2022-жылы Президент Садыр Жапаровдун «Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» аттуу Жарлыгынын алкагында республика боюнча токой аянттарын кеңейтүүгө багытталган «Жашыл мурас» улуттук кампаниясы башталган. Бул кампаниянын башталышы менен өлкө боюнча миллиондогон көчөттөр отургузулуп, борборубуз Бишкек шаарында, анын айланасындагы жаңы конуштарда дагы көчөттөр тигилген эле. Тилекке, каршы былтыр кургакчылыктан, сугат, ичүүчү суунун жетишпестигинен улам “Бишкек суу канал” ишканасы шаардыктарга, жаңы конуш тургундарына бак-дарактарды сугарууга тыюу салган. Мындай чектөө быйыл да күчүндө турат. Сугат суу жок болгондуктан жаңы конуштарда, шаардын айрым жерлеринде бак дарактар куурап жатканын бишкектиктер кабатырлануу менен билдиришүүдө.
Суу болбосо,бак отургузуп не пайда?
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын өсүмдүктөр дүйнөсү бөлүмүнүн адиси Канат Дабаев июнь айында Sputnik Кыргызстан радиосунда сүйлөп жатып “Жашыл мурас” кампаниясынын алкагында 2022-жылы өлкө боюнча 4 223 гектар жерге 5 млн. 364 907, 2023-жылы 5 077 гектар аянтка 7 млн. 572 миң ар түрдүү бак-дарактардын көчөттөрү отургузулганын, а 2024-жылы республика боюнча 8,5 миллион көчөт отургузуу пландалып жатканын айткан. Буга улай ал отургузулган бак-дарактардын 60-70 пайызы тамыр алып жатканын, куурап өспөй калгандарын жыл сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар жаңысына алмаштырып турарын билдирген.
Жогоруда айтылган кампаниянын башталышы да, жылыга миллиондогон бак-дарактардын отургузулганы да албетте жакшы саамалык. Себеби, бак-дарактар биринчиден, абаны тазалайт, экинчиден, айлана-чөйрөгө көрк берип, жер астындагы нымдуулукту кармайт жана сел, жер көчкү коркунучтарын азайтат. Бирок, көчөттөрдү отургузганга жараша аны мезгил-мезгили менен сугарып туруш керек. Тилекке каршы, Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын дээрлик бардыгында арык менен келе турган сугат суу жок болгондуктан эл көп жылдардан бери ичүүчү суу менен бак-дарактарды сугарып келе жатат. Ошол себептен саналуу жылдарда жаңы конуштар жашылданып, декоративдүү, мөмө жемиш бактары көбөйүп калган. Эки жылдан бери “Бишкек суу канал” мекемеси бишкектиктерге бак-дарактарды, тамаркаларын сугарууга тыюу салгандыктан учурда карапайым эл эмне кыларын билбей турат. Сугаралы десе аталган мекеме кызматкерлери текшерип айып пул салышат, сугарбайлы десе көп жылдык мээнет менен өстүргөн бак-дарактар куурап калганы жатат. Андыктан, “Бишкек суу канал” ишканасы элди “Өйдө тартсам өгүз өлөт, ылдый тартсам араба сынат кылбай” сууга чектөө киргизүүдөн мурун сугат суу маселесин чечип бериши керек. Антпесе, бир-эки жылдын ичинде эле Бишкек жана анын айланасындагы жаңы конуштар чаң учкан жарым чөлгө айланары анык. Сугат суу болбосо “Жашыл мурас” кампаниясынын алкагында жылыга мынча миллион бак-дарак отургуздук” деп жар сала берүүнүн да кажети жок.
Чектөө да, сугат суу да керек
Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө “Бишкек суу каналдын” карамагында жалпы 334 суу скважинасы бар. Анын 40 пайызы резервде кармалып жайкы сезондо скважиналар 99 пайыз ишке кирет. “Ошого карабай абоненттердин айрымдары ичүүчү сууну күнү-түнү үнөмсүз колдонгондуктан жайында суу элге текши жетпей калып жатат. Айрым жарандар муну туура түшүнүп, ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланышат. Мындай жагдайды эске алуу менен биз элге альтернативдүү вариант сунуштап жатабыз. Мисалы, суу эсептегичи орнотулган абоненттерге түнкү саат 00.00дөн таңкы сатт 05.00гө чейин сугарууга уруксат берүү” делет мэриянын ЖМКларга берген билдирүүсүндө. Албетте, түнкүсүн сууну колдонуу азайгандыктан бир жагынан бул вариант дагы жакшы. Бирок, таңдан кечке иштеген адам түнкүсүн сугат сугарса, эртеси кантип ишке чыгат деген маселе бар. Бул жагын да мэрия эске алышы кажет.
Экинчи жагынан алып караганда Бишкек мэриясы менен “Бишкек суу канал” ишканасынын таза сууга чектөө киргизүү аракети аргасыздык экенин түшүнсөк да болот. Себеби, мэриянын билдирүүсүндө келтирилгендей шаар ичинде, ошол эле жаңы конуштарда сууну ашыкча ысырап кылгандар да арбын. Буга жөнөкөй эле мисал, идиш аяк, унаа жууганда, огород сугарууда жана башка тиричилик жумуштарында сууну сааттап ачык таштагандар да көп. Алардын кесепетинен жайкысын суу элге текши жетпей, айрым шаар участокторундагы адамдарга ичүүгө суу табылбай калган учурлар бар. Бул жагынан алганда суу түтүктөрүнө суу эсептегичтерин орнотуу туура. Бирок, суу эсептегичтерин орнотуу менен бирге шаар бийлиги сугат суу болбосо бак-дарактар куурарын да эстен чыгарбашы керек. А бак-дарак болбогон жерде таза экология да, таза ден соолук да болбойт.
Экологдор эмне дейт?
Экологдордун айтымында, Бишкек шаарында, жаңы конуштарда ичүүчү суу, сугат суу маселесин таза сууну сугатка, унаа, короо жууганга, бассейндерге толтурууга тыюу салуу менен толук чечүүгө мүмкүн эмес. Таза суу элге толук жетиш үчүн алгач Бишкектеги ирригациялык системаны заманбап кылып оңдоп, жер астындагы септиктердеги биологиялык жол менен зыянсыздандырылган сууларды курулушка пайдалануу жагын колго алуу туура болорун айтышат алар. Ошондой эле экологдор тамчылатып сугаруу, жаан-чачын сууларын чогултуу технологиясын калк ичинде кеңири жайылтуу керектигин да сунуш кылышууда. Бир караганда бул жакынкы жылдарда ишке ашышы мүмкүн эместей сезилет. Бирок, Жер планетасында жылдан жылга климат өзгөрүп, ичүүчү таза суу тартыштыгы орчундуу маселеге айлана баштаганын эске алганда сууну рационалдуу пайдаланууну азыртадан өздөштүрө башташыбыз керек. “Суунун да сурагы бар” дегендей, азыркыдай ичүүчү сууну дааратканага, унаа жууганга, курулушка, килем, палас жууганга колдоно берсек кийин ичкенге суу таппай калышыбыз да ыктымал. Себеби, жылдан жылга Кыргызстанда калктын саны менен бирге эле чакан, орто ишканалар, ар түрдүү техникалар, автоунаалар да көбөйүп келе жатат. Анын баарына суу керек. Анын үстүнө глобалдык жылуулуктан улам тоо башындагы мөңгүлөрүбүз кыскарып бара жатканы да байма-бай айтылууда.
Сууну кантип үнөмдөсөк болот?
Шаардыктар, шаар четиндеги жаңы конуш тургундары жайкысын суу тартыштыгын айтып нааразы болобуз. Бирок, ошол эле кезде сууну үнөмдөө, сарамжалдуу пайдаланууну негедир ойлонбойбуз. А чынында күнүмдүк турмуш тиричиликте сууну үнөмдөөнүн эң оңой жолдору бар. Мисалы, ваннага суу толтуруп жуунбай жайкысын душ кабыл алсак суу бир топ үнөм болот. Ооз, тишти, идиш-аяктарды жууп жатканда сууну тынымсыз агыза бербесек, кир жуучу машинага жуулчу кийимдерди максималдык көрсөткүчтө салып жуусак да сууну кыйла үнөмдөгөн болобуз. (Тилекке каршы, азыр эки көйнөк салып деле кир жуучу машинаны иштете бергендер абдан көп). Ошондой эле сууну аз коё бере турган унитаздарды колдонууну, жаан сууларын атайын идиштерге толтуруп сугатка пайдаланууну да азыртадан колго алышыбыз керек. Мындан сырткары колду тоскондо гана суу бере турган инфракызыл датчиктери бар суу крандарын колдонуу сууну үнөмдөгөнгө чоң өбөлгө болот. Мунун баарын балдардан мурун акыл-эси жетиккен чоң адамдар адатка айландырып, аны кайра өспүрүмдөрдүн аң-сезимине сиңиришибиз керек. Ата-бабаларыбыз бекеринен “Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор” деп айтпаса керек. Анын сыңарындай биз кыргызстандыктар качан сууну үнөмдөгөндү, сыйлаганды үйрөнгөндө гана суу баарыбызга текши жетерин унутпасак.
Эл өкүлдөрүнө эки ача суроо
“Бишкек суу канал” ишканасынын кызматкерлери учурда мектеп, бала бакчаларды да текшерип белгиленген лимиттен ашык суу пайдаланбагыла деген эскертүүлөрдү берип жатышат. Мектеп территориялары чоң аянтты ээлегендиктен жана ал жерлерде түрдүү бак-дарактар өскөндүктөн мектептер ар жылы лимиттен ашык суу пайдаланууга аргасыз. “Бизге тиешелүү кызматтар сууну лимиттен ашырбагыла деп жатышат. Бирок, мектептин алдындагы бактарды сугарып бүтө албай жатсак артындагы бак-дарактар куурап кетип жатат. Айла жок бактарды тынымсыз сугарып жатабыз. Себеби, бак-дарак, гүл бакчаларсыз мектеп кунарсыз, көрксүз болуп калат. Анын үстүнө бак-дарактар окуучулардын саламаттыгына өтө пайдалуу. Кыскасы, былтыр, быйыл сууну лимиттен ашык эле пайдаланганга аргасыз болдук” дейт Бишкек шаарындагы №86 Калыс-Ордо мектебинин директору Гүлжамал Мадамилова.
Директор айткандай, ар бир мектеп, бала бакчада бак-дарактар бар жана бак-дарак, гүлдөрсүз мындай мекемелер таптакыр эле көрксүз болуп калат. Бул маселени да азырынча мэрия, “Бишкек суу канал” өзү кандай чечишти билбей турат. Бир жагынан мектеп, бала бакчаларга мамлекеттик “Жашыл Мурас” кампаниясынын алкагында бак-дарактарды көбөйтүү милдеттемеси коюлган. Ошондо мектеп, бала бакча сыяктуу муниципалдык, билим берүү мекемелери эмне кылышы керек деген суроо туулат.
Кызыгы, борбордо сугат суу, ичүүчү суу негизги көйгөй болуп жатса Бишкек шаардык кеңешинде, Жогорку Кеңеште да бул боюнча үн каткан депутат көрүнбөйт. Ал арада Бишкектин айрым жерлериндеги бактар, бакчалар куурап баратат.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”