басыптыр,
Оң колу менен имерип,
Төрт балбандын үстүнө
Кошуп баарын чогултуп,
Үстүнөн басып алыптыр.
Астында калган балбандар
Өң-алеттен кетишип,
Өзөрүп турбай калыптыр.
Баракелде күчүңө,
Баймамбет аман болгун деп,
Эли ыраазы болуптур.
Кийинки кезек балбандын,
Кара күчүн сыноого,
Балбан таштан үчөөнү,
Катарынан коюптур.
Адегенде кезекти,
Беш балбанга бериптир.
Коюлган таштын экөөнү,
Баарысы тең көтөрүп,
Эрдемсинип калыптыр.
Үчүнчү ташка келгенде,
Козголто албай ордунан,
Дармандары кетиптир.
Баймамбет чыдап туралбай,
Балбан ташка жетиптир,
Былк этпеген бул ташка,
Ачуусу келип кумсарып,
Аба жутуп, күч жыйнап,
Теңирим өзүң колдо деп,
Так көтөрүп башынан,
Байланып турган айгырды,
Үстүнөн алыс ыргытып,
Мөөрөйдү жеңип алыптыр.
Тоголонгон балбан таш,
Сазга барып жеткенде,
Ичине батып кетиптир.
Акыркы сыноо балбанды,
Он эки катар чыйратып,
Байлаган кыл арканды,
Удаа-удаа үч жолу,
Үзүп алмак шарт экен.
Баймамбеттен башкасы,
Үзө алышпай арканды,
Дарамет-күчтөн тайыптыр.
Баймамбет барып жайма-жай,
Үч арканды бир кармап,
Бурап келип тизеге,
Ач кыйкырык жаңыртып,
Чиренип тээп күчтөнүп.
Кыл арканды тартканда,
Узара түшүп ичкерип,
Он эки катар чыйраткан,
Үзүлдү аркан чырт этип.

Адылбек ЧАРГЫНОВ

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар