Четверг, 26 декабря, 2024
2.1 C
Бишкек

Токтогул районунун акими Акылбек ТЮКЕБАЕВ: “Компьютердик томография райондун элин тейлөөдө”

– Акылбек Алиякунович, райондун инфраструктурасын жакшыртуу багытында Токтогул районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан кандай иш-аракеттер көрүлүүдө?

– Токтогул районунун аймагынын жашоо шартын жакшыртуу багытында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш аракеттер  жасалууда. 2024-жылдын 6 айында Үч-Терек айыл аймагынын Кара-Суу участогунда “Кайнама” ЖЧКсы тарабынан 8,0 МВт чакан ГЭС  курулуп, пайдаланууга берилди. Райондук электр тармактар ишканасы тарабынан 458,4 км ВЛ-10/6-0,4 кВ эл.чубалгы,169 трансформатор оңдолуп, 3,2 млн. сом сарпталган. Европа өнүктүрүү банкынын каражаттарынан 1-транштын эсебинен Токтогул шаарынын Таза суу сис-темасынын 18 км курулуп, жеке турак жайларга киргизилди. Бала-Чычкан айылындагы суу коргону, Токтогул шаарына чейинки суу түтүктөрү курулду. Азыркы учурда Токтогул шаарындагы таза суу түтүктөрүн куруу иштеринин 2-фазасы жүрүүдө.

Райондун аймагындагы ички жолдордо жалпы 2,4 млн. сомдук иштер аткарылды. 6 айда 46,9 км жолго шагыл төгүлүп, 195,5 км жол сүздүрүлгөн, 4 көпүрө оңдолуп, 10 труба жаткырылган, 3,6 км көчөлөрдө түнкү жарыктандыруу орнотулду. Райондун аймагында 2024-жылдын январь-июнь айларында 20 жаңы ишкердик субъект ишке киргизилген жана жалпы 70 жаңы туруктуу жумуш орундары түзүлгөн. Ачылган ишканалардын ичинен 3 соода түйүнү, 6 коомдук тамактануу түйүндөрү, 3 кызмат  көрсөтүү субъекти, 1 балык чарба, 1 тоок ферма, 2 жеке бала бакча ачылган. Андан сырткары А.Суеркулов айыл аймагындагы Торкен суусунда 8 ишкер, Чычкан суусунда 2 ишкер, Бел-Алды, Толук айыл аймактарында 2 ишкер, Нарын дарыясында 1 ишкер форель балыктарын өстүрүп жатышат. Кетмен-Дөбө, Толук, Үч-Терек айыл аймактарында жалпы 6,3 гектар жерге көчөттөр тигилип, Токтогул токой чарбасы тарабынан “Кайрак” участогунда 3,5 га жерге 710 даана көчөт, “Тегерек” участогуна 2900 даана көчөт отургузулган.

– Президент С.Жапаровдун жарлыгына ылайык, республика боюнча административдик аймактык реформа жүрүп жатат. Сиз жетектеген Токтогул районунда канча айыл өкмөтү бирикти жана мындай реформаны эл кандай кабыл алды?

– Президенттин жарлыгынын алкагында Токтогул районунда административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп, 10 айыл аймак, 1 райондук маанидеги шаар ирилештирилип, 6 айыл аймак 1 райондук маанидеги шаар түзүлдү. Атап айтканда, Токтогул районунун Токтогул шаарына Жаңы-Жол айыл аймагы бириктирилип, Токтогул шаарын административдик борбор деп аныктоо менен Токтогул шаары түзүлдү.

Чолпон-Ата, Кетмен-Дөбө айыл аймактары бириктирилип, Терек-Суу айылын административдик борбор деп аныктоо менен Кетмен-Дөбө айыл аймагы түзүлдү. Бел-Алды жана Абды Суеркулов айыл аймактары биригип, Торкен айылын административдик борбор деп аныктоо менен Абды Суеркулов айыл аймагы түзүлдү. Ничке-Сай жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймактары биригип, Кызыл-Өзгөрүш айылын административдик борбор деп аныктоо менен Элмирбек Иманалиев айыл аймагы түзүлдү. Толук, Сары-Камыш айыл аймактары географиялык шарты татаал, тоолуу аймак болгондуктан өзгөрүүсүз калтырылды. Ал эми, Үч-Терек айыл аймагы өзгөрүүсүз калуусунун себеби, экинчи этап менен райондордун деңгээлинде административдик-аймактык реформа жүргүзүлсө, Үч-Терек айыл аймагына бир катар айылдар кошулуп калат деген пландар бар. Административдик-аймактык реформаны жүргүзүүдө жергиликтүү тургундар тарабынан ар кандай суроолор пайда болду, бирок райондук комиссия жер-жерлерде жергиликтүү тургундарга, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, калкка туура маалымат жеткирүүнүн үстүндө иш жүргүздү.

– Айыл өкмөттөрдүн кыскаруусу менен канча штаттык бирдик кыскарды? Эл арасында нааразычылыктар келип чыккан жокпу?

– Буга чейинки райондогу 11 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык бирдигинде 208 кызматкер эмгектенип келсе (эмгек акы 104 401,1 сом), бүгүнкү күндөгү 7 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык бирдигинде 144 кызматкер эмгектенүүдө (эмгек акы 56 927,65 сом). Административдик-аймактык реформанын жүрүшү менен 64 штаттык бирдикке кыскартылып, 14 759,9 сом компенсация төлөнүп, жалпы үнөмдөлгөн сумма 32 713,6 сомду түздү.

– Өзүңүзгө белгилүү болгондой айыл өкмөттөрдүн, райондордун, облустардын ортосунда жер талашкан көйгөйлөр бар. Административдик-аймактык реформа бул көйгөйлүү маселеге (өзгөчө алыскы жайыттар) канчалык деңгээлде таасирин тийгизет?

– Административдик-аймактык реформанын алкагында Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Республикалык топурак-агрохимиялык станция филиалы тарабынан даярдалган Токтогул районунун Токтогул шаарынын, Кетмен-Дөбө, А.Суеркулов, Толук, Сары-Камыш, Үч-Терек, Э.Иманалиев айыл аймактарынын чек араларынын баяндамасы, схемалык картасы бекитилген.

Айыл аймактардын чек араларынын картасын бекитүү учурунда “Абды Суеркулов айыл өкмөтү менен Толук айыл өкмөтүнүн ортосундагы “Караган-Жайык” участкасындагы талаш 40 га айдоо аянты жана Токтогул шаардык мэриясы менен Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн “Туздуу-Суу” участкасындагы талаш жайыт жер аянты сот органдары тарабынан чечилсин” деп Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын токтомуна белгиленди.

– Тышкы, ички миграция маселеси бүгүнкү күндө да курч боюнча калууда. Бул жагдай тууралуу коомчулукка маалымат берсеңиз?

– 2024-жылдын 1-июлуна карата район боюнча 1174 үй-бүлө, алардын ичинен 432 ички жана 742 жаран тышкы миграцияда жүрүшөт. Тышкы миграцияда жүргөн үй-бүлөлөрдүн балдарынын саны – 1860, ички миграция-да жүргөндөрдүн балдарынын саны –605. Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чаралардын алкагында тышкы жана ички миграцияда эмгектенип жүргөн мекендештерибизди Мекенге кайтаруу боюнча райондун айыл аймактарына бош жумуш орундары тууралуу маалыматтар берилип турат.

– Токтогул районунун мал чарбачылыгы, деги эле айыл чарбасынын көрсөткүчү кандай?

– 2024-жылдын 5 айында райондун айыл чарба тармагында 1 млрд. 285 млн. сомдук дүң продукция өндүрүлүп, өткөн жылга  салыштырмалуу өндүрүлгөн айыл чарба продукциянын көлөмү 40,9 млн. сомго же 3,0% жогорулаган. Райондо 2024-жылга карата 46010 баш кара мал, 159950 баш жандык,14782 баш жылкы, 79029 үй канаттуулары катталган. 2023-жылы Жаңы-Жол айылынын Опос участогунда ветеринардык талаптарга жооп берген жаңы мал базар курулуп, ишке берилген. 2024-жылдын 5 айында райондо 154 айыл чарба кооперативдери (2023-ж. 29 кооператив) түзүлдү.

2024-жылы 18926 га жер аянтына айыл чарба өсүмдүктөрү себилди. 2023-жылга салыштырмалуу 618 гектар жер көп айдалган. Мындан сырткары көлдүн жээгинде 1442 гектар айдалып, буудай, арпа, беде себилген. Жалпы район боюнча 2024-жылы 18872 га жер аянты айдалды. Анын ичинен 509 га күздүк, 1202 га жаздык буудай, 945 га жаздык арпа, 5167 га дандык жүгөрү, 99 га күн карама, 1682 га картошка, 798 га жашылчалар, 1918 га көп жылдык чөп айдап, себилди.

– Райондун элинин саламаттыгын сактоо багытында аткарылып жаткан иштер туурасында окурмандарга маалымат берсеңиз?

– Райондун калкынын саламаттыгына кам көрүү жана медициналык жардам көрсөтүү багытында Токтогул шаарындагы Токтогул, Үч-Терек айылында Ч.Орозов атындагы, Өзгөрүш айылында К.Малабашев атындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборлору (ЖДПБ) иш алып барышат. Медицина мекемелеринде жалпы 86 жогорку билимдүү дарыгерлер, 410 орто билимдүү медайымдар эмгектенишет. Ар бир ЖДПБда “тез жардам” бөлүмдөрү ачылган.

Токтогул ЖДПБда жарандарга ыкчам медициналык жардам көрсөтүү бөлүмү уюштурулган. Райондун аймагындагы бир нече айылдарга стимгрант жана демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен ФАПтар курулган. Ошондой эле райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборуна Бүткүл дүйнөлүк банк аркылуу баасы 7,0 млн. сомдук вакцина сактоочу кампанын жаңы имараты курулуп, ишке берилди. “Гемодиализ борбору” ачылып, бөйрөк оорусу менен жабыркаган бейтаптар Бишкек шаарына барбастан Токтогулдан дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

2024-жылдын 30-январь күнү Токтогул ЖДПБда компьютердик томография аппараты ачылып, калкка кызмат көрсөтүүдө. Компьютердик томография аппараты “Мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасы” долбоорунун алкагында ишке ашты, аппараттын баасы 600,0 миң долларды түзөт. Компьютердик томография аппараты  “Шаньшуй Силк Роуд” ЖЧКсы тарабынан орнотулду.

– Сиз жетектеген райондо туризмди өнүктүрүү багытында кандай иш-чаралар көрүлгөн?

– Туристтер эс алган жайларда коомдук коопсуздукту сактоо, туристтик объектилерге баруучу унаа жолдорун куруунун жана реабилитациялоонун, тиешелүү атайын жол белгилерин орнотуу жана калктуу конуштарда жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерлерди көрсөтүүчү белгилерди тандоо иштери жүрүп жатат. Жайкы туризм объектилеринде санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин жана эрежелердин сакталышын текшерүү, анын ичинде ичүүчү суунун, көлдүн жана саркынды суулардын бассейн сууларын лабораториялык изилдөөлөр үчүн үлгүлөрү алынды.

2024-жылдын июнь айында Токтогул районунун туристтик дестинациясы түзүлүп, туризм тармагында биргелешкен иштер жүргүзүлүп, туристтерге керектүү маалыматтарды жеткирүү иштери жүрүүдө. 5-7-июлда Чычкан капчыгайында Соода өнөр жай палатасы менен биргеликте “Чычкан-2024 эс алуу” деген темада көргөзмө-жарманке өткөрүлөт.

Вера Беделбек, “Кыргыз Туусу”

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар