Четверг, 26 декабря, 2024
-10.9 C
Бишкек

Арманы арылбаган Арча-Бешик

Бишкектин түштүк-батышындагы Арча-Бешик конушу – шаардагы жаңы конуштардын эң ириси жана эң “эскиси”. “Эскиси” дегенибиз, Арча-Бешиктин түптөлгөнүнө 34 жылга чукулдап калды. “Ириси” дегенибиз учурда анда 60 миң киши жашайт.

Минтип 34 жаз, 34 кышты башынан кечирип, 60 миң киши жашаганы менен Арча-Бешиктин багы ачылбай койду. Арча-Бешикке келгенде төрөлгөн ымыркайлардын алды 34 жашка чыгып, алардын алдынын балдары 16-17ге келди. Буюрса, бүгүн-эртең үйлөнүп, балалуу-чакалуу болушат. Бирок, тилекке каршы, 34 жыл ичинде ырымга бир да муниципалдык бала бакча курулган жок. Дагы деле курула турган жышаана көрүнбөйт. Муну түшүнүү да, түшүндүрүү да кыйын? Же 60 миң киши жашаган Арча-Бешикте төрөлүү, өсүү жокпу? Биздин балдар үйлөнбөйбү? Арийне, Арча-Бешикте деле үйлөнүп жатат, андыктан бизге да муниципалдык бала бакча керек. Бир эмес, бир нече бала бакча керек.

34 жыл ичинде Бишкекте 18 мэр алмашты. Ушулардын бирөө-жарымы гана шаарда Арча-Бешик деген конуш бар экенин билбесе, калганы түшүнүгү да жок кетти окшойт. Биз булардын дээрлик баарына Арча-Бешикке муниципалдык бала бакча куруу сунушу менен кайрылдык. Бирок бирөөнөн да оңдуу жооп ала алган жокпуз. Бул бир.

Арча-Бешиктеги экинчи чоң көйгөй таштанды чыгаруу маселеси. Биздин конуш жаңы отурукташа баштаган учурда шаардын “Тазалык” кызматынын эсебинде жок болгондуктан, конуш тургундары таштандыларды огородунун бир бурчуна аң казып, ошол жакка таштап, толгондо аны көөмп, жаңысын казып келишкен. Натыйжада, Арча-Бешикти келемиш каптап, кай бир учурда үйлөргө чейин кирип кеткен, бешикте уктап жаткан ымыркайларга кол салган учурлары болгон. Мындан улам, конуш тургундары улам-улам мэрияга кайрылып жатып, 2005-жылдардан “Тазалык” кызматы көчөмө көчө кирип, таштандыларды ташый баштаган.

Кийин таштанды чыгаруу улам жакшырып, Чортеков көчөсүнүн боюна таштанды челектер коюлду. Мурда таштандыларды бир жумада бир чыгарсак, эми күн сайын чыгара турган болуп калдык. Ошентип, Арча-Бешикте таштанды чыгаруу маселеси жолго коюлуп, келемиштерден арылганыбызга 10 жылдын ары жак, бери жагы болгон.

Анан эле быйыл июнь айынын аягында “Маленков берген байталды, Хрущев келип кайта алды” болуп, мэрия Чортеков көчөсүнүн боюндагы таштанды челектерди алып салды. Бул жагдай конуштун тургундарынын арасында нааразычылык жаратууда.

Албетте, мэрия “Тазалыктын” машиналары бир жумада бир көчө-көчөгө кирип, таштандыларды чыгарып кетерин айтып убада кылышууда. Ага деле болуптур дейли. Бирок бул алдыга кетүүбү же артка кетүүбү? Албетте, артка…

Арча-Бешик 25-30 жыл дегенде Чортеков көчөсүнүн боюндагы таштанды челектерге жетсе, анан аны бир күндө мэрия алып салса, бул артка кетүү болбогондо эмне?

“Тазалык” кызматкерлеринен сурасак, Арча-Бешикке Орок айылынан апкелип, таштанды челектерди толтуруп салгандыктан, таштанды челектерди алып салышып жатыптыр. Аргасыз, күлөрүңдү же ыйларыңды билбей, дендароо абалда каласың?

Ороктуктар апкелип, таштанды таштаса бир-эки таштанды челек толо тургандай таштанды таштаар, алар Арча-Бешиктин баш-аягындагы таштанды челектерди толтурушканчалык таштанды ташымак беле? Бул эмне деген чолок түшүнүк?

Экинчиден, ороктуктар Кыргызстандан эмес, башка мамлекеттенби? Эмнеге мэрия аларга кыйды көз менен карайт. Орок айылынан 5-6 киши таштанды апкелип, Арча-Бешиктеги таштанды челекке төгөт экен деп, бүтүндөй конуштагы таштанды челектерди алып салуунун кандай кажети бар эле?

Бир мезгилде, “Тазалык” Арча-Бешикке каттабаган маалда, биз деле Жалдагы же шаар ичиндеги таштанды челектерге алпарып таштанды төкчүбүз. Мунун эмнеси бар?

Айтор, мэрия өзүнүн бул чечими менен маселе чечпестен эле маселе жаратып койду. 5-6 жылдан бери күн сайын таштанды чыгарып, келемиштерден арылып калды элек. Эми үй-үйгө бир жумалык таштандыбызды үйө баштасак, эртең эле Арча-Бешикти келемиш каптабайт деп кепилдик барбы?

Кокус келемиш каптап, жугуштуу оорулар таралса, бул үчүн ким жооп берет? Мэриябы, же “Тазалыкпы”? Же экөө да бири-бирине шылтап кутулуп, азабын эл тартабы?

Б.БЕЙШЕБАЕВ,
Бишкек шаары

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар