Адатта тарых – тарыхый окуялар, булактар, тарыхый баатырлар, кылымдарды карыткан баалуу курулуштар, ооздон оозго өтүп айтылып келе жаткан “Манас” эпосу сыяктуу элдик оозеки чыгармалар, санжыралар, илимий изилдөөлөр жана албетте, тарыхый эстеликтер, күмбөздөр, жер аталыштары менен тарых болот. Буларсыз, тарых жаратуу, ойлоп табуу эч мүмкүн эмес. Муну менен айтайын дегеним, акыркы жылдарда кыргыз тарыхын ар ким дараметине, мүмкүнчүлүгүнө жараша изилдеп, айрымдары китептерди да жазып жатышат. Ошол эле руханий башатыбыз болгон “Манас” эпосу боюнча ар кыл изилдөөлөр болуп, Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону бир топ китептер чыгып, эстеликтер да тургузулду. Бул албетте, жакшы саамалык. Бирок, ошол Манас бабабыздын эң жакын кеңешчиси, манасчыларыбыз “Катагандын кан Кошой”, “калк атасы”, “олуя”, “даанышман”, “элдин уюткусу”, “акылман”, “батасы журтту байыткан” деп сыпаттаган Кошой бабабыз тууралуу татыктуу китеп жазылып, эл, келечек муун таасир ала тургандай эстелик тургузулбай келе жатканы өкүндүрөт.
Кошой – кыргыз журтунун эл уюткусу
2019-жылы “Спутник” сайтына бел-гилүү жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы Абдыкерим Муратовдун “Батасын алган аялдар төрөгөн. “Манас” эпосундагы Кошой тууралуу 12 факты” деген макаласы жарык көргөн. Анда автор кыргыздар тышкы душмандардын тынымсыз чабуулдарына туруштук бере албай бири Тереңге, бири Эренге, бири Алтайга, бири Каңгайга, дагы бири Букар менен Самарканга кетип, топондой тозуп чачылганда Ала-Тоо жеринде бир гана Кошой калганын жазат. “Ал Ат-Башынын Чеч-Дөбө деген ордосун мекендеп, эбегейсиз күчү, ченемсиз балбандыгы, айла-амалы менен душмандарга жерин алдырбайт, элин жер каратпайт. Эч жакка көчпөйт жана ушунусу менен ал качандыр бир тозгон кыргыздан баатырлар чыгып, эл ар жактан убап-чубап келе баштаганда аларды өксүтпөй, алдынан тосуп чыгамын деген ишеним менен жашайт” делет аталган макалада. Бул жерде Кошой бабабыздын кезинде өз башын, бир ууч элин коргоп башка жакка ооп кетпегени баса белгиленип жатат. Демек, манасчыларыбыз сүрөттөгөндөй Кошой кыргыз журтунун анык баатыры, даанышманы, эл уюткусу, акылманы, коргоочусу болуп жатат. Андыктан ал тууралуу дагы көптөгөн тарыхый изилдөөлөр жүргүзүлүп, анын негизинде илимий, көркөм макалалар, китептер жазылып, кыргыз окурмандарына кеңири таркатылышы керек. Ошол эле А.Муратовдун макаласында көрсөтүлгөн Ат-Башыдагы Кошойдун Кара-Тоосу, Кошой-Коргон, Таластагы Үч-Кошой суусу, Кошой-Тоо суусу жөнүндө кеңири изилдөөлөр жүргүзүлүп, алардын эмне үчүн мындай аталып калганын келечек муунга ачыктап, тактап берүү биздин милдетибиз. Быйылкы Кыргыз мамлекетинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгында муну тарыхчылар, жергиликтүү мамлекеттик органдар, мекенчил ишкерлер эске алуулары керек. Биз Кошой бабабызды даңазалоо менен элдин биримдигин, жаштардын мекенчилдигин гана бекемдейбиз.
Чыккынчылык кылбаган чыныгы дос
Жогоруда айтылган ушул эле макалада Кошойдун эрдиги тууралуу “Муну Саякбай Каралаев мындай белгилейт: “Жети өзөндөй кайран жер, эби менен жер кылып, жети өзөндө кыргызды, эптеп жүрүп эл кылып, кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган”. Ал душмандарга багынып берип, салык төлөп гана тынч жашабайт, алар менен тынымсыз согушуп турат. Бир топ баатырларын, аярларын, хандарын, аскерлерин талкалап, кыргыздардын чегин күн чыгышынан да, күн батышынан да улам кеңейтип отурат” деп жазылган. Бул жерде Кошой бабабыздын жөн эле өз жерин коруп отура бербей, кыргыз элинин башын бириктирип, кыргыз жерин кеңейтүүнү максат кылганын көрүп жатабыз. Демек, Кошой бабабыз мекенчилдиктин, баатырдыктын чыныгы символу.
Эске салсак, 2023-жылы 4-декабрда Президент Садыр Жапаров кыргыз элин “Манас” эпосунун күнү менен куттуктап жатып эпос улуттук идеологиянын башаты экендигин баса белгилеген. Ага улай “Кызыл байрагыбыз, гербибиз жана гимнибиз мамлекеттин символдору болсо, “Манас” эпосу – улуттук иденттүүлүктүн символу. Кылымдар кыйырын кырча басып келаткан түптүү кыргыз журтунун элдүүлүгү, биримдиги улуу “Манас” дастанында кашкая таасын айтылган. Ал эми көп этнос-туу Кыргызстандын улуттук идеологиясынын башаты дал ушул улуу биримдиктен угут алат”, -деген эле президент. “Манас” эпосу улуттук идеологиянын башаты, улуттук иденттүүлүктүн символу болсо, Кошой ошол эпостогу бирден бир негизги каарман болуп жатат. Манас менен Кошойдун мамилеси, достугу өмүрлөрү өткүчө уланып, Кошой бир да жолу Манасты ара жолго таштап кетпей жанында болот. Ал Мекенге кандай берилсе, достукка да ошондой бекем болгону айгинеленип турат. Тагыраак айтканда, Кошой – элди ынтымакташтыруучунун, чыныгы достун үлгүсү. Азыркы бийликке, мансапка, байлыкка карап адамдар миң өзгөргөн заманда өлкө башчыбызга Кошой бабабыздай туруктуу дос, кеңешчи аба, суудай керек. Муну да улуттук идеологиябыздын уңгусун ар нерседен издегендер эске алуулары зарыл.
Кокту баатырларына эмес, Кошойго эстелик тургузалы
Кошойду манасчылар ар кандай сүрөттөп айтып келишет. Маркум Уркаш Мамбеталиевдин “Манасында” ал “Алагар көзү чолпондой, ай кулагы калкандай, бурулуп чыккан муруту, өтөккө чыккан чалкандай, эки ийини дардайып, төрт-төрттөн балбан конгондой, ай-ааламды соргондой, эки далы ортосу кой жайылган талаадай, эки көздүн кычыгы, ачып алган ороодой, эки мурун таноосу, капчыгай тоонун бородой” деп сыпатталат. Демек, ал балбан, алп киши болгон.
Көкөтөйдүн ашында, чоңдугу тоонун теңиндей, эки бетин караса, эки даңгыт тойгондой, көзү казган ородой, колу кырк жылдык чынардай, кашы комдонуп жаткан кара иттей, төш жайыгы тоонун керисиндей, аркасы ат жарышчу талаадай, бир күндө жеген ашы тогуз бука, тогуз кочкор, тогуз айгыр эти, ичкени токсон саба кымыз Жолой балбанга кыргыз тараптан эч ким чыга албай калат. Аны менен күрөшүүдө Манас өзү тайсалдайт. Ошондо кыргыз намысы үчүн карыганына карабай Кошой Жолой менен алты күн, алты түн күрөшүп акыры аны жеңип жатат. Бул жерде Кошой бабабыз кыргыз улутунун намысы үчүн тобокелчиликке барганы түшүнүктүү. Ал алп болгондуктан Каныкей он эки жыл узданып ага кандагай шым тиктирип берип, бабасынын батасын алып Семетей боюна бүтөт. Бул жерде Кошой намыстуу, балбан, батасы кабыл болгон, тайманбас аксакал, карыя катары сүрөттөлүп жатат. Аксакалдарыбыз калыстыктан тайып, мансаптуунун, байлардын сөзүн сүйлөп калган заманда Кошой бабабызды даңазалоо, анын аксакалдык жакшы мыкты сапаттарын жайылтуу улуттук идеологиянын бир өңүрү болушу керек.
Сүрөтчү Т.Герцен Жолойго күрөшкө чыкканы жаткан Кошойду эң элестүү, бир көргөндө кыргыз канын дүргүтө тургандай, кыргыз канындагы мекенчилдикти ойгото тургандай кылып тарткан. Мына так ошол сүрөттүн негизинде Кошой бабабыздын эстелигин борборубуз Бишкекке же болбосо Ат-Башыдагы Кошой-Коргондун, же Чеч-Дөбөнүн жанына Монголиядагы Чыңгыз хандын эстелигиндей (бийиктиги постаменти менен 50 метр, 13 кабат үйдүн бийиктигиндей) кылып тургузсак жарашпайбы?! Эң сонун жарашмак. Учурда Ат-Башынын Ак-Сай, Көл-Суу, Көл-Төрүнө жылыга жүздөгөн чет өлкөлүк туристтер каттап жатат. Эгер Кошой бабабыздын эстелиги мен айткандай көлөмдө тургузулса биринчиден, ал улут сыймыгы, улут тарыхы болмок. Экинчиден, ал ички, сырткы туристтерди тарта турган бирден бир ажайып жайга айланмак. Үчүнчүдөн, бул кыргызды азыр да ичинен иритүүгө далалат кылып жаткан кастарга сүр да болмок. Муну Ат-Башы жергесинен чыккан мыкты чыкмалар, ишкерлер ынтымакташып жасап койсо да болот. Ал үчүн чечкиндүүлүк гана керек.
Чын-чынына келсек, Ат-Башыдагы аттын башынын эстелигине деле 25 миң доллар сарпталыптыр. Кыргызстандын ар кайсы жерине кокту-колот баатырларынын деле эстеликтери тургузулуп жатат. Менимче, антип майдалана бербей тургузганга жараша журт атасы, эл уюткусу – Кошой бабабызга эстелик тургузсак тарыхый маанилүү окуя, иш болмок. Кудайга шүгүр, азыр Кошой бабабыздын сүрөтүн Теодор Герценден кем эмес тарткан сүрөтчүлөрүбүз, айкелди адамдын тирүү кезиндегидей жасаган таланттуу скульпторлорубуз да жок эмес.
Чыңгызхан статуясы – чыныгы туристтик борбор
Чыңгызхан демекчи, бийиктиги 50 метр, 250 тонна дат баспаган темир менен капталган Чыңгыз хандын статуясы учурда Монголиянын дүйнө эли суктанган туристтик борбору.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”