Акыркы жылдарда УКМК тарабынан сот системасындагы көптөгөн коррупциялык схемалардын бети ачылып, коомчулукка төбө чачты тик тургуза турган фактылар белгилүү болуп жатат.
Андай чуулгандуу иштердин бири катары мындан 2-3 жыл мурда бети ачылган Ысык-Көл облусундагы «Аврора плюс» пансионатынын аймагындагы мурда улутташтырылган мүлктөрдү, тагыраак айтканда, коттедждерди жана батирлерди мыйзамсыз алуу жана легалдаштыруу фактысын айтсак болот. Бул факты боюнча кылмыш ишин иликтөөгө алган учурда көп нерселер калкып чыккан.
Коомчулукка белгилүү болгондой, 2010-жылдын 25-майында Убактылуу өкмөттүн декрети менен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы «Ысык-Көл-Аврора» санаториясынын аймагында жайгашкан 10 гектар анда курулган 97 кыймылсыз мүлк менен бирге мамлекетке өткөн жана менчиктештирилген.
Бирок да, кийин бул объектилер үч инстанциядагы соттордун адилетсиз чечимдеринен улам мамлекеттин менчигинен чыгарылган. Адатта мындай иштер жөн-жай эле жасала бербейт эмеспи. Териштирүүлөрдүн жүрүшүндө соттор «Аврора плюс» конушундагы кымбат баалуу коттедждерди жана батирлерди, ошондой эле өзгөчө ири суммадагы акчаны кызыкдар адамдардан пара түрүндө алышканы аныкталган.
Улутташтырылган мүлктү мамлекеттин менчигинен чыгарууга жардам кылгандыгы үчүн “энчи” алуудан Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары да четте калбастан, алар да олчойгон пара алышканы ачыкталган.
Натыйжада мамлекеттик чиновниктердин жана соттордун “май кармаган бармагын жалайтынан” мамлекетке 500 миллион сом зыян келтирилгени белгилүү болгон.
УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде Башкы прокуратура Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Д.Ф.З.га, Жогорку Соттун төрагасынын экс-орун басары С.Э.Э.ге, Жогорку соттун судьялары А.Н.М., О.К.Т.га жана Бишкек шаардык райондор аралык соттун экс-төрагасы К.К.Ж.га коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
“Кыңыр иш кырк жылда” дейт. Мамлекеттин укуругу узун. Бүгүн болбосоң, эртең тутуласың. Кызматыңан айрыласың, эл караган бетиң жер карайт. Өзүң эле жер карасаң мейли, балдарың да башка балдардын алдында корунуп, кысынат.
Арийне, минтип сот тармагындагы коррупциялык схемалардын, коррупциялык иштердин бети ачылып, мыйзамсыз байыган, пара алышкан судьялар кармалып, четинен кусуп, асты абакка кесилип жатса да, ажыдаардын бир башын кесип салсаң, анын ордуна эки баш өсүп калгандай, кызмат абалынан кыянат пайдаланган судьялардын мыйзамдан да, Кудайдан да коркпогону таң калтырат.
Жаңы мисалдардан айтсак, 4-июлда УКМК кызматкерлери тарабынан актоо үчүн оболу 10 миң доллар сурап, соттолуучу макул болбогон соң, 6 миң долларга келишип, алган акчаны өз ара бөлүп алышкан Чүй облусунун эки судьясы кармалды. Кармалган учурда бири кызматтык автомашинасын айдай качып, авария болгону айтылууда.
Эми бул иштин чоо-жайы териштирилип, судьялар акталып чыгабы же жазасын алышабы, аны убакыт көрсөтөр. Бизди таң калтырганы сот чыгарган чечимдер базардагы соода кылган чечимге айланганы. Аргасыз “мындай чечимдер бүтүндөй сот системасына көлөкө түшүрүп, кадыр-баркына, беделине шек келтире турганын паракор судьялар түшүнөт болду бекен?” деген ойго келесиң.
Ушундан улам, УКМКнын төрагасы К.Ташиевдин былтыр ноябрь айында УКМКнын Балыкчыдагы бөлүмүнүн жаңы имаратын ачып жатып, 2023-жылы мыйзамсыз иштерди жасаган беш судья кармалганын, ал эми биздин өлкөдө 500 судья бар экенин, алар ай сайын миңдеген чечимдерди кабыл аларын, айрым чечимдердин тагдыры пара аркылуу чечиле турганын айтканы эсибизге түшөт.
Эске салсак, өткөн жылы сентябрда Бишкек шаардык сотунун судьясы Назгүл Илиязова 5 миң доллар, октябрда Ленин райондук сотунун судьясы Нурлан Кенжебаев 2 миң доллар талап кылып кармалса, Свердлов районунун судьясы Акылбек Адимов жардамчысы жана катчысынын жардамы менен ири өлчөмдөгү пара алууга шектелип кармалган. Быйыл 21-мартта Свердлов райондук сотунун судьясы Алма Кадыркулова 12 миң доллар пара үчүн кармалган.
Мамлекет акыркы жылдарда судьялар пара албай, таза иштесин үчүн, алардын айлыгын да жогорулатып, пенсиясын да көтөрүп, колдон келген камкордукка алып жатат. Бирок, болбой эле айрым судьялар пара алуу менен шугулданып, мамлекеттин тузуна арам санаганы ойлонтпой койбойт.
Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”