Тамара ДОБУЛ кызы (Кыдыралиева) акын катары таанылып, өз окурмандарын таап, адабий журтчулукка кеңири таанылып калды. Ал Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун, КР журналисттер союзунун мүчөсү. “Заман” адабий бирикмесинин төрайымы. “Желдин жыты”, “Сүт даамданган ырлар”, “Заман” аттуу ыр китептердин автору. Балдар үчүн “Жылдыздарды ким жипке тизет”, “Желбей калган торт”, “Мен чиркейди кантип аттым?” деген китептери жарык көргөн.
ТАМ БАШЫНДАГЫ КЫЗГАЛДАКТАР
Кең талаада келем көзүм жалындап,
Кулпурушат кызгалдактар жайнаган.
Бачым өткөн балалыгым сагынтат,
Биздин кыштак эске түшүп кайрадан.
Үйлөр токол болуучу жаш кезде мен,
Бардыгы ылай, топурактан салынган.
Эки-үч кабат үйлөр түшкө кирбеген,
Там жок болчу шифер менен жабылган.
Жамгырды ээрчип келген чакта май айы,
Толчу талаа кызгалдактын өртүнө.
Токол тамдар кан төккөнсүп атайы,
Турчу көздөр өрттөнүп гүл көркүнө.
Кызгалдактар азга гана жашашат,
Желбүүрлөрү он күн турбай жок болот.
Кызгалдактай кыска экен да бала чак,
Адам дагы көп жашабайт ойлосок.
АТАНЫН ҮЙҮ
Бир атадан, бир энеден төрөлүп,
Бир бешикте өссөк дагы бөлөнүп.
Бул турмуштун жазымышына баш ийип,
Бой жеткенде ар кай жакка жөнөдүк.
Эх кантели, турмуш башка, шарт башка,
Эң кичүүбүз жашайт азыр ал тамда.
Балдарыбыз, жарыбыз бар мүмкүндүк,
Боло бербейт күн өткөрбөй барганга.
Атабыздын курган үйү биз өскөн,
Алтын мамы – байланганбыз жүрөктөн.
Ата-энебиз өздөрү жок, эми биз,
Аларды тек көрөбүз да сүрөттөн.
Бардык жерде ойго түшүп күнү-түн,
Байлап турган көңүлдөрдү биз үчүн.
Ата үйү – ыйык бизге Меккедей,
Ага баруу – сыймык, бакыт биз үчүн!
ШЫБАК ШЫПЫРГЫ
Кире калсам үйүнө кошунамын,
Жүргөн экен шыпырып атканасын.
Жүрөт шыбак шыпыргы колуна алып,
Шыпыргыны элжиреп жалт карадым.
Туулган жерим капыстан түшүп ойго,
Көзгө элестейт кыз чагым азыр кайра.
Бүргөн, шыбак жыш өсүп, жыты болсо,
Буркурачу кырларда, адырларда.
Шыбак терип келчүбүз капталдардан ,
Шыбак жыты сиңчү эле боюбузга.
Шыпыргыны байлачу апам андан,
Таза турчу корообуз, жолубуз да.
Бул шыпыргы мен үчүн кандай ыйык ,
Кымбаттыгын кошунам билбес такыр.
Сурап алып короомду таза кылып,
Кыз кезимдей шыпыргым келди азыр.
Ушул шыбак шыпыргы айылымды,
Кыз чагымды түшүрүп улам ойго.
Туулган жерге деген сагынычты,
Турду көлдөй толкутуп тулку бойду.
ТЕЛЕФОН
Телефон “шыңгыр” этет,
Жүрөгүм “дир-дир” этет.
Делдеңдеп чуркап барып ала калсам,
– Сен! – деген үмүттөрүм
бүл-бүл өчөт.
Сен эмес, болот башка,
Сумсайып калам азга.
– Кокустан азыр чалып калабы! – деп,
Үмүттүн шамчырагын жагам кайта.
“Шыңгыр-рр…” эх элжиредим,
Дагы эле “Сенби!” – дедим.
Сен эмес, бөлөк экен.
Телефонду бир уруп
талкалагым келди менин.
Үн катпайт телефонум,
Жаманга кетет оюм.
Келесоом! Көп кыйнабай чалып койчу?
Кайдасың? Айтчы, бошпу деги колуң?
КЕТКИМ КЕЛЕТ ЭЛЕТКЕ
Күнүн айтпа кайнайт, ов саратандын,
Көлөкөсүн издеймин кара талдын.
Чакан, бактуу кыштактын кызы элем да,
Жакпай турат ысыгы мага шаардын.
Туулуп-өскөн жериме кетким келип,
Коюу өскөн бактардын арасында.
Шылдыраган арыктын кашатында,
Чачтарыңды желаргы майин сылап.
Жаның жыргап эс алып жатасың да,
Кетким келип, кыштакка кетким келет.
Көчөлөрдө басасың көлөкөлөп,
Курдаш, жердеш, бей тааныш бөлөк өтөт.
Сен жок кезде бир болгон иштерди айтып,
Кошуналар көңүлдү көкөлөтөт.
Кетким келет кыштакка, кетким келет.
Жаның жыргайт ичип сүт, кымыз, айран,
Кыштактагы жашоо эх, жыргал майрам !
Тажатты ызы-чуу машиналар,
Калаадагы турмушка жетсин кайдан?!
Кетким келет, айылга кетким келет .
АЛА ТООМ СЕНСИҢ, МЕНИН САГЫНЫЧЫМ
Асманды чапчыйт көк тиреп,
Ак мөңгү баскан зоолоруң.
Алыста жүрсөм сагынам,
Ак булут минген тоолорум.
Арчалуу тоолуу жерим сен,
Ышкынын терип жегизген.
Ардактап сени өтөм го,
Айланам сендей жеримден.
Мөңгү суу болуп тамчылар,
Мөлтүр кашка сууларың.
Дарылыкка бир тамчы,
Ууртагым келет, ууртагым…
Айылым сени сагынып,
Келемин сага ашыгып.
Алдымдан тосот салкын жел,
Ырларым турат шашылып.
Айылыма келсем чер жазып,
Досторум менен сыр катып.
Абасын жутуп керилте,
Сагынуу менен ыр жазып.
Саймалуу килем салгандай,
Сан гүлдөн мончок тагынган.
Сайраса торгой улары,
Сагыныч артып кайрадан.
ЭКӨӨ ТЕҢ ЭҢСЕЙТ БИЙИКТИ
Көрүш үчүн ааламды бийиктиктен,
Альпинисттер чыгышат чокуларга.
Ыр чокусун жактырып сүйүп ичтен,
Жашап келем жүрөктүн оту барда.
Альпинисттер аралап булуттарды,
Көрөт бүткүл дүйнөнүн жылдыздарын.
Бийиктиктен тосушуп тунук таңды,
Угат үнүн жакындан бүркүттөрдүн.
Коркуп койбойт жалама аска-зоодон,
Аркан болот алардын куралдары.
Көзүн албай тирмийип ак барактан,
Калем болот акындын узанганы.
Экөөсү тең сүйүшөт бийиктикти,
Экөөсү тең ал үчүн үрөйт жанын.
Альпинисттей тутунуп тилекти изги,
Чокуларды жүрөмүн эңсеп дайым.
БИР СУЛУУГА
Балык кармап бир сулуу кыз олтурат,
Дайра боюн сулуулугу толтурат.
Көрүп калып баргым келди жанына,
Кайрымактай олтуруптур ой курап.
Кайрымакка илип алып үмүтүн,
Күтөт окшойт ал асылын күнү-түн.
Көөдөнүнө улам топтоп жаткандай,
Дайра ичинен сууруп чыгып сүйүүсүн.
Сагынычын дайрага айтып олтурабы?
Качанкы бир өткөн кезин элестеп.
Бир кездерде сени дагы күткөндүр,
Жолугууга бото көзүм келет деп.
Көк кашка суу таштан ташка урунуп,
Сүйүү сунат бул сулууга жулунуп.
Дайра сыры арбаганы сулууну,
Мага турду тээ алыстан угулуп.
Алда чиркин кандай гана жарашык,
Дайра менен ушул сулуу жарашып.
Табиятты сулуулайсың биригип,
Болуп турам экөөңөргө мен ашык.